Аймак

Жакып МАМАЖАНОВ: “АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ТАЖРЫЙБАЛАРДЫ ЖАНА ЗАМАНБАП УСУЛДАРДЫ МЕКТЕПТЕРДЕ КЕҢИРИ ЖАЙЫЛТКАНГА БЕКЕМ ЫКТАДЫК!”

Жакып МАМАЖАНОВ: “АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ТАЖРЫЙБАЛАРДЫ ЖАНА ЗАМАНБАП УСУЛДАРДЫ МЕКТЕПТЕРДЕ КЕҢИРИ ЖАЙЫЛТКАНГА БЕКЕМ  ЫКТАДЫК!”

 3 Бардыгы /

Республикабыздын бардык булуң-бурчундагыдай эле Ош облусунун Араван районунда дагы агартуучулар болочок муундарыбызга татыктуу билим жана дагы таасирдүү тарбия берүүгө өтө батыл киришишти. Буга улай эле алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды кең-кесири жана ыкчам жайылтуу аракети дагы абдан активдештирилди. Муну кабарчыбызга курган маегинде Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жакып МАМАЖАНОВ деле эч жашырган жок.

-Жакып мырза, саламатсызбы? Жаңы окуу жылыңыздар жана дагы Билим майрамыңыздар менен!

-Чоооң ыракмат! Ылайым жакшылыктарыбыз дайым  чогуу болсун!

-Деги Сиздер өткөн окуу жылын кандайча жыйынтыктадыңыздар эле? Ал эми быйылкысын кантип баштадыңыздар?

-Узаган 2023-2024-окуу жылын  биз деле жаман эмес жыйынтыктадык. Билим сапаты 42,3 пайызды түздү. Ал эми сабактарды өздөштүрүүбүз дээрлик 98 пайызды чапчыды. Мындан тышкары сабактарга окуучуларыбыздын катышуусу дагы 98,3 пайыздан түшкөн жок! Буюрса, жаңы эле баштаган быйылкы 2024—2025-окуу жылында дагы жогорку чектерди кыйшаюусуз түрдө багындырабыз деген аракетибиз абдан күч!

-Баса, окуучуларды мектептерге кабыл алууда дагы олуттуу тоскоолдуктар дегеле жоюлган турбайбы?

Ананчы! Районубуздагы бардык мектептерде 1-классттардын окуучулары бүт электрондук өтүнмөлөр аркылуу гана кабыл алынышты. Ата-энелердин эч кимиси тааныш-пааныш издеп темселеп убара чегишкен жок! Ошентип, 2-сентбярдан тартып 2450 окуучу 1-класстын босогосун эч тоскоолдуксуз эле аттап олтурушат.

-Сиздер жайкы каникулду деле эч текке кетирбедиңиздер окшойт?

-Ооба!  Бул өңүттө чеке жылытаарлык иштер бүткөрүлдү десем мен таптакыр жаңылышпаймын. Ар бир Айыл Өкмөтүндөгү агартуу мекемелеринде тышкы усул алмашуу жараяны уюштурулду. Бул аракетибиздин жүрүшүндө биз алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды өз ара кенен-чонон алмаштырдык. Кесиптик чеберчилигибизди дагы ого бетер арттырдык. Байма-бай ачык сабактар өткөрүлүп турду. Албетте, ушулардын баарында тең усулдук кааналардын дасыккан педагогдору жана насаатчы-мугалимдеребиз бизге абдан чоң көмөк көрсөтүшпөдүбү.

-Айтмакчы, окуучулардын билим сапатын жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТнын) жыйынтыгы айгинелейт эмеспи. Бул өңүттө деле жылыш бардыр?

-Албетте! Быйыл 1026 бүтүрүүчүбүздүн 523ү (дээрлик 50,9 пайызы) гана ЖРТга катышып, булардын 60,2 пайызы босого баллдан абдан ийгиликтүү өтүштү. Арийне, бул көрсөткүч 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгына салыштырганда, дээрлик 12 пайызга жогору. Демек, биз мактанаарлык жылыш бар! Ал эми районубузда орточо балл 120,4 пайызды чапчыды.  А бул, чындыгында. көз тийбесин, өтө жогорку көрсөткүч! Натыйжада Ош облусунда экинчи орунду ээледик.

Мунун натыйжасында “Билим Ордо” жеке менчик мектебибиздин бүтүрүүчүсү Саидислом Зайнабидинов “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына татыды. Буга улай ага ошондой эле республикабыздын президенти Садыр Жапаров өз колу менен Ардак Грамота тапшырбадыбы.

-Быйылкы 2024-2025-окуу жылында деле кенже класстардын окуучуларына адаттагыдай эле шашке тамак ичирилеби? Анткени, айрым Айыл Өкмөттөрүндө бул көйгөй дагыле кендирди кесип атпайбы?

