Аймак

А.Жунусалиева: “Аскар Акаев “Кулдугум бар!” деп алдыбыздан тосуп чыкты”

 5,741 Бардыгы /

Айнура Жунусалиева:
“Аскар Акаев “Кулдугум бар!” деп алдыбыздан тосуп чыкты”

Гезитибиздин өткөн санында Кыргызстандын туунгуч президенти Аскар Акаевдин кичүү уулу Илим Акаев үйлөнгөнү тууралуу жарыялаган элек. Ал кезде эки куда жакындан таанышып, тууганчылыктарын бекемдешип, кубанычка батпай турган учур болчу. Илим кандай келинчек алды экен, келиндин теги ким болду экен деп изилдеп, ата-тегин жалпы жонунан жазып чыкканбыз. Ал эми бүгүнкү саныбызда сиздерге убадабызды аткарып, Илимдин кайненеси Айнура Жунусалиева менен болгон маекти тартуулайбыз.

-Айнура айым, сиздин жакында эле Москва шаарына барып жаңы кудаларыңыз менен таанышып келгениңизден кабардарбыз. Жаңы туугандар менен жолугушуу, таанышуу кандай маанайда өттү?
-Биринчиден сизге жана сиздердин “Асман плюс” гезитинин жамаатына терең ыраазычылык билдирип койсом. Себеби, кыска жана нуска жакшы маалымат берипсиздер. Эң негизгиси – ушак -айыңга орун калтырбай так маалымат жазыпсыздар. Себеби, башка бир гезит бизге эч бир тиешеси жок адамдарды жабыштырып, туура эмес маалымат таратыптыр. Ооба, сиз айткандай, бир туугандарым менен Москвага барып келдик. Чынын айтсам мен аябай толкунданып, жолугушуубуз кандай болоор экен деп өзүмчө эле сүрдөп аттым. Аскар Акаевич менен Майрам Дүйшөновнаны кимдер гана билбейт? Албетте, мен да аларды Кыргызстандын туңгуч президенти жана биринчи айымы катары сыртынан эң жакшы таанычумун, бирок жакындан жакшы билчү эмесмин. Мен бул үй-бүлөнү элдердин ар кандай айтылган сөздөрүнө карабай, эмнегедир ошол кезде эле сыйлачумун. Сиздер ойлобоңуздар, куда болгондон кийин эле айтып жатат деп. Биринчиден, мен Аскар Акаевичтин убагында жана андан кийин деле мамлекеттик кызматта иштеп калгандыктан, ал кишинин оор мезгилде кыргыз элине кылган кызматы үчүн, Кыргызстан мамлекетин чет мамлекеттерге таанытып, эгемен мамлекетке айландырганы үчүн сыйлачумун.

-Айнура айым, Сиз жогоруда толкундандым деп атпайсызбы. Анан таанышуу кандай өттү?

– Биз үйгө кирип барганда эле Аскар Акаевич “Кулдугум бар!” деп алдыбыздан өзү тосуп чыкты. Майрам Дүйшөновна экөө тең ушунчалык жөнөкөй адамдар экенин көргөндө жүрөгүм ылдыйлай түштү. Заматта эле илгертеден бирге жүргөн тааныштардай аралашып кеттик. Себеби, Аскар Акаевич да, Майрам Дүйшөновна да кичи пейил, жандүйнөлөрү таза, интеллектери жогору, эң негизгиси – адамгерчиликтүү жана эң жөнөкөй адамдар экен.

– Аскар Акаевич менен куда боолоруңузду качан билдиңиз? Дегеним, кызыңыз Бегайым сырын айтчу беле? Укканда бул кабарды кандай кабыл алдыңыз?

– Албетте сүйүнүч менен кабыл алдык. Мен эки жаштын баш кошуусу Кудайдын буйругу деп айтаар элем. Өзгөчө Бегайымдын чоң атасы небере кызы кимдин уулуна турмушка чыгып атканын укканда укмуш сүйүндү. Себеби, ал киши Аскар Акаевичтин улуу агасы Асанкул ага менен бир кезде чогуу иштешкен жакшы тааныш, катыш болушчу экен. Кайнатам Токтогон Жамалидинович убагында чоң кызматтарда иштегендиктен катыштары, достору жана чөйрөсүндөгү адамдар дагы кызматкерлер эле. Мисалы, ошол учурдун аттуу-баштуулары Темирбек Кошоев, Кайып Оторбаев, Темирбек Акматалиев, Кеңешбек Дүйшөбаевдер жердеш болгондуктан биздин үйгө көп келишээр эле. Мен Бегайымды төрөп келгенде кадимки премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин атасы Кайып Оторбаев кызыма ак батасын берип кеткен. Тагдырдын тамашасын көр, ал киши Илим Акаев төрөлгөндө да атын Илим деп коюп, батасын берип кеткен экен.
Негизи азыр ойлосом? Илим менен Бегайымдын тагдыры дайыма жанаша жүрүптүр. Биздин үй-бүлө менен Акаевдердин үй-бүлөсү мурдатан эле чырмалышып келе жатыптыр. Мисалы, менин эжемдин кызы менен Айдардын келинчеги Сайкал экөө курбу болушса, Акаевдин агасы Болот Акаевдин бир уулу менен менин агам классташ болчу. А мен Нурбек деген кичүү уулу менен бир класста окугам. Дагы бир кызыгы, Илим менен Бегайым кичинекей бала кездеринде Ысык- Көлдөгү эс алуучу жайда да чогуу болгондорун азыр билип, тагдырга таң калып отурабыз. Ал эми көп жылдар өтүп, алыскы Америка жергесинде таанышып калгандары тагдыр эмей эмне? Кыскасы, эки жаштын баш кошуусуна биз эле эмес баарыбыз сүйүнүп, жараткан өзү жар кылып кошкон экен деп турабыз.
-Бегайым кичинесинен шаарда өсүп, чет тилдерди жакшы өздөштүрсө да кыргызча жакшы сүйлөйт дейт. Кайдан, ким үйрөткөн?

