Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,778 Бардыгы / Өкмөткө өлүгүн артпастан, ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү издеп таап, анан аларды максаттуу пайдаланган айыл өкмөттөрү Кыргызстанда, чынында, саналуу эле. Булардын бири Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы Кантөрө ЖАНТӨРӨЕВди кеңсесинен араң кармап, капыл-тапыл кепке тарттык. – Кантөрө мырза, абдан эле таңкалычтуу. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн өзүнчө Стратегиялык өнүгүү Программасы бар турбайбы. […]
2,779 Бардыгы / Өкмөткө өлүгүн артпастан, ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү издеп таап, анан аларды максаттуу пайдаланган айыл өкмөттөрү Кыргызстанда, чынында, саналуу эле. Булардын бири Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы Кантөрө ЖАНТӨРӨЕВди кеңсесинен араң кармап, капыл-тапыл кепке тарттык. – Кантөрө мырза, абдан эле таңкалычтуу. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн өзүнчө Стратегиялык өнүгүү Программасы бар турбайбы. […]
Кантөрө ЖАНТӨРӨЕВ: “ИЧКИ ЖАНА ТЫШКЫ ИНВЕСТОРЛОРДУ ТАРТУУ АРАКЕТИБИЗ КҮЧ”
19.04.2018 / Автор aymak2,780 Бардыгы /
Өкмөткө өлүгүн артпастан, ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү издеп таап, анан аларды максаттуу пайдаланган айыл өкмөттөрү Кыргызстанда, чынында, саналуу эле. Булардын бири Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы Кантөрө ЖАНТӨРӨЕВди кеңсесинен араң кармап, капыл-тапыл кепке тарттык.
– Кантөрө мырза, абдан эле таңкалычтуу. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн өзүнчө Стратегиялык өнүгүү Программасы бар турбайбы. Бул эмнени туюндурат?
- Буга таңкалыштын деле кажети жок! Өзү чоң-кичине
аймактардын сөзсүз түрдө өзүнчө Программасы болушу кажет. Ансыз кантип өнүгөт, ыя?
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Стратегиялык өнүгүү Программасын
түзүүдө социалдык, жаратылыш, каржылык жана башка ресурстар абдан бекем эске алынды. Бул асыл максаттарды ырааттуу түрдө жүзөгө ашырууда жергиликтүү жана мамлекеттик бюджет, ошондой эле ички жана тышкы инвесторлорду байма-бай тартуу дагы көңүлүбүздүн чордонунда турду.
- Кендирди кескен жумушсуздук маселеси Сиздердин деле башыңыздарды куп эле оорутуп жатса керек?
- Кол куушуруп олтурбастан, өзүбүздүн киндигибизди өзүбүз эле кесип, секин бутубузга туруп келатабыз. Ушул тапта Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагында 5 тегирмен, 1 май чыгаруучу цех, 3 пахта атуучу цех, 2 вулканизация, 2 машина оңдоочу жай, жалгыз тигүү цехи үзгүлтүксүз иштеп жатат. Өнөр жайында эмгектенгендердин дээрлик 100 пайызы – ак жоолукчандар. Болочокто тигүүчүлүк жана кол өнөрчүлүк тармагын ырааттуу өнүктүрүп, элетте айрыкча кыз-келиндерди туруктуу жумуш менен камсыздоону максаттап жатабыз. Буга улай 2 май куюучу бекет, чачтарачкана, мончо, 29 соода түйүнү жана бир нече коомдук тамактануу жайыбыз бар. Буларды иштегендердин 70-80 пайызы дагы жалаң аялдар.
Ошондой эле эң ажайып Талдык жана Кичик айылдарына чет өлкөлүк туристтер ат тезегин кургатпастан каттагандыктан, алар үчүн аймакта эс алуу жайларын бара-бара көбөйтүү аркетиндебиз. Ички жолдорду өзүбүз оңдоп-түзөп, ага улай коомдук тамактануу жайларын дагы көбөйтүп, заманбап мейманканаларды катарынан салып жатабыз.
- Албетте, мындайда акча маселеси катуу түйшөлтүп жаткандыр?
- Ыйлактаган менен не пайда? Бирөө келип казаныбызга аш салып бербейт да. Ошондуктан, ички жана тышкы инвесторлорду байма-бай тартуу аракетибиз күч. Бизге АРИС, Азия өнүктүрүү Банкы, ЮНЕСКО, БУУнун өнүктүрүү Программасы өңдөнгөн эл аралык абройлуу уюмдар тынымсыз колдоо көрсөтүп жатышат. Маселен, былтыр 24 долбоорубузду колдошту эле. Ага ылайык 17 миллион 971,3 миң сомдук инвестиция тарттык. Ошентип, Баш-Булак айылына тейлөө үйүн курдук. Алыкул Осмонов атындагы орто мектепке кошумча имарат тикеледик. Торгой-Булак тилкесине тазуу суу жеткирдик. Баш-Булак жана Талдык айылдарындагы жаңы конуштарга кубаттуу трансформаторлорду орноттук. Ачы айылына көпүрө курдук. Эшме кыштагынын ички көчөлөрү бүтүндөй жарыктандырылды.
- Кантөрө мырза, таза суу көйгөйү Сиздерде деле бардыр?
- Катта-Талдык айыл өкмөтү жалпысынан тогуз айылдан куралган.
Буларды 78 пайызы таза суу менен эбак эле камсыз этилген. Жакын арада Талдык, Баш-Булак, Кара-Сөгөт, Ачы жана Жаңы-Турмуш айылдарынын жашоочуларын таза суу көйгөйүнөн биротоло арылтабыз.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
24.04.2023 / Автор anarkan_kg АЗЕРБАЙЖАН ЛАЧИН КОРИДОРУНА КӨЗӨМӨЛ-ӨТКӨРМӨ БЕКЕТИН ОРНОТТУ
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg Бердибек АБДРАХМАНОВ: “КАТТА ТАЛДЫКТЫ ДОТАЦИЯДАН ЧЫГАРАМ!”
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО 200гө ЧУКУЛ БАЙКЕР АТАЙЫН ЖҮРҮШ ЖАСАП, МОТОСЕЗОН АЧЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.