Аймак

Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”

Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”

 1,500 Бардыгы /

          ШАНС кыйын мезгилде гана келет. А мүмкүнчүлүктөр кыйынчылыкта пайда болот.

          Ким У ЖУНГ,

          “DAEWOO” компаниясынын негиздөөчүсү.

          Президент Садыр ЖАПАРОВдун Административдик-аймактык реформасына ылайык Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл Өкмөтү Баш-Булак айыл өкмөтүнө айландырылды. Бирок, анын аймагы эч кандай өзгөргөн жок. Башка айыл өкмөттөрүнө дагы кошулбады. Мунун чоо-жайын кайрадан түзүлгөн Баш-Булак айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы Ислам ЭРМАМАТОВдон сурамжыладык.

          – Ислам мырза, биздин билишибизче, Сиз шарты абдан катаал жана татаал Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы эмес белеңиз. Тоолуу аймакта камчы салдырбастан иштеп деле жаткансыз. Анан эле жылкы теппей, жылаан чакпай, климаты Сиздердикинен дагы катаал Кара-Суу районундагы мурунку Катта-Талдык, азыркы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчылыгына кайсыл шамал айдап келип калдыңыз?

          – Президентибиз Садыр ЖАПАРОВдун административдик-аймактык реформасына ылайык Катта-Талдык болгону аталышын гана өзгөртүп Баш-Булак айыл өкмөтү деп аталды. Бирок, анын аймагы кымындай дагы өзгөргөн жок! Өзүңүзгө маалым, мен Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүн жетектөөчүмүн. Соңку сааттарда Кара-суу районунун акими Темирболот Абыкеевден сунуш түштү. Мен кабыргам менен кеңешип, акылым менен таңашып, акырында бул сунуштан баш тарткан жокмун!

          – Эмнеге?

          – Анткени, Темирболот Абыкеев Кара-Суу районунун акими кызматына дайындалгыча, ошол эле Ош облусунун Чоң-Алай районунун абдан ийгиликтүү жетектеди. Анан дагы экөөбүз ошентип тоолуу өрөөндө ийиндеше иштешип, бири-бирибизди жакындан гана билип калганбыз. А түгүл мамлекеттик кызматтын түгөнбөгөн түйшүгүн чогуу-чараан деле тарттык. Менимче, а киши мени бул жакка чакыраарда дал ушуларды бекем көңүлүнө түйгөн өңдөнөт.

          – Канеткен күндө дагы Сиз өмүрүңүздө көрбөгөн жана жана көнбөгөн аймакта деги мындан ары камчы салдырбастан иштеп кете алаар бекенсиз?

          – Ыя, айланайын! Кыргызстандын бардык булуң-бурчу – менин Мекеним! Бөлүнүп –жарылууга дегеле мүмкүн эмес! Ошондой эле буга менин убактым деле жок! Эң башкысы: Баш-Булак мага жат эмес. Абийирим менен ак иштеп, артымда баш-булактыктар айтаарлык – эскерип жүрөөрлүк из калтырганга, албетте, мен абдан катуу аракеттенем!

          – Неткен ченде дагы республикабызда айыл өкмөт башчыларын ротациялап иштетүү акыры үзүрүн берээр бекен?

          – Ушул тапта өлкөбүздө өтө  кызуу жүрүп жаткан административдик жана аймактык реформа жакын арада эле үзүрүн берээринен менин кымындай дагы шегим жок! Анткени, президентибиз Садыр  Жапаров, премьер-министрибиз Акылбек Жапаров биргелешип жүргүзүп жаткан бул түйшүгү түмөн жараяндын акыбети жакын арада сөзсүз кайтаарынан күдөрүмдү дагы эч үзбөймүн!

          – Айтмакчы. Сиздин деле мерчемдеген план-максаттарыңыз бардыр?

          –  Алишер мырза. Мен дээринен мактанганды дегеле жактырбаймын! Бирок, менин Баш-Булак айыл өкмөтүн чукул арада ар тараптуу өнүктүрүү жаатындагы абдан чоң план-прогаммаларым бар! Аман турсак, аны түгөл бойдон орундатууга мен бар күч-кубатымды жана тажрыйбамды гана сарптаймын!

          – Ислам мырза. бүгүнкү базар рыногунун эң катаал шартында Сиз сыр сыңары сактаган олуттуу план-программаңызды жүзөгө ашырууга, мындайча ацйтканда, орундатууга каражатты деги каяктан табасыз?

          – Албетте, ыркыраган рынок – бүгүнкү базар экономикасынын эң эле катаал шартында каржы маселеси биздин дагы башыбызды оорутуп, а түгүл кендирибизди дагы куп гана кесээри ырас. Бирок, дал ушул тапта «Алма-быш!», «Оозума – түш!» деп жамбаштап жатчу чак эмес!

          Буюрса, алдыбыздагы өтө олуттуу долбоорлорубузду ийгиликтүү гана жүзөгө ашырууда бизге Ош облусун  жана Кара-Суу районун өнүктүрүү Фонддору, Эл аралык KOICA, БУУнун өнүктүрүү фонду (БУУӨП), ЮСАИД, Кызыл жарым Ай, Араб. Кувейт  уюмдары жакындан жардамдашат деген чоң үмүттөбүз. Анткени, биздин ар өңүттөгү чоң-кичине долбооорлорубуз ушул тапта дапдаяр. А түгүл булардын басымдуулугу старт берүү чегинде турат.

МАЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

          Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы мурунку Катта-Талдык – а азыркы Баш-Булак айыл өкмөтү Талдык, Кичик, Торгой-Булак, Жаңы-Турмуш, Ачы, Эшме, Кызыл-Ордо. Садырбай жана Кара-Сөгөт кыштактарынан куралган. Климаты жана шарты абдан катаал. Кыш дээрлик узакка созулат. Анан бул аймакка суук эрте дагы түшөт.

          Ал эми Кара-Суу  районундагы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы Ислам ЭРМАМАТОВ 35 жашта. ОшМУнун Эл аралык менеджмент факультетинин «Аймак таануу» адистигин аяктаган. Ош шаар мэриясынын алдаындагы «Дин тааануу» окуу долбоорун, ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин жаштар комитетин жетектеген. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын жетектөөчү адиси сыңары жэмгектенген. Акыркы мезгилде Ош облусунеун Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айыл өкмөтүн ийгиликтүү жетектеп келаткан.

          Кепке тарткан: Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

          Кепке тарткан: Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17