Аймак

Талантбек КАПАРОВ: “ОШ ШААРЫНДА ТАШТАНДЫ ПОЛИГОНУ КУРУЛСА, ТҮЙШҮГҮБҮЗ АЗЫРКЫДАН ДАГЫ ЖЕҢИЛДЕЙТ”

Талантбек КАПАРОВ: “ОШ ШААРЫНДА ТАШТАНДЫ ПОЛИГОНУ КУРУЛСА, ТҮЙШҮГҮБҮЗ АЗЫРКЫДАН ДАГЫ ЖЕҢИЛДЕЙТ”

 2,613 Бардыгы /

Талантбек КАПАРОВ: “ОШ ШААРЫНДА ТАШТАНДЫ ПОЛИГОНУ КУРУЛСА, ТҮЙШҮГҮБҮЗ АЗЫРКЫДАН ДАГЫ ЖЕҢИЛДЕЙТ”

Жапжаш жана идеяга абдан бай жетекчисинин тынымсыз аракетинен улам “Ош тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын ити акыркы кездерде чөп жеп, Кыргызстандын түштүк башкалаасынын ирээттүүлүгү жакшы жана туруктуу нукка түштү. Шаардын тазалыгы улам артып, күн сайын көрккө гана бөлөнүп баратат. Андыктан, аталган ишкананын директору Талантбек Капаровду иш үстүндө кармап, капыл-тапыл кепке тарттык.
Талантбек мырза, эл төшөктөн тура электе эле “Ош тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын жумушчулары көчөлөрдү жана көп кабаттуу үйлөрдүн короолоорун тегиз шыпырып, акыр-чикирлерден арылтып жүрүшөт. Деги буга кантип үлгүрүп жатасыздар, ыя?
– “Ош тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасында жалпы жонунан 437 киши эмгектенет. Мындан тышкары 58 техникабыз бар. Ушулардын бардыгын таң агаргандан каш карайганга дейре үзгүлтүксүз ишке салабыз. Жумушчуларыбызды саарлап атайын автоунаалар менен үйлөрүнөн гана ташыйбыз. Ошондуктан, бизде жайы-кышы ишке кечикмей деген адат таптакыр жок!
– Көз тийбесин, бирок, ишканаңыздардын бюджети дагы жыл өткөн сайын көбөйүп бараткан турбайбы?
– Ооба. 2016-жылы “Ош тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын бюджети 82 миллион сомду түзгөн. А быйыл муну 100 миллион сомго жеткиребиз деген аракетибиз абдан күч. Дал ушул каражаттардын эсебинен Ош шаарынын көрүнүктүү көчөлөрүнө 200 даана контейнер (акыр-чикир салгыч), ошондой эле 918 даана кичинекей жащик орноттук. Ошентесе деле калкыбыздын саны билинбеген менен улам көбөйүп баратпайбы. Андыктан, түйшүгүбүз дагыле жеңилдей элек. Мындан тышкары биз азыр урунган техникаларыбыз дагы дээрлик эскирип бүттү.
– Айрым олуттуу көйгөйлөрдү кечеңдетпестен жеринде эле чечкенге ички мүмкүнчүлүгүңүздөр жетишпейби?
– Албетте, жетишет. “Ош тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы 2017-жылга карата өзүнүн өнүгүү программасын
эбак аныктаган. Бул максатта мекеменин эсебинен алгачкы ирет 17 миллион сом ажыратылды. Мынча каражатка ишканабыздын башкы имаратын жана автогаражыбызды бир сыйра заманбап оңдодук. МТЗ-80 үлгүсүндөгү эки жаңы трактор сатып алдык. Бул транспорттор бир эле мезгилде таштандыны ташууга, кышында жолдордогу калың карларды сүрүп, анын айланасын шыпырууга өтө эле ыңгайланышкан. Ушинтип жыл өткөн сайын ишканабыздын бюджетин бара-бара көбөйтүп, мунун эсебинен бир-эки техника сатып алганга, анан автогаражыбызды дагы жаңылаганга аракетибиз абдан күч.
Талантбек мырза, шаарга караштуу Жапалак айылындагы таштанды Полигонун качан толук ирээтке келтиресиздер?
– ЕврАзия өнүктүрүү банкы бул максатта грант иретинде биздин ишканага 10 миллион 950 миң евро бөлүштүргөн. Бул келишим ратификацияланып, Жогорку Кеңеш тарабынан дагы жактырылган. Жакында эле президенти Алмазбек Атамбаев кол коюп, келишим толук бойдон күчүнө кирди. Заманбап таштанды Полигону шаарга чектеш Кара-Суу районунундагы Шарк айыл өкмөтүнө курулат. Эгерде жергиликтүү депутаттар бул демилгени кубатташпаса, анда таштанды Полигонун калаабызга караштуу Жапалак айылындагы эски таштанды Полигонунун ордуна эле курабыз.

Талантбек КАПАРОВ: “ОШ ШААРЫНДА ТАШТАНДЫ ПОЛИГОНУ КУРУЛСА, ТҮЙШҮГҮБҮЗ АЗЫРКЫДАН ДАГЫ ЖЕҢИЛДЕЙТ”

 

Талантбек КАПАРОВ: “ОШ ШААРЫНДА ТАШТАНДЫ ПОЛИГОНУ КУРУЛСА, ТҮЙШҮГҮБҮЗ АЗЫРКЫДАН ДАГЫ ЖЕҢИЛДЕЙТ”

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17