Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
445 Бардыгы / Ордолуу Ош жергесинде жайкы сезон дагыле табында. Демек, сугат жараяны аймакта абдан кызыган мезгили. Ушундай чакта Кара-Суу районундагы Султан Ибраимов атындагы Папан суу сактагычынын кызматкерлери күнү-түнү калк кызматында гана турушат. Муну аталган суу сактагычтын директору Рустам ТИЛЕНБАЙ уулу деле кабарчыбызга курган маегинде танган жок! -Рустам мырза, чындыгында, Сиздердин ишиңиздер эми гана кычабадыбы. […]
446 Бардыгы / Ордолуу Ош жергесинде жайкы сезон дагыле табында. Демек, сугат жараяны аймакта абдан кызыган мезгили. Ушундай чакта Кара-Суу районундагы Султан Ибраимов атындагы Папан суу сактагычынын кызматкерлери күнү-түнү калк кызматында гана турушат. Муну аталган суу сактагычтын директору Рустам ТИЛЕНБАЙ уулу деле кабарчыбызга курган маегинде танган жок! -Рустам мырза, чындыгында, Сиздердин ишиңиздер эми гана кычабадыбы. […]
Рустам ТИЛЕНБАЙ уулу: “ПАПАН СУУ САКТАГЫЧЫНДА СУУНУН КӨЛӨМҮ БЫЙЫЛ ДЭЭРЛИК ҮЧ ЭСЕ КӨП!”
13.08.2024 / Автор anarkan_kg447 Бардыгы /
Ордолуу Ош жергесинде жайкы сезон дагыле табында. Демек, сугат жараяны аймакта абдан кызыган мезгили. Ушундай чакта Кара-Суу районундагы Султан Ибраимов атындагы Папан суу сактагычынын кызматкерлери күнү-түнү калк кызматында гана турушат. Муну аталган суу сактагычтын директору Рустам ТИЛЕНБАЙ уулу деле кабарчыбызга курган маегинде танган жок!
-Рустам мырза, чындыгында, Сиздердин ишиңиздер эми гана кычабадыбы. Деги канча киши калкыбызга кыйшаюусуз кызмат көрсөтүп келатасыздар?
-Ушул тапта Ош облусундагы эң ири Султан Ибраимов атындагы Папан суу сактагычында 70-80 адам күнү тыным, а түнү уйку көрбөстөн тынымсыз иштеп жатабыз. Эгерде Папанга ГЭС курулуп бүтсө, анда дагы 60 чакты кишини туруктуу жумуш менен камсыз этмекчибиз.
-Сиздер дагыле көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун ысымын алып жүрөт турбайсыздарбы?
-Ооба! Фергана өрөөнүндөгү эң ири Папан суу сактагычын тээ Совет доорунда ошогездеги партиянын Ош обкомунун биринчи катчысы Султан Ибраимов демилгелеп, курдурткан. Мындан тышкары атактуу Токтогул ГЭСин тикелегенге дагы жол баштаган ушул инсан! Ошол себептүү залкар мекендешибиздин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ушундай чечимге келгенбиз.
-Суу быйыл Сиздердин суу сактагычта аз эмеспи?
-Жо-жок! Жыл сайын 80 миллион метр куб гана суу топтоочу элек. Ал эми быйыл күн ыраса жаагандыктан, өлчөмдөгү көлөмдү 220 миллион метр кубка, мындайча айтканда, дээрлик үч эсе көбөйткөнгө дагы үлгүрдүк.
-Рустам мырза, Сиз дегеле Папан жергесинин келечегин кандайча элестететсиз?
-Көрбөдүңүздөрбү? Көз тийбесин! Суубуз абдан кеңири. А былтыр кашайып айлабыз таптакыр куруган. Ошондуктан, беш күн бою суу топтоп, анан гана туруктуу кардарларыбызга – фермерлерге жана дыйкандарга беш күндөп суу агызчу элек. Кризистен дал ушинтип бошонуп, баардык тоскоолдуктарды акыры жеңгенбиз.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен дал азыр айтып коюум парз! Султан Ибраимов Папан өрөөнүнүн болочогун жүздөгөн жылдар мурун эле ойлоп койгон турбайбы. Буюрса, Папан жергеси бара-бара суу сактагычтын гана эмес, ири ГЭСтердин дагы Мекенине айланабыз!
Кепке таркан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКАТТА БАЛДАР ЧОПОДОН ЖАСАЛГАН МЕКТЕПТЕРДЕ БИЛИМ АЛЫШАТ
-
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКАТ ШААРЫНДА ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ ӨТМӨК КУРУЛАТ
-
28.03.2024 / Автор anarkan_kg НООКЕНДЕ ЖАЗГЫ ТАЛАА ЖУМУШТАРЫНА КЫЗУУ ДАЯРДЫКТАР ЖҮРҮҮДӨ
-
03.04.2024 / Автор anarkan_kg ОБЛУС БАШЧЫСЫ СУЗАКТАГЫ СУГАТ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫК ИШТЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
-
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.