-Жашырып не. Башталгыч каласттардын окуучуларынын өз убагында жана дагы туура тамактануусу дене жагынан кубаттуу өнүгүүсүнө, көндүмдөрдү шамдагай жана ийгиликтүү кабыл алуусуна олуттуу өбөлгө жаратат эмеспи. Былтыр БУУнун ДАТП Программасы аркылуу – 24 мектепте, МЕРСИКО Эл аралык уюмунун жардамы менен – 18 мектепте, Жапон гранты аркылуу – 1 мектепте ысык тамак үзгүлтүксүз берилди. Ал эми быйылкы 2024-2025-окуу жылында деле мектептердин санын 43төн 47ге  жеткирүүнү мерчемдеп атабыз. Катарыбызга кошулган 4 мектептин кенже класттарынын окуучуларын оокаттандыруу маселесин МЕРСИКО Эл аралык уюму менен акылдашып жана макулдашып жатабыз.

-Районуңуздар абдан чоң. Демек. авариялык акыбалдагы мектептер дагыле бардыр?

-Туура баамдапсыз. Ушул тапта районубуздун аймагында 4 мектебибиз авариялык акыбалда. Ошондуктан, “Какаганга – муштаган” дегендей, буларда окуу-тарбия иштерин ырааттуу түрдө жүргүзүү бизге кыйнчылыктарды гана жаратып келатат. Маселен, Дөбө-Коргон айыл өкмөтүндөгү А. Саламов атындагы №29-орто мектеби, Мадемин Назаров атындагы №8-орто мектеби, С. Юсупова айыл өкмөтүндөгү №18-Манас орто мектеби жана Чек-Абад айыл өкмөтүндөгү А. Орозов атындагы орто мектеби. ошондой эле №3-мектепке чейинки билим берүү уюмунун бүгүнкү күндөгү акыбалы мышык ыйлагыдай. Ошол себептүү аталган билим журттарын жаңыдан тикелөө өтүнүчү менен тиешелүү мекеме-уюмдарга такай кайрылып келатабыз. Балким, мунун дагы аргасы табылып, ушул көйгөлөрдөн жакын арада арылып калаарбыз деген чоң үмүттөбүз!

-Кечиресиз, ыңгайсыз суроо узатсам, айып этпеңиз? Сиз 2023-жылдын 22-февралында Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына дайындалдыңыз. А буга дейре жетекчинин орун басары элеңиз. Сизди бекитүүдө Араван райоунун акими Сейтеке Кулубаев бармак бастылык, көз кыстылык кылбадыбы?

-Албетте, Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына ат салышкан менден башка талапкерлер деле бар эле. Бирок, районубуздун акими Сейтек Кулубаев мага өзгөчө ишеним артып, анан дагы бул тармактагы бардык мээнетимди эске бекем тутуп, акыры өзү жооптуу кызматты мага гана сунуш этти. Баш тарктан жокмун! Ишеничти актаганга өз ара макулдаштык.

-Жакып мырза, дал ушугезде жана дагы болочокто канчалаган ургалдуу мүдөөлөрдүн үстүндө чымырканып иштеп жатасыздар жана дагы мээнеттенмекчисиздер?

-Азыр жана мындан ары деле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин ырааттуу түрдө өнүктүрүүнүн, мугалимдерибиздин кесиптик билимин жана дагы усулдук чеберчилигин арттыруунун үстүндө үзгүлтүксүз гана иштемекчибиз. Ата-энелер менен тынымсыз байлынышты акыры активдештирдик. Санариптештирүүгө батыл кириштик. Ушуга улай электрондук журналдар жана күндөлүктөр дагы уюштурулду.

        Мындан тышкары мектептерибиздин материалдык-техникалык базаларын заман талабына жараша чыңдоого биз батыл кириштик. Ар бир мектепте электрондук китепканаларды жана дагы жергиликтүү маалымат базаларын түзүү аракетибиз дагы абдан күч!

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

        Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жакып МАМАЖАНОВ 43 ЖАШТА. ОшМУнун табият таануу жана герография факультетин бүтүргөн. Адистиги – химия жана география мугалими. Адегенде Араван районундагы мектептерде химия жана география мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору, Араван райондук билим берүү бөлүмүндө башкы адис, анан дагы билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматтарын аркалаган. 2023-жылдын 22-февралынан тартып Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы вазийпасын абийирдүү аткарып келатат.

        Үй-бүлөлүү. Эки уул, эки кыздын атасы. Бош убактысында китеп окуганды жактырат. Анан дагы коомдук иштер менен өтө активдүү алектенет.

        Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17