Аймак

ЭАУда БАЛДАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

ЭАУда БАЛДАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

 1,896 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 25-26-декабрь күндөрү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) университеттин кызматкерлеринин балдары жана ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн жаңы жылдык балаты өткөрүлдү.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

билдиргендей, кызматкерлердин балдары үчүн жаңы жылдык балаты ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору жана Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад областык драма театрынын артисттери тарабынан уюштурулду. Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин окуучулары үчүн жаңы жылдык балаты лицейдин дирекциясы жана ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюштурулган. Майрамдык иш-чаралар абдан шаңдуу жана кызыктуу өттү, буга жомоктогу каармандар, кооз балатынын айланасында оюн-зооктор жана бийлер негиз болду.  Балатыга келген балдардын баары көңүлдөрү шат кайтышты.

Кошумчалап кетсек, ЭАУ студенттери үчүн окуу жайдын Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан “Кышкы бал” бий кечеси 21-декабрда өткөрүлгөн.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17