Өлкө аймактары менен кубаттуу
“АЧЫК ӨКМӨТ” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
6,546 Бардыгы / Акыркы кездерде Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдин ишмердиги боюнча карама каршы пикир айтылууда. Бул сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар, аким бул жылды кандай аяктап, кандай жеткиликтүү иштерди аткарды? Бул тууралуу өзү менен маек курууну туура көрдүк. -Медетбек Курбанбаевич, алгачкы сөздү быйылкы жылы аткарган иштериңизден баштасак? -Быйылкы жылы аткарган иштерибиздин көрсөткүчтөрүн абдан жакшы десем […]
6,547 Бардыгы / Акыркы кездерде Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдин ишмердиги боюнча карама каршы пикир айтылууда. Бул сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар, аким бул жылды кандай аяктап, кандай жеткиликтүү иштерди аткарды? Бул тууралуу өзү менен маек курууну туура көрдүк. -Медетбек Курбанбаевич, алгачкы сөздү быйылкы жылы аткарган иштериңизден баштасак? -Быйылкы жылы аткарган иштерибиздин көрсөткүчтөрүн абдан жакшы десем […]
Медетбек АЙДАРАЛИЕВ, Аксы районунун акими: “Аксы элин экиге бөлгөнүмдү факт менен тактап беришсе кызматтан кетүүгө даярмын”
18.12.2014 / Автор Orozaly6,548 Бардыгы /
Акыркы кездерде Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдин ишмердиги боюнча карама каршы пикир айтылууда. Бул сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар, аким бул жылды кандай аяктап, кандай жеткиликтүү иштерди аткарды? Бул тууралуу өзү менен маек курууну туура көрдүк.
-Медетбек Курбанбаевич, алгачкы сөздү быйылкы жылы аткарган иштериңизден баштасак?
-Быйылкы жылы аткарган иштерибиздин көрсөткүчтөрүн абдан жакшы десем жаңылышпайм. Анткени үстүбүздөгү жылы районубузда 5 бала бакча, 1 мектеп бүткөрүлүп ишкер берилди. Андан сырткары Жерге-Тал айылынын жана Кербен шаарынын жолдору асфальттанып жалпы 12 проект бүткөрүлүп ишке берилди. Ал эми инвестиция боюнча 359 млн 325 миң сомдук инвестиция тартып өткөн жылга салыштырмалуу иш планын 135%га аткардык. Райондо негизги көрсөткүчтөр жогорку деңгээлде аткарылып жыл аяктап жатат.
Өзүңүздөргө маалым болгондой Аксы эли негизинен кара өрүк(кайналы) өстүрүп сатуу менен алектенишет эмеспи. Ошол себептен кийинки жылы кайналыны чет жактарга экспорттоо үчүн 5 мамлекет менен сүйлөшүү иштерин жүргүздүк. Жыйынтыгында келээрки жылда кайналыны Россия экспероттой турган болдук.
-Кайналы демекчи эл арасында анын баасы төмөн деген нааразычылыктар да айтылып келет.
-Быйыл кайналыны кургатууда район боюнча 70 цех иштеп келээрки жылга дагы 30 цех даярдалууда. Район эли быйылкы жылдын түшүмүнүн эсебинен 500 тонна кургатылган кайналы сатышкан болсо учурда дагы 100 тоннага жакын кайналы өздөрүндө сакталып турат. Ал эми кургатылган кайналынын 1 килограммын өткөн жылы 60-70 сомдон сатышкан болсо учурда 110-120 сомдон сатышууда. Бул көрсөткүчтөн эл нааразы болушпаса керек.
-Кечиресиз, кепти сиздин ишмердүүлүүгүңүзгө бурсак. Ушул кундөрдө ММКга “Аксы районунун акими кошмо жыйында отчётун бериш керек эле, бирок жергиликтүү кеңештин депутаттары ага ишенбөөчүлүк билдирип, аталган жыйынга келбей коюшкан”,-деген маалыматтар таркаган. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Чын эле депутаттар сизге ишенбөөчүлүк билдириштиби?
-Мен 2013-жылдын отчётун ушул жылы 13-январда бергенмин. Бирок кошмо жыйындын төрагасы жергиликтүү кеңештин депутаттары отчётту кайра башынан берсин деп жатышат дегенинен мен макул болгонмун. Бирок ал отчёт жергиликтүү кеңештин депутаттарын кызыктырбагынына байланыштуу келишкен жок. Менин ишмердүүлүгүмдү сындырайын деген негизде келбей койду дегендери туура эмес. Анткени мен 2013-жылдын отчёту турсун 2014-жылдын отчётун да бергенге даярмын. Депутаттар койгон 167 талаптын дээрлик баарын толугу менен аткардым. Качан чогулуп келишсе ошондо бере берем. Жалпысынан 252 депутат болсо алардын ар бирине бирден отчёт бере албаймын да.
-Акыркы учурда сиздин ишмердигиңиз сынга кабылууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
-Биринчиден эле алсак менин артымдан элди экиге бөлүп жатат деген сөз көп тарады. Бул боюнча жергиликтүүкеңештин депутаттарына, тийиштүү кызматкерлерге айтып түшүндүрдүм, бул сөздү ким чыгарса кудай урсун деп айттым.
Негизинен Аксыда андай сөз жок. Болгону муну авторитети жок, иштей албаганына байланыштуу жумуштан алынган, аким болууну саамап жүргөндөрдүн чыгарган сөзү. Эгер Аксы элин экиге бөлгөнүм туура болуп, анык факт менен далилдеп беришсе кызматтан азыр кетүүгө даярмын.
Ал эми экинчилерден болуп мен тарапка айтылган сындар Ринжит каналы тууралуу болуп жатат. Ринжит каналын куруу, андан суунун акпай калышы же болбосо анын иштебей калышы тууралуу аким жооп бербейт. Ал менден көз каранды эмес. Каналды курууга суу чарба департаменти буюртмачы болгон. Тендер да ошол жактан өткөн. Биз каналды дагы 3 жыл сынайбыз. Соңунда өкмөттөн комиссия түзүлүп анан гана баланска өтөт. Ага чейин биз эч нерсесине жооп бербейбиз.
Андан сырткары каналдан суу сугат мезгилинде гана берилет. Суу октябрь айында, сугат жерлерге керек болбой калган күндөн тарта токтоду. А эмнеге арыздануучулар ошол суу агып жаткан мезгилде чыгышпайт да токтогондо чыгышат. Анткени суу токтоосуз эле берилип жатты. Буйруса келээрки жылдын май айынан тартып кайра бериле баштайт.
Маегиңиз үчүн рахмат!
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”
Автор Orozaly
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
21.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ АБАКТА ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАРГА ШАЙКЕШ ШАРТТАР ТҮЗҮЛДҮ
-
-
23.11.2023 / Автор anarkan_kg HRW: КЫТАЙ БИЙЛИГИ МЕЧИТТЕРДИН САНЫН АЗАЙТУУДА
-
04.12.2023 / Автор anarkan_kg ТАШИЕВ МЕНЕН ЯТИМОВ ТАЖИКСТАНДА ЖОЛУГУШТУ
-
12.12.2023 / Автор anarkan_kg АУК АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ КИЧИ ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ КУРУЛДУ
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.