Аймак

Аскарбек АХМАТОВ: “СЫЙЛЫКТАР ИЙГИЛИККЕ ШЫКТАНДЫРАТ!”

Аскарбек АХМАТОВ: “СЫЙЛЫКТАР ИЙГИЛИККЕ ШЫКТАНДЫРАТ!”

 2,118 Бардыгы /

Узаган 2023-жылдын жыйынтыктары өлкөбүздүн булуң-бурчунда эми гана чыгарылып, чыныгы эмгек каармандарынын ысымдары үстөккө-босток аталып жаткан маалы. Ушундай урмат-сыйга арзыгандардын бири – Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтү. Кабарчыбыз аталган айыл өкмөттүн азыркы башчысы Аскарбек АХМАТОВду иш үстүнө кармап, андан ары капыл-тапыл эле кепке тартты.

-Аскарбек мырза, адегенде сыйлыгыңыз кут болсун!

-Чоооң ыракмат! Албетте, биздин мээнетибиз текке кеткен жок.

Маселен, республикалык мамлекеттик “Эркин Тоо” гезити 2023-жылдын жыйынтыгына ылайык Ак-Таш айыл өкмөтүн “Жылдын мыкты айыл өкмөтү” деп тапты. Ал эми ушуга улай Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясыныны  башчысы-аким Темирболот Абыкеевдин буйругунун негизинде мен “2023-жылдын мыкты Айыл Өкмөт башчысы” номинациясына татыдым. Албетте, бул сыйлыктар мени дагы жаңы ийгиликтерге шыктандырып, ошондой эле көп нерселерге дагы түздөн-түз милдеттендирет!

-Баса, Сиздер 2023-жылды кандайча жыйынтыктадыңыздар?

-Адегенде эле айтаарым: узаган 2023-жыл Ак-Таш айыл өкмөтү үчүн өтө жемиштүү аяктады десем таптакыр жаңылышпаймын. Анткени, былтыр жалпы жонунан 80 миллион сом инвестиция тарттык. Айтмакчы, №74- А. Шеркулов атындагы орто мектеби өткөн кылымда – 1974-жылы 1-сентябрда курулуп, пайдаланууга тапшырылган экен. Ошондон бери дээрлик ремонт жасалбаптыр. Мунун кесепетинен  кейиштүү кейипти кийиптир. АРИС уюму менен сүйлөшүп, ал каржылаган “ОАО Монтажник” ишканасы бул мектепке сапаттуу ремонт жасады. Агартуу журтун Билим жана илим министрлиги Кара-Суу райноунун жардамы аркасында 1,5 миллион сомдук парта, үстөл, доска өңдөнгөн эмеректер менен камсыз этти. Ал эми МЕРСИКО Эл аралык уюму мектеп ашканасына 6000 далларлык эмеректерди жана техникалык жабдыктарды орнотту.

Ошентип, заман  талабына жараша элет элинин инфратүзүмүн болушунча жакшыртып жатабыз. Мисалы, Ак-Таш жана Жылкелди айылдарына, ошондой эле Ленин тилкесине жалпы узундугу 3550 метр тротуар куруп, ишке киргиздик. Ак-Таш жана Жылкелди айылдарынын ички жолдоруна 400 миң сомдук шагыл төшөлдү. Буга улай 8,3 миллион сом инвестиция дагы тартып, төрт ишкананы жумушка чегердик. Бул аркылуу бекерпоз жаштарыбыз туруктуу иш менен камсыз этилди.

-Айтмакчы, Кыргыз Өкмөтүнүн “Социалдык контракт” программасынын дагы аткарылышын көзөмөлдөп жатасыздарбы?

-Ананчы! 24 үй-бүлөгө Кыргыз Өкмөтүнүн “Социалдык контракт” прогарммасынын негизинде 100 миң сомдон кайтарымсыз жардамды   Банктар аркылуу тараткан элек. Булар негизинен төрт багытта чакан бизнес уюштурушкан. Алгачкы натыйжасы азырынча жаман эмес! Баарын тең такай көзөмөлдөп турабыз.

