Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
3,481 Бардыгы / Жаңыдан шаарга келип, студент деген наамды алган жаштарга жатакана деген көйгөй жаралат. Алыстагы ата-энесине да «кимдин көзөмөлүндө болот, ач калбайбы?» деген суроолор туулат. Бирок бул көйгөй чечилген. Шаарыбызда белгилүү болгондой эле «Илим Ордо» балдар жатаканасы өзүнүн өзгөчө шарттары жана мыкты сапаты менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет. Анда балдарды жөн гана жатакана, тамак […]
3,482 Бардыгы / Жаңыдан шаарга келип, студент деген наамды алган жаштарга жатакана деген көйгөй жаралат. Алыстагы ата-энесине да «кимдин көзөмөлүндө болот, ач калбайбы?» деген суроолор туулат. Бирок бул көйгөй чечилген. Шаарыбызда белгилүү болгондой эле «Илим Ордо» балдар жатаканасы өзүнүн өзгөчө шарттары жана мыкты сапаты менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет. Анда балдарды жөн гана жатакана, тамак […]
«ИЛИМ ОРДОГО» БАЛАӉЫЗДЫ ТАБЫШТАСАӉЫЗ САНААӉЫЗ ТЫНЧ БОЛОТ
28.08.2018 / Автор aymak3,483 Бардыгы /
Жаңыдан шаарга келип, студент деген наамды алган жаштарга жатакана деген көйгөй жаралат. Алыстагы ата-энесине да «кимдин көзөмөлүндө болот, ач калбайбы?» деген суроолор туулат. Бирок бул көйгөй чечилген. Шаарыбызда белгилүү болгондой эле «Илим Ордо» балдар жатаканасы өзүнүн өзгөчө шарттары жана мыкты сапаты менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет. Анда балдарды жөн гана жатакана, тамак аш менен камсыз кылбастан, тарбиялап, тазалыкка үйрөтүп, сабактарынан дагы жакшы жетишкендиктерге жетүүсүнө көмөктөшүп келишет. Балдар жатаканасынын өзгөчөлүктөрү менен толук таанышып кайттык.
Өмүрбек ШАМШИЕВ, Илим Ордо балдар жатакансынын жетекчиси:
«БАЛДАРГА 2 МААЛ ЫСЫК ТАМАК БЕРИП, КИРИН ЖУУП, ҮТҮКТӨП БЕРЕБИЗ»


