Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
4,231 Бардыгы / Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана Коңур-Дөбө айыл өкмөттөрүн ийгиликтүү жетектеген. Ал эми соңку тапта Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигинде экономика, өндүрүш жана айыл чарба бөлүмүн башкарып жаткан. 40 жаштагы жигитти Өзгөн районунун акими Каныбек АПБАСОВ Өзгөн шаарынын мэрлигине дайындап олтурат. Маегибизди дал ушундан баштадык. – Залкарбек мырза, Сиз […]
4,232 Бардыгы / Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана Коңур-Дөбө айыл өкмөттөрүн ийгиликтүү жетектеген. Ал эми соңку тапта Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигинде экономика, өндүрүш жана айыл чарба бөлүмүн башкарып жаткан. 40 жаштагы жигитти Өзгөн районунун акими Каныбек АПБАСОВ Өзгөн шаарынын мэрлигине дайындап олтурат. Маегибизди дал ушундан баштадык. – Залкарбек мырза, Сиз […]
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
29.03.2024 / Автор anarkan_kg4,233 Бардыгы /
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана Коңур-Дөбө айыл өкмөттөрүн ийгиликтүү жетектеген. Ал эми соңку тапта Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигинде экономика, өндүрүш жана айыл чарба бөлүмүн башкарып жаткан. 40 жаштагы жигитти Өзгөн районунун акими Каныбек АПБАСОВ Өзгөн шаарынын мэрлигине дайындап олтурат. Маегибизди дал ушундан баштадык.
– Залкарбек мырза, Сиз Каныбек АПБАСОВ Алай районунун акими чагында ушул эле райондун Будалык жана Коңур-Дөбө айыл өкмөттөрүн башкаргансыз. А азыр Каныбек АПБАСОВ – Өзгөн районунун акими. Эмне, Сиздин жаңы кызматка дайындалууңузда коррупциянын жана дагы тааныш-билишчиликтин жыты жокпу?
– Жо-жок! Мен Каныбек АПБАСОВ Өзгөн районунун акими болуп дайындалганга чейин эле Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигинде экономика, өндүрүш жана айыл чарба бөлүмүн башкарып келаткамын. Ал эми Каныбек Апбасов мени тээ мурунтан жакшы билгендиктен, көптөн бери бош турган Өзгөн шаарынын мэрлигине зор ишеним көрсөтүп, мени акыры чогуу-чараан иштешүүгө чакырды. Албетте, кабыргам менен кеңешип-таңаштым. Бирок, баш тартпадым. Бул сапар мен деле билимимди жана дагы жөндөмүмдү сынап көрүүнү чечтим.
– Өзгөн шаары биргезде Караханид каганатынын башкалаасы эле. Ал эми азыр райондун гана борборуна араң айланды. Муну эми Борбор Азиядагы ири калаага айландыра алаар бекенсиз?
– Албетте! Мен ушуну үчүн бардык күч-кубатымды жана дагы билим-жигеримди сөзсүз жумшаймын! Анткени, калаабызды туристтердин аягы үзүлбөгөн жайга айландыруу мүмкүнчүлүгүбүз абдан жогору. Себеби мобул Мунара, ошондой эле Сарахсий күмбөзү (мавзолейи) эле эмнени туюндурат? Буюрса, Түркиядан колдоо таптык. 1,5 гектарды ээлеген аянтты заман талабына жараша толук бойдон реконструкциялайбыз.
– Өзгөндүктөр таза суудан кыйналышчуу эле?
– ЕврАзия өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын жардамы аркасында байыркы каналазициябызды заман талабына ылайыкташтырып, биротоло жаңылайбыз. Ошондо таза суу маселеси дагы бир жаңсыл чечилет.
– – Залкарбек мырза, Президент Садыр Жапаровдун соңку Жарлыгына ылайык Ош жана Кара-Суу шаарларына коңшулаш айыл өкмөттөрү кошулуп кыйла кеңейтилди. Сиздерди деле ушинтсе болбойт беле?
– Абдан туура баамдапсыз. Өзгөн районундагы Баш-Дөбө жана Дөң-Булак айыл өкмөттөрү Өзгөн калаасына ирегелеш гана жайланышкан. Эгерде булар кудай жалгап шаарыбызга кошулса, биз деле ого бетер кеңеймекпиз. Анан заман талабына жараша көп кабаттуу үйлөр дагы курулмак. Ошондо бир катар социалдык көйгөйлөрдөн (турак жай, бала бакча, мектеп, мечит) биз деле опоңой кутулмакпыз!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКАТТА БАЛДАР ЧОПОДОН ЖАСАЛГАН МЕКТЕПТЕРДЕ БИЛИМ АЛЫШАТ
-
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКАТ ШААРЫНДА ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ ӨТМӨК КУРУЛАТ
-
-
29.01.2024 / Автор anarkan_kg ЖЕБЕГЕН САМСАГА АКЫ ТӨЛӨБӨЙМ ДЕСЕҢ, ДОКУМЕНТКЕ ТАК БОЛ!
-
-
13.02.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДӨ ТУРИСТТЕР ҮЧҮН ЭКИ ЖАҢЫ ЭС АЛУУ ЖАЙЫ ИШКЕ КИРИШТИ
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.