Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,141 Бардыгы / Ош облусундагы климаты кескин катаал Чоң-Алай районунун акими Темирболот АБЫКЕЕВ Кыргызстандагы эң бай Кара-Суу районунун акимдигине дайындалды. Жергиликтүү жетекчини жумушунда кармап, дароо эле кепке тарттык. Темирболот мырза, Сиз акыркы жылдарда климаты кескин катаал Чоң-Алай районунун жетектедиңиз. Деги бул аймакта – тоолуу өрөөндө эмне из – чоң-алайлыктар эскерип жүргүдөй эмгек калтырдыңыз? Чоң-Алай жергесинде27 обьектини […]
2,142 Бардыгы / Ош облусундагы климаты кескин катаал Чоң-Алай районунун акими Темирболот АБЫКЕЕВ Кыргызстандагы эң бай Кара-Суу районунун акимдигине дайындалды. Жергиликтүү жетекчини жумушунда кармап, дароо эле кепке тарттык. Темирболот мырза, Сиз акыркы жылдарда климаты кескин катаал Чоң-Алай районунун жетектедиңиз. Деги бул аймакта – тоолуу өрөөндө эмне из – чоң-алайлыктар эскерип жүргүдөй эмгек калтырдыңыз? Чоң-Алай жергесинде27 обьектини […]
Темирболот АБЫКЕЕВ: “ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВДИ ДАГЫЛЕ ҮЛГҮ ТУТАМ!”
25.01.2024 / Автор anarkan_kg2,143 Бардыгы /
Ош облусундагы климаты кескин катаал Чоң-Алай районунун акими Темирболот АБЫКЕЕВ Кыргызстандагы эң бай Кара-Суу районунун акимдигине дайындалды. Жергиликтүү жетекчини жумушунда кармап, дароо эле кепке тарттык.
- Темирболот мырза, Сиз акыркы жылдарда климаты кескин
катаал Чоң-Алай районунун жетектедиңиз. Деги бул аймакта – тоолуу өрөөндө эмне из – чоң-алайлыктар эскерип жүргүдөй эмгек калтырдыңыз?
- Чоң-Алай жергесинде27 обьектини сапаттуу бүтүрүп, анан гана
пайдаланууга тапшырдык. Албетте, бул опоңой жумуш эмес! Жергиликтүү калкты туруктуу дагы жумуш менен ошентип камсыз эттик. Эң башкысы: өтө бараандуу ЖБИ бетон заводун акыры ишке түшүрдүк. Ал эми мамлекеттик “Көмүр” ишканасынын өрөөндөгү филиалын дагы кыска аралыкта тикеледик. Мындайча айтканда, тоолуу өрөөндүн калкынын алдында менин жүзүм азыр жапжарык. Ушул тапта деле чолоом тийгенде чоң-алайлыктар менен байма-бай катташып гана турамын.
- Жалпыга дайын. Соңку тапта бир облуска тете Кара-Суу
районунун акимдери ат тезегин кургатпастан эле улам алмашылып жатпайбы. Бири уюшкан кылмыштуу топко өкүл аталык кылса, а экинчиси жосунсуз жоруктарга аралашкан аткаминерди Кыргызстандагы эң бай Сарай Айыл Өкмөтүнүн башчылыгына дайындап, бийликти маскара кылды. Сиз деле пендечилик кылып, булардын – мурунку акимдердин мыйзамсыз кылыктарын кайталабас бекенсиз?
- Жалпыга дайын. Албетте, кызматынын бошотулган акимдердин ишин
комментарийлегенге менин таптакыр акым жок! Бирок, канетсе дагы, мамлекет башчысы Садыр Жапаров чоң ишеним артып жаткан соң, эми мен бул кызматта камчы салдырбастан гана иштегенге катуу аракет кыламын.
- Тээтигил Совет доорунда Кара-Суу жергеси – пахтанын Мекени эле.
Ошол себептүү аймактан Социалисттик Эмгектин Баатырлары дагы көп чыккан. А түгүл Улуу Ата Мекендик согуш маалында кара-суулуктардын басымдуулугу эбегейсиз эрдиктерди көрсөтүшүп, Советтер Союзунун Баатыры наамына дагы арзышпадыбы. Тилекке каршы, Эгемендүүлүк жылдарында эмнеге Кара-Суудан Кыргыз Республикасынын Баатырлары чыкпай калышты.
- Албетте, бардыгын убакыт гана көрсөтөт. Ушул тапта кейип-кепчүүнүн
эч кандай кажети жок! Бирок, баатырлар чыккан жергеден дагыле Баатырлар төрөлөөрүнөн менин үмүтүм бдан чоң!
- Баса, Борбор Азиядагы эң эле ири Кара-Суу (Тураталы) базары
Сиздердин райондо жайланышкан. Бирок, аны ар кайсчыл ЖЧКлар ээлеп алышыптыр. Ошол себептүү соттошуп дагы жаттыңыздар эле. Ал жараян деле бүткөндүр? Деги бул иш акыры кимдин пайдасына жайгарылды?
- Ооба. Кара-Суу (Тураталы) базарында жалпы жонунан 34 чоң-кичине
субьект бар экен. Соттун чечими колубузда турат. Акыркы кезде Кара-Суунун базарына Мамлекеттик башкаруу системасы киргизилген. Эми буга мамлекеттик Мүлк фондус гана ээлик кылат. Дал ушул мекеме базардын ишин такай жана мыйзамдуу тескеп турат.
- Ушул тапта район акимдеринин укугу кеңейтилип, айыл өкмөт
башчыларын жана дагы райондук деңгээлдеги жетекчилерди өзүңүздөр гана дайындап жатасыздар. Кашайып мында деле коррупция жана тааныш-билишчилик дагыле кендириңиздерди кесип аткандыр?
- Албетте! Акимдердин укугу кеңейтилгенине жараша алардын
жоопкерчилиги дагы ого бетер күчөтүлбөдүбү. Кыргыздар айтат ко “Укпайт деп ушак айтпа! Көрбөйт деп уурулук кылба!” Биздин ар бир кадамыбызга Президент, Министрлер кабинети жана дагы коомчулук тарабынан такай көзөмөл күч! Андыктан, коррупция, тааныш-билишчилик мында шоона эшпей калат экен…
- Темирболот мырза Сиз ар дайым кайсыл принципти бекем
карманасыз? Үлгү тутунган саясий жолбашчыңыз ким? Эмнеге?
- Жашырып не. Мен дагыле Кыргызстанды дээрлик чейрек кылым бою
башкарган Турдакун Усубалиевди үлгү тутам! Анткени, азыркы бийлик бутагында олтургандар патриоттуулукту, тазалыкты жана дагы иштермандыкты дал ушул инсандан үйрөнүүбүз кажет!
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Маектешибиз – Ош облусундагы Чоң-Алай районунун акими Темирболот АБЫКЕЕВ Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы, ошол эле Кочкор районунун акими кызматтарын дагы абийирдүү аркалаган. 2023-жылдын 7-декабрынан тартып Кара-Суу районун жетектеп келатат. Эки кыздын атасы. Өмүлүк жубайы Бермет СҮЙҮНБЕК кызы – үй кызматкери.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
-
01.06.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД МИЛИЦИЯСЫ БАЛДАР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРДҮ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.