          Ак-Ташта азыр кыш дагыле күчүндө. Бирок, кедей жашагандардан биз деле куру эмеспиз! Социалдык колдоого муктаж 20 үй-бүлөгө жарым тоннадан  бекер көмүр тараттык. Бир аты-жөнүн атабоону өтүнгөн ишкерибиз беш үй-бүлөгө бир тоннадан “кара алтын” бекер эле түшүрүп берди.  

          Булардан тышкары БУУнун азык-түлүк программасы аркылуу жакыр үй-бүлөлөр окутулуп, бул жараяндын биринчи этабына катышкан 60 айымдын ар бирине 15 литрден ак май, 3 каптан ун бекер тараттык. Ал эми аталган окутуунун экинчи  этабына катышкан 62 айымдын ар бирине 6 каптан ун, 35 литрден ак май акысыз берилди.  

-Президент  Садыр Жапаровдун “Пилоттук режимде Кыргызстанда айыл өкмөттөрүнүн жана шаарлардын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” Указына ылайык Сиз жетектеген Ак-Таш айыл өкмөтү коңшулаш Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө бириктирилип, Ала Тоо айыл өкмөтү деп аталды. Ушундай кадамдын Сизге деле кесепети тийбес бекен? Дегеним, айыл өкмөттөрүн мындан ары жергиликтүү тургундар башка алышпайт эмеспи?

-Мен Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтүн 2022-жылы 24-апрелинен тартып жетектеп келатамын.  Район акими тарабынан төрт жылга дайындалгамын. Демек, мөөнөтүм али бүтө элек. Ротацияланбаймын дагы. Себеби, мен жергиликтүү эмесмин!

Тактап айтканда, мен Араван районундагы  Кичик-Алай кыштагында төрөлгөмүн. Буга дейре АРИС Эл аралык уюмунда, Кара-Суу райондук оорулардын алдын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда, “ЕвроСтройМонтаж” ЖЧКсында, Араван районунун Керме-Тоо Айыл Өкмөтүндө жана айылдык кеңешинде эмгектенгемин. Ошентип, такашалганымдан кийин гана Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчылыгына төрт жылга дайындалгамын.

-Дегиңкиси кыйчалыш заманда Кыргызстанда аймактык-административдик реформанын кажети бар беле?

-Аймактык-административдик реформа – бул мезгилдин өктөм талабы.Мен буга толук бойдон кошулам! Ал эми жергиликтүү жетекчилердин ротациясы боюнча.  Жаңыдан уюшулган Ала Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү тургун болушу мүмкүн эмес!А мен ак—таштык, же кара-суулук эмесмин!Мен Араван районунанмын. Андыктан, сураныч: бөйрөктөн шыйрак чыгарбаңыздар?!?

-Аскарбек мырза, ушул тапта кайсыл көйгөйлөр дагыле кендириңиздерди куп гана кесип жаткан чагы?

-Ак-Таш өрөөнүндө үй куруугажер тартыш! 76 гектар аянтты жүгүрүп жүрүп, акыры Кыргыз Өкмөтүн ынандырып жатып, араң трансформациялаттык. Эми муну өтө муктаждарга чекесинен кезегине жараша гана мыйзам чегинде бөлүштүрөбүз.

          Ал эми Барак айылыбыз – Кыргызстандын Өзбекстандагы анклавы. Президент Садыр Жапаровдун чечимине ылайык жана дагы Ош облусунун, ошондой эле Кара-Суу районунун жардамы аркасында быйыл барактыктар түгөл көчүрүлүп, башка жаңы конушка тегиз жайгаштырылат.

          Былтыр суу таңкыстыгынын азабын биз куп эле тартпадыкпы. А быйыл дыйкандарыбыз үчүн бул маселени толук кандуу жайгаруу максатында “Бек-Суу” ишканасы аркылуу Савай каналынан сугат суу тартууга батыл кириштик.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

          Маектешибиз Аскарбек АХМАТОВ 37 жашта. ОшМунун бизнес жана менеджмент факультетинин экономика адистигин, ОшТУнун курулуш адистигин бүтүргөн. Карманган принциби: Убадаңа бекем тур! Калыстыктан эч качан тайыба! Бирөөгө кесепетиңди тийгизбе? Артыңда айтаарлык из калтыр!

          Кепке тарткан: Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17