Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
748 Бардыгы / Кыргызстандагы тоолордогу биотүрдүүлүктүн сакталышы жана аларды коргоо максатында “Орчун” коомдук бирикмеси алгылыктуу иштерди алып барып жатышат. Аталган коомдук бирикмеде 24 түтүн бар. Анын жетекчиси Ашим Чатаевдин биотүрдүүлүк боюнча маегин сунуштайбыз. -Биздин долбоор Сейрек кездешүүчү жаныбарларды жана уникалдуу жаратылыш аймактарын сактоо программасынын алкагында “Борбордук Азиянын тоолуу аймагындагы биологиялык ар түрдүүлүктүн очогу” аталышындагы Борбордук Азиядагы […]
749 Бардыгы / Кыргызстандагы тоолордогу биотүрдүүлүктүн сакталышы жана аларды коргоо максатында “Орчун” коомдук бирикмеси алгылыктуу иштерди алып барып жатышат. Аталган коомдук бирикмеде 24 түтүн бар. Анын жетекчиси Ашим Чатаевдин биотүрдүүлүк боюнча маегин сунуштайбыз. -Биздин долбоор Сейрек кездешүүчү жаныбарларды жана уникалдуу жаратылыш аймактарын сактоо программасынын алкагында “Борбордук Азиянын тоолуу аймагындагы биологиялык ар түрдүүлүктүн очогу” аталышындагы Борбордук Азиядагы […]
БЕКЕР КӨЧӨТ АЛЫП, БАК ТИК
26.12.2023 / Автор anarkan_kg

750 Бардыгы /
Кыргызстандагы тоолордогу биотүрдүүлүктүн сакталышы жана аларды коргоо максатында “Орчун” коомдук бирикмеси алгылыктуу иштерди алып барып жатышат. Аталган коомдук бирикмеде 24 түтүн бар. Анын жетекчиси Ашим Чатаевдин биотүрдүүлүк боюнча маегин сунуштайбыз.


-Биздин долбоор Сейрек кездешүүчү жаныбарларды жана уникалдуу жаратылыш аймактарын сактоо программасынын алкагында “Борбордук Азиянын тоолуу аймагындагы биологиялык ар түрдүүлүктүн очогу” аталышындагы Борбордук Азиядагы WWF программасы менен координацияланып, Биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги аймактарын сактоо боюнча өнөктөштүк фонду (CEPF) тарабынан каржыланат. Булар Франция өнүктүрүү агенттиги, Эл аралык жаратылышты коргоо уюму, Европа Биримдиги, Глобалдык экологиялык фонд, Япония өкмөтү жана Дүйнөлүк банктын биргелешкен демилгеси. Фонддун негизги максаттарынын бири биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жарандык коомдун катышуусун камсыздоо болуп саналат. “Орчун” коомдук бирикмеси аталган долбоор менен иш алып барууда.
Биотүрдүүлүк боюнча Кара-Кулжа районунда Тар дарыясынын жээгинде 6 айыл өкмөтү менен иш алып бардык. Алар: Ылай-Талаа, Чалма, Капчыгай, Ой-Тал, Кызыл-Жар жана Алайкуу айыл өкмөттөрү. Аталган айыл өкмөттөрдө биотүрдүүлүктү сактоо боюнча окуу семинарларды өткөрдүк. Анткени жайыттар тар болуп мал көбөйүп, көп чөптүн түрлөрү жок болуп кетип жатат. Экинчи чоң глобалдуу темабыз – Тар дарыясынын тазалыгы. Азыр биз жаздан баштап эле атайын адис экологдорду, атай кетсем Гамал Сооронкуловду, Влад Ушаков деген сүрөтчү бар ошолорду чакырып, алардын жардамы менен айыл өкмөттөгү тургундар тарабынан Тар дарыясынын жээгиндеги сууга ташталган таштандыларды дрон аркылуу тартып, атайын материал даярдадык. Бул аркылуу биз элге сууну таза сакташыбыз керек, ал биздин милдетибиз дегендей мааниде окуу семинарларды аталган айыл өкмөттөрдө өткөрдүк.
Мындан сырткары ошол эле биотүрдүүлүктү сактоо жана бактарды тигүү боюнча атайын “Орчун” коомдук бирикмеси аркылуу былтыркы жылы көчөт өстүрүү боюнча питомник уюштурдук. Ошол питомникте жаңгактын, бадам, кара өрүк жана жапайы алманын уруктарын өстүрүп, көчөттөрүн элге бекер таркатуу максатында иштерди алып барып жатабыз. “Орчун” коомдук бирикмесинин питомникти уюштуруу демилгесин КРдин Экология өнүктүрүү фонду каржылап берди. Бүгүнкү күндө 240 миң түп жаңгак көчөтү бар. Аталган көчөттөрдү Ала-Бука, Алай, Кара-Кулжа жана башка райондорунан бак эгүүгө кызыктар топтор алып кетип жатышат. Сузактан барышып 6000 түп көчөткө келишим түзүп кетишти. Ошол эле биотүрдүүлүктү сактоо, байытуу максатында “Орчун” коомдук бирикмеси Кара-Кулжа токой чарбасынан 70 гектар жерди узак мөөнөткө ижарага алып, көчөт тиге турган жерлердин казуу иштерин даярдап бүттүк. Жаз алды менен ошол жерлерге буйруса көчөттөрдү тигебиз.
Ошол көчөттөрдү алып тиге турган шарты бар, кызыктар адамдардын баарын чакырып, райондун администрациясына, айыл чарба министрлигине кат менен кайрылдык, бүгүнкү күндө бизге тизмелерди берип жатышат. Ошол тизмелер менен кайсыл айыл өкмөт, кайсы ишкана канча көчөт алат, ошолордун баарын тактап, жаз алдында бөлүштүргөнгө даярдык көрүп жатабыз. Булардын баары жаратылышты жакшыртуу максатында аткарылып жаткан иштер болуп саналат. Жер жерлерде семинар өткөргөндө жаратылышка кайдыгер эмес экоактивисттер биз менен кошулуп иш алып барышууда. Бүгүнкү күндө “Орчун” коомдук бирикмесинде 12 адам, б.а. 6 үй-бүлө питомникти иштетип жатышат.




Даярдаган: Арууке ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
-
23.09.2025 / Автор anarkan_kg “КЕЗЕКТЕГИ IV ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫ ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ” ЖАРЛЫККА КОЛ КОЮЛДУ
-
15.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда 1-КУРСТАРГА СТУДЕНТ НААМЫН ЫЙГАРУУ САЛТАНАТЫ ӨТТҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.