Жергиликтүү ишкер бизнесмендер тарабынан түптөлүп, 2012-жылдан бери расмий катталып, ошондон бери иштеп келе жатат. Биз балдарды окуу жайына, факультетине карабай ала беребиз. 60 балага ылайыкталып түзүлгөн. Ар бир бөлмөдө 10 бала жашайт, аларга атайын керебеттер коюлган. Кийимдерин койгону шкафтар да орун алган. Бизде 2 маал ысык тамак берилет, балдардын кирин жуулат жана үтүктөлөт. 24 саат бою душ иштеп турат. Атайын интернет орнотулган. Билимдүү, ийгиликке жеткен кишилер менен 1 айда бир жолу уюштуруп турабыз, айына 2 жолу билимдерин сынап «Билерман ордо» сыяктуу интелектуалдык оюндарды уюштуруп беребиз. Тартип боюнча кечки саат 20:00дон кийин киргизбейбиз жана чыгарбайбыз. Атайын коопсуздук үчүн 24 саат бою күзөт кызматы бар, анда 2 киши мөөнөт менен иштеп турат. Тез жардам үчүн медиктер менен толук камсыздалган. Жылына эки жолу өлкө аймагы боюнча экскурссияларды, сезондо бир ирет пикниктерди уюштурабыз. Ал эми былтыркы окуу жылындагы жаӊы саамалык окууда жакшы ийгиликке жеткен балдарды өзбекстанга алып барып келдик. Андан сырткары жума сайын программабыз бар анын ичинде спорттук ишчаралар болуп турат. Ар бир бөлмөдө бирден тарбиячы балдар сабактан келгенден кийин сабактарын каралашып, тартибин көзөмөлдөйт.
Бизге ар бир баладан бир айга 3 миң сом төлөнөт, ошонун эсебинен балдар жатакана комплекси өзүн өзү камсыздап тура алат. Билим менен ийгиликке жетип, сабактарды жакшы окуп жаткан балдарга жеңилдиктер каралган. Балдар билимдерин андан ары өнүктүрүү үчүн кээ бир ишканалар менен сүйлөшүп, кесиптик экскурсия өткөрүп турабыз. Окуу жайдан теорияны үйрөнсө, ал эми кесиптик-экскурсиядан практиканы үйрөнө алышат.
Талантуу балдарга колдоо көргөзүп, ага катары аларга кеңештерибизди берип турабыз.Азыр КВН командалары чыгып талантуу балдар көңүлдү көтөрүп, ар түрдүү ишчараларды уюштуруп келебиз. Кайрымдуулук жаатына да басып жасап «Элим барсыӊбы?» коомдук фонду менен да иштешип келебиз. Ата-энелер менен да тыгыз иштешип, барып баласы жөнүндө сүйлөшүп келүү биздин планда бар. Ата-энелер ыраазычылыгын билдирип, балдарынын жакшы жакка өзгөрүлгөнүн айтып кубантып турушат. Балдардын жүрүм-туруму жана окуудагы жетишкендиктери жөнүндө да ата-энелерине билдирип турабыз.
Келечекте максат коюп ошолорго жетүүгө умтулуп, колуна дипломду алгысы келген студенттер үчүн биздин жатакана эң ыңгайлуу жана мыкты шарттары бар. Көзөмөл, ысык, муздак суу, ысык тамак, жакшы балдар менен достошот жана жүрүм-туруму жакшырып, чөйрөсү өзгөрөт. Студенттерди биздин жатаканага чакырат элем, себеби «Аганы көрүп, ини өсөт» дегендей жакшы адамдардын курчоосунда жакшы өсө алышат.
Мухамедали МАМАСАДЫК уулу, тарбиячы:
«ТҮРДҮҮ БАЛДАР МЕНЕН ЖАШАП, ӨЗҮНӨ ИШЕНИМИ АРТАТ»


Студенттин көз карашы менен караганда мындай жатаканада жашоо жакшы. Мен өзүм да жашап көргөм, бул жерден көптү үйрөнүп, өз алдынча болуп, билбегенди билип, жакшы досторду таптык. Ата-эненин тарбиясы башка коомдун тарбиясы башка экен. Биз коомдон да тарбия алышыбыз керек. Бул жерде көп кырдуу тарбия алып чыктык. Буга чейин кандай адам болсом, жатаканада жашагандан кийинки абалым башка адам болгон. Студенттер өздөрү сезбейт бирок, үйгө барганда, башка жерлерде билинет. Биз жашап жатканда караган агайларыбыз, тарбиячыларыбыз биз үчүн үлгү болуп кала берет. Квартирада өзүң хан, өзүң бийсин жаңы өсүп келе жаткан балдарды бирөө көзөмөлдөп, текшерип туруусу керек. Ата-энеден бөлүнөп чыккан ар бир бала тарбиячыдан мээрим издейт, үйдөгү кылыктарын кылып, эркелейт.
Жатаканада студенттер ар түрдүү адамдар менен жашап, өзүнө болгон ишеними жогорулайт. Аларга тапшырма берип, сабактарына чейин жардам берип келебиз. Мамлекеттик эмес болгону менен жакшы нерселер көп, киргенден баштап тазалык жана тартипке үйрөтөбүз. Тапшырмаларын ар дайым аткартып, китеп окутуп кайра сурап алабыз. Спорттук оюндарды ойноттурабыз. Жыл сайын жатаканада дагы студенттер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзө алабыз деп изилдеп, жетекчилик менен бирге баарыбыз аракет кылабыз.










Акылай КАРАБАЕВА, «Аймак»
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
08.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТУ КӨРККӨ БӨЛӨГӨН АЗАМАТТАР!
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙКУУ ЖОЛУ – КЫЯМАТТЫН КЫЛ КӨПҮРӨСҮНДӨЙ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.