Аймак

Көк бөрү оюнунуна да криминалдар аралаша баштады

 7,503 Бардыгы /

Көк бөрү оюнунуна да криминалдар аралаша  баштады

Республиканын түштүгүндө Көк бөрү оюнунун команда менен ойноп, тайказанга таштаганга караганда Аламан улак деп аталган түрүн көп ойношот. Анда мыктынын мыктысы, аты да, өзү да палван,эптүүлөр,шамдагайлар жерде жаткан улакты жүздөгөн атчандардын арасынан сууруп чыгып келип ташташат. Бири-бирине ашырышат. Аламан оюн аш,тойлордо кеңири ойнолуп, соорунга эчки, кой, тай,торпок,төө, машинанын түрлөрү, килем, телевзор, акча сайылат. Чоң улакка Казакстан, Тажикстандан да улакчылар келип катышат. Улакты атайын кесип кылып, ат таптап улак чаап күн көргөндөр да бар. Бирок акыркы убакта аламан улакта илгеретен бери келе жаткан салт,эрежелер бузула баштады. Айрымдары улакты чылбырга салып чабышы, элди нааразы кылууда. Мына ушундай эрежелердин бузулушу акыры жаңжалга алып келип, адам өлүмү менен аяктады.
26-октябрда Сузак районундагы Алмалуу айылындагы бир жыл мурда көзү өткөн маркумдун ашына карата уюштурулган аламан улак оюнунда чыккан чатак Кыял Карабаевдин өмүрүн алып, инилери Асан менен Үсөн ооруканага түштү. Чатак Жаңы-Ачы айылынын тургундары Карабаевдер менен Айтиевдердин ортосунда көк бөрү оюнунан соң пикир келишпестиктер жаралган .Окуяга күбө болгондордун айтымында алардын урушу улакты талашып койгонунда болгон. Күч атасын тааныбай демекчи эреже,салт боюнча Карыбаевдер туура эле кылган.Бирок ачууга алдырган бир тууган Айтиевдер оюн бүткөн соң “бизди уят кылдың” деп Үсөндү уруп, бычактап салышкан. Тагыраак айтканда Бакай Айтиев деген атуул өзүн күчтүү сезип, мен ала турган улакты алдырбай койдуңар деп Карабаев Асан, Үсөн деген эгиздерди жолдон тосуп уруп салат. Алар Кыял аттуу акесине байланышып окуяны айтып берет. Ачууланган акеси Жаңы-Ачы айылынын башынан Бакай, Манас, Азиз Айтиевдердин алдынан тосуп чыгат. Айтиевдер Кыялды да сабап, темир менен да чаап салышат. Ал өзүн жоготкондо ооруканага алып жөнөшөт, бала жолдо каза болуп калат. Ооруканага алып келишип, бир туугандар да жатып алышкан. Бул окуя үчүн үч бир тууган айтиевдер кылмышка шектүү катары кармалышты. Окуяга тиешеси бар деп саналып жаткан сегиз адамдын бардыгы Үч-Козу айылынын тургундары. Токмоктон каза болгон Кыялбектин сөөгү 28-октябрда жерге берилди.
Айылда каза болгон Кыял Карыбаевдин жакындары мушташта мерт болуп калган маркумдун жакындары тажия күнү шектүүлөрдүн үйүн өрттөөгө аракет кылышып, айыл аксакалдар араң “койгула” деп датып токтошуп калышкан. Ал айылдыктар Айтиевдердин үй-бүлөсүн башка жакка көчүп кетүүсүн талап кылып жатышат. Бул тууралуу атайын жыйын кылып чечим кабыл алмак болушту. Атын атабаган улакчыларыдын пикирине караганда бир тууган айтиевдер караөзгөйлүгү менен эл арасында көп нааразычылыкты жарата баштаган. Элчиликти, эрежени сыйлабай калган.Ал эми белгилүү улакчы Кененбай палвандын айтымында акыркы кезде аламан улакта илгеретен келген эреже сакталабай баратат. -Оюнду аксакалдар башкарып, тейлеп,тескеп, ашыкча кеткендерди уяткарып койчу. Азыр андай болбой калды. Ачыгын айтканда биздин улакты да криминалдар башкарып калды,-деди Кененбай палван. Кой, ай деп тыя баштасаң, тескерисинче сени криминалдын балдары келип коркутуп, “кыс” деп ачык эле айтышып, коркутушат. “Кыспасаң башкача сүйлөшөбүз” деп кекетишет. Айлабызды кетирди. Жашың өтүп калгандан кийин жаш балдар менен жаңжалдаша бербейин деп калат экенсиң. Алар ачык эле өзүнүн билгенин кылып жатышат. Башкаларды аралаштырбайт. Ушу кантип оюн болсун! Элчилик деген болуш керек. Аксакалдарды угуп, сыйлап айтканын кылыш керек эле. Азыр андай болбой калды.Улакка келгендердин кыжырын кайнатып жатышат. Мурдагы эрежелер таптакыр сакталбай баратат. Мындай боло берсе бул оюнду тыйыш керек.
Ал эми жергиликтүү бийликтегилер участкалык милиционердин көзөмөлдөп туруусун талап кылууда. Бирок атасына карабаган улактын азартына кирген чаар-баш улакчылар менен бул оюнду тымызын көзөмөлгө алган криминалдарга ал милициялардын духу жетпейт болуш керек. Анткени криминалдар улак эмес алар мамлекетти башкарып жатышпайбы….
“Көк-Бөрү” федерациясынын президенти Бекболот Ибрагимов да бул оюнда баш-аламандыктар болуп жатканын белгиледи. –Беш-алты жыл мурда эле улакты башкарган атайын аксакалдар болчу. Алар токтот десе токтотуп калышчу. Азыр андай жок.Биз райондун акими менен айыл өкмөт башылары менен жыйын өткөрүп, участкалык инспекторлор менен чогуу көзөмөлгө алуусун милдеттендирдик.
Мындан сырткары атайын аламан улак үчүн эреже иштеп жатабыз.


Самат Токтоев, Аymak.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17