Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,998 Бардыгы / Билим тармагында жаш кадрлар жетишсиз болуп, өлкөдө кадр кризиси болуп турган кезде жаштар арасында бул маселеге кайдыгер карабагандар бар экендиги келечектен көптү үмүттөндүрөт. Мына ушундай жаш кадрлардын бири Сузак районундагы №39 Ш.Базарбаев атындагы орто мектептин директору Сиражидин Исмайиловду кепке тарттык. Саламатсызбы! Биринчи бул кесипке кантип келип калдыңыз? Ушул багытта айта кетсеңиз. -Мен 11-классты […]
2,999 Бардыгы / Билим тармагында жаш кадрлар жетишсиз болуп, өлкөдө кадр кризиси болуп турган кезде жаштар арасында бул маселеге кайдыгер карабагандар бар экендиги келечектен көптү үмүттөндүрөт. Мына ушундай жаш кадрлардын бири Сузак районундагы №39 Ш.Базарбаев атындагы орто мектептин директору Сиражидин Исмайиловду кепке тарттык. Саламатсызбы! Биринчи бул кесипке кантип келип калдыңыз? Ушул багытта айта кетсеңиз. -Мен 11-классты […]
Сузак районундагы №39 Ш.Базарбаев атындагы орто мектептин директору Сиражидин Исмайилов менен маек
07.10.2014 / Автор Orozaly3,000 Бардыгы /
Билим тармагында жаш кадрлар жетишсиз болуп, өлкөдө кадр кризиси болуп турган кезде жаштар арасында бул маселеге кайдыгер карабагандар бар экендиги келечектен көптү үмүттөндүрөт. Мына ушундай жаш кадрлардын бири Сузак районундагы №39 Ш.Базарбаев атындагы орто мектептин директору Сиражидин Исмайиловду кепке тарттык.
Саламатсызбы! Биринчи бул кесипке кантип келип калдыңыз? Ушул багытта айта кетсеңиз.
-Мен 11-классты аяктагандан кийин азыркы жаштар сыяктуу эле врач, бажы кызматкери болууну самаганмын. Анан Ошко барып агаларым менен кеңешип отуруп, мугалим болууну чечтим. Аллахым насип эткен экен.
Сузак районундагы эң жаш директор катары билебиз. Эмнеңиз менен өзүңүздү өзгөчө көрсөтө алдыңыз?
Мен жетекчи болуп иштегениме эки жарым жылдан ашты. Бирок эң көйгөйлүү жерде эмгектенип келе жатам. Анткени өздөрүңүздөргө (ММКларга) белгилүү болгондой Ш.Базарбаев мектеби авариялык абалга келип, ӨКМнин чечими менен окуу процесси ал мектепте токтотулган. 335 окуучунун жарымы коңшу Балдар үйүндө окуп, калганы өзүбүздүн эски имараттарда 2 мөөнөт менен билим алышууда. Мен жетекчи болуп келген күндөн тартып, мектептин жаңы долбоорун жасатып, жаңы мектепти курдуруу, мамлекеттик бюджетке киргизүү үчүн Билим берүү министрлигине 3, Каржы министрлигине 1, мамлекеттик курулуш агенттигине 1, Жогорку Кеңешке 3 жолу бардым. Ушул маселе боюнча Жогорку Кеңештин 13 депутатына жолугуп келдим. Бирок ошого карабастан бүгүнкү күнгө чейин алгылыктуу жыйынтык чыга электиги айыл тургундарын жана мектеп жамаатын түйшүкө салып келүүдө.
Ал эми билим сапаты боюнча Жапониядан билим алып келген активист Сейтек Качкыналиев, Ыйык Ата-Журт жаштар фонду, Жаркын келечек жаштар фонду жана СЕКОМ билим берүү борборлору менен тыгыз иштешип келем. Алдыда чоң план-максаттар бар, буйруса аракет кыла берсек, ишке ашат деп ойлойм.
Сизди башка ишке которулат экен же башка жерге жетекчи болуп көтөрүлөт экен деп эл арасынан угуп калган жайым бар эле, анда бул пландарыңыз эмне болот?
Туура. Сунуштар болду, конкурстарга да катыштым. Бирок бир күнү өзүмдүн туугандарыбыз ажы-аксакалдар келип, «биз сени ушул мектепти оңдойт деп ишенгенбиз. Антип бизди жалпы элдин алдында уяткарба» деп кеңештерин айтып кетишти. Мен буйруса жаңы мектеп куруунун үстүндө гана иштеп жатам жана ал планым ишке ашмайынча ушул ишимде иштейм. Азыр деле жетекчимин. (күлүп).
Сизди жакында Жалал-Абад шаарындагы жаштардын биригүү кыймылынын чогулушунда көрүп калдым.
Чын ал жерге мени ошол жаштар чакырышты. Анткени мен ЖАМУда 3 жыл жаштар комитетинин төрагасы болуп иштедим. Жаштар дегенде ичкен ашымды таштайм, жаштар менен шаардын келечектеги жаштар ишке ашыра турган маселени карадык. Мен айттым жумасына бир жолу интелектуалдык оюн ЖОЖдор арасында уюштуруп ЖТРдин жетекчиси К.Базаркулов, 7 каналдын жетекчиси А.Жумаевдерге кайрылалы, түз алып көрсөтүп беришсин дедим. Сунуш көп, аны ишке ашыруу кажет.
Мунун артында саясат жокпу? Дегеним сизди анча-мынча үлкөн партия лидерлери менен иштешкен жайыңыз да бар эле.
Азыр мамлекеттик маселелерди партиялар аркылуу чечип калган мезгилге келип калдык. Мен ошол сиз айткан Б.Төрөбаев, Ө.Текебаев, М.Бакиров, К.Осмоналиев, К.Ташиев, У.Нуркуловдор менен жалаң мектеп маселеси менен жолугуп, чечтирүүнүн аракети менен жүрөм. Мен эч бир партиянын мүчөсү эмесмин. Ошондуктан эч кандай саясат жок деп баса белгилегим келет.
Санрабия Сатыбалдиева “Аймак”
Автор Orozaly
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
25.09.2025 / Автор anarkan_kg ЧАТКАЛДА ЖАҢЫ ФЕЛЬДШЕРДИК-АКУШЕРДИК ПУНКТ АЧЫЛДЫ
-
-
19.11.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ОБЛУСТУК КОЛЛЕГИЯ ӨТТҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.