-Негизи Бегайым төрөлгөндө биз Кемин районунун Боролдой айылында жашачубуз. Жолдошум Айыл чарба окуу жайын бүтүргөндөн кийин, кызматка айыл жергесине жиберилгендиктен, кыргызча бир сөз билбей туруп мен дагы айылга бардым. Бирок мага айыл турмушу дароо эле жагып, тил үйрөнгөнгө аракет жасадым. Ал эмес 200 туут кой бактым. Аларды убагында жем-чөбүн берип, жакшы бакканым көпчүлүктүн эсинде калыптыр. Мен ал кезде кой менен эчкинин айырмасын билбеген шаардык чоңдун кызы болчумун. Өзүмдүн дилгирлигимен айыл турмушуна тез эле көнүп, ал тургай бир жолу койду өзүм мууздаган күндөр болгон. Ал эми Бегай да бала кезинен тырышчаак, көздөгөн максатына жеткен зээндүү кыз болуп өстү. Кыргыз болгондон кийин ар бирибиз кыргыз тилин билишибиз керек деген патриоттук сезим менен кыздарыма да ошондой тарбия бергем. Бегайым кичинесинен чет тилин үйрөнүүгө, Америкадан окууга өтө дилгир болчу. Ошол максатына жетип өз күчү менен окуду.

-Кыргыздын салты боюнча алдыга баруу деген бар эмеспи, Акаевдердин шартына байланыштуу сиздерди Москвага чакырды да ээ?

-Жок, бардыгы салт менен эле болду. Аскар Акаевичтин улуу агасы Асанкул ага баштаган туугандары Бегайымдын чоң атасынын алдына барышты.
Аскар Акаевич менин атамды да жакшы тааныйт экен. Менин атам да партиялык чоң кызматтарда иштеген кызматкер адам болгон. Учурунда атам эң артта калган Сузак районундагы “Ленин” атындагы колхозду бай колхоз кылып көтөргөн экен. Атамдын эмгеги бааланып, азыр Бишкек шаарынын мурунку Орджоникидзе көчөсү азыр Малабай Жунусалиев көчөсү деп аталган. Мындан тышкары, Токтогул районундагы Ничке-Сай айылынын мектеби да атамдын атынан коюлган. Жалал-Абад областында жемиш бакчасы да атабыздын атынан аталышы бизди сыймыктандырат. Ал эми атам иштеп кеткен Нарын эли, ушул убакка чейин атамды эстеринде сакташат экен.

-Жаштардын үлпөт тою качан болгон турат?

– Аны Акаевдер чечет да. Мен Майрам Дүйшөновнага толугу менен ишенем. Ал билимдүү, илимдүү, акылман аялзаты. Мен ал кишидей даанышман болгум келет. Бирок, Майрам Акаевадай болуу бардык аял затынын колунан келе бербейт. Ал үчүн Майрам Дүйшөновна болуп жаралыш керек. Кызым Бегайым Майрам Дүйшөновна менен эне-баладай тил табышып, алар туралуу жакшы сөздөрү түгөнбөйт. Канчалаган жугундуну үстүлөрүнө куюп, канчалаган ушак сөздөр менен каралап, жаманатты кылып, баштарына иш түшүп турган кезде да өздөрүн жоготуп, чөгүп кетпестен, тескерисинче акылмандык менен мурдагыдан да адамгерчилик сапаттарын бийиктетип, өздөрүндөй акыл-эстүү балдарды тарбиялап Адам бойдон калгандары үчүн аларга таазим кылам. Дагы бир жолу айтарым: бул сөздү куда болгон үчүн айтып жаткан жокмун, адамдык касиеттери үчүн айтып жатам. Негизи ким эмне десе ошо десин, мага баары бир. Менин сыйым Акаевдер үчүн түбөлүк. Ушундай адамдардын кудасы кылган тагдырыма ыраазымын.




Лариса Асанбекова,”Асман пресс”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17