Аймак

ЖКККББ: ЖАҢЫ ЖЫЛ УЧУРУНДА АВТОБЕКЕТТЕГИ АЙДООЧУЛАРГА ЖОЛ КИРЕ АКЫСЫН ӨЗ АЛДЫНЧА КӨТӨРҮҮГӨ ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ

ЖКККББ: ЖАҢЫ ЖЫЛ УЧУРУНДА АВТОБЕКЕТТЕГИ АЙДООЧУЛАРГА ЖОЛ КИРЕ АКЫСЫН ӨЗ АЛДЫНЧА КӨТӨРҮҮГӨ ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ

 750 Бардыгы /

БИШКЕК. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Азамат Исраиловдун жетектөөсү менен жер-жерлердеги ЖКККБнын башчыларынын катышуусу менен жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана келе жаткан жаңы жыл учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле  автобекеттердеги  алыскы аймактарга каттаган айдоочулар менен иштешүү багытында онлайн кеңешме өткөрүлдү.
ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, Онлайн кеңешмеде  ЖКККББнын жетекчиси  Азамат Исраилов жалпы жол унаа кырсыктарын алдын алуу, жаңы жылдык майрам күндөрү  жогорку окуу жайдын студенттери каникулга чыгышып, айылдарына барып, автобекеттерде  алыскы аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдүн саны көбөйүп, ал эми аларды ташыган такси айдоочулары ошол учурдан  пайдаланып, жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алуулары ыктымалдыгын айтып, андай фактыларга жол бербөө жана жаңы жыл күндөрү жүргүнчүлөдү ташуу үчүн кошумча коомдук транспортторду даярдоо тапшырмаларын койду.
Мындан сырткары жаңы жылга карата жарандардын коопсуздугу үчүн, спирт ичимдигин ичип алып, ар кандай укук бузууларга жол бербөө максатында жер-жерлерде рейддик иш-чараларды уюштуруу тапшырмаларын коюп, бул күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып бараарын белгиледи.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17