Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
5,866 Бардыгы / Маектешибиз – Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык ТУРГУНБАЕВ. Эч бир партиянын мүчөсү эмес. Ошого карабастан 2013-жылы Кара-Суу шаарынын мэрлигине 31 депутат тарабынан бир добуштан шайланган. Иштин көзүн билгендиктен, өтө кыска аралыкта байыркы калаага 700 миллион сом инвестиция тартып, а түгүл шаардын инфратүзүмүн жакшыртканга дагы үлгүрдү. – Зарлык мырза, эч бир партияга мүчө болбой туруп […]
5,867 Бардыгы / Маектешибиз – Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык ТУРГУНБАЕВ. Эч бир партиянын мүчөсү эмес. Ошого карабастан 2013-жылы Кара-Суу шаарынын мэрлигине 31 депутат тарабынан бир добуштан шайланган. Иштин көзүн билгендиктен, өтө кыска аралыкта байыркы калаага 700 миллион сом инвестиция тартып, а түгүл шаардын инфратүзүмүн жакшыртканга дагы үлгүрдү. – Зарлык мырза, эч бир партияга мүчө болбой туруп […]
Зарлык ТУРГУНБАЕВ: “МИССИЯМ БҮТТҮ. ЖАШТАРГА ОРУН БОШОТОМ”
20.09.2017 / Автор anarkan_kg

5,868 Бардыгы /
Маектешибиз – Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык ТУРГУНБАЕВ. Эч бир партиянын мүчөсү эмес. Ошого карабастан 2013-жылы Кара-Суу шаарынын мэрлигине 31 депутат тарабынан бир добуштан шайланган. Иштин көзүн билгендиктен, өтө кыска аралыкта байыркы калаага 700 миллион сом инвестиция тартып, а түгүл шаардын инфратүзүмүн жакшыртканга дагы үлгүрдү.
– Зарлык мырза, эч бир партияга мүчө болбой туруп төрт жыл абалы Кара-Суу шаарынын мэрлигине шайланганыңыздын негизги сыры эмнеде?
-Жалпыга маалым. Ушул кезге дейре жана азыр дагы эч бир саясий уюмга мүчө эмесмин. Ошондуктан, 2013-жылдагы Кара-Суу шаардык Кеңешинин шайлоосунда менин талапкерлигимди КСДП көрсөткөн. Бирок, ошондо деле жана кийинки төрт жыл бою бир дагы партиянын камчысын чапкан жокмун! Өзү мэрликке шайланганга дейре мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркаладым. Мансабымдан куп пайдаланып шайлоодо административдик ресурстарды дегеле пайдаланбадым. Ошол себептүү бийликчи КСДП париясы мени мэрликке шайланышымды толук кандуу кубаттаган. Болгону ошол.
– Деги төрт жыл аралыгында эмне жумуштарды жасаганга үлгүрдүңүз?
–Эң башкысы жердештерим эстеп жүргүдөй эң таза иштедим. Бир дагы жосунсуз жоруктарга аралашпадым. Баса, Ош облусундагы эң эски Кара-Суу шаарынын эмдигиче канализациясы жок экен. Андыктан, атайын сынакка катышып, ЕврАзия өнүктүрүү жана реконструкция банкынан 6 миллион 3 миң евро уттук. Тендер өткөрүлдү. Эми калаабызда канализациянын курулушу башталып, бара-бара заманбап түйүндөр тартылат.
-Мындан тышкары ички жана тышкы мүмкүмкүнчүлүктөрдү таптакыр пайдаланбадыңыздарбы?
– Кантип? Мен дээрлик мэрлик кызматты аркалаган төрт жыл ичинде Кара-Суу шаарына эле жалпы жонунан 700 миллион сомдук ички жана тышкы инвестиция тартылды. Мынча каражаттын бардыгын чыпчыргасын коротпостон өз максаттарына гана короттук. Маселен, адегенде шаарыбыздын инфратүзүмдөрүн жакшыртканга бекем ыктадык. Калаабыздагы жападан жалгыз Жоомарт Бөкөнбаев атындагы сейил бакты оңдоп-түзөп, жергиликтүү калк жана коноктор эс алганга заманбап шарттарды жараттык. А көчөлөрүбүздү бүт ирээттеп, жарыктандырып, баарына тең алфальт төшөдүк. Мындан тышкары калаабыздагы алты мектепке, үч бала бакчага капиталдык ремонт жасадык.
-Зарлык мырза, айып этпегейсиз, биз билгенден 48 жашка эми гана толдуңуз. Дагыле баралыңыздасыз. Дагы бир ирет Кара-Суу шаарынын мэрлигине талапкерлигиңизди койгонго жана утканга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Неге антпедиңиз?
-Ооба. Абдан туура баамдапсыздар. Таза иштедим.Артымдан бир дагы жаман сөз ээрчитпедим. Бирок, саламатчылыгыма байланыштуу убактылуу эс алууну чечтим. Бирок, жаңы мэр шайлангыча иштеп турабыз го.


Эң башкысы менин мэрлик миссиям бүттү. Эми жаштарга орун бошотоюн. Анын үстүнө жумуш деп эле жан сабап иштей бербестен, бул сапар саламатчылыгыма дагы кам көрүүгө мезгил жетти. Ден соолугумду кичине оңдоп-түзөп, чарчаганымды жазсам, анан дагы бир ылайыктуу жумуш ыроолошсо, аны дагы абийирдүү жана таза аркалаганга даярмын!


Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
-
04.12.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
28.01.2026 / Автор anarkan_kg МАМЛЕКЕТТИК АВТОМЕКТЕПТЕРДЕГИ ОКУТУУНУН БААСЫ 19 МИҢ СОМ ДЕП АЙТЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.