Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,436 Бардыгы / Акыркы учурларда автоунаа айдаган аялдардын саны өскөн. Муну заман талабы менен байланыштырууга болот. Ал эми такси кызматында катталып, «таксист айым» наамына ээ болуп иштеп жаткан айымдарды да бара-бара көп учуратып, көзүбүз көнүгүп бараткан кези. Алардын катарында Динара аттуу каарманыбыз да шаарыбызда бир жылдан бери таксист кыз болуп иштеп келет. Ал каарманыбызды куттуу редакциябызда […]
2,437 Бардыгы / Акыркы учурларда автоунаа айдаган аялдардын саны өскөн. Муну заман талабы менен байланыштырууга болот. Ал эми такси кызматында катталып, «таксист айым» наамына ээ болуп иштеп жаткан айымдарды да бара-бара көп учуратып, көзүбүз көнүгүп бараткан кези. Алардын катарында Динара аттуу каарманыбыз да шаарыбызда бир жылдан бери таксист кыз болуп иштеп келет. Ал каарманыбызды куттуу редакциябызда […]
Таксист кыз Динара: «ДҮКӨНДӨ ИШТЕП ТАПКАН АКЧАМА УНАА САТЫП АЛГАМ»
28.08.2018 / Автор aymak2,438 Бардыгы /
Акыркы учурларда автоунаа айдаган аялдардын саны өскөн. Муну заман талабы менен байланыштырууга болот. Ал эми такси кызматында катталып, «таксист айым» наамына ээ болуп иштеп жаткан айымдарды да бара-бара көп учуратып, көзүбүз көнүгүп бараткан кези. Алардын катарында Динара аттуу каарманыбыз да шаарыбызда бир жылдан бери таксист кыз болуп иштеп келет. Ал каарманыбызды куттуу редакциябызда маекке тартып көрдүк…
– Динара, алгач өзүңдүн өмүр таржымалың тууралуу кыскача айтып өтсөң.
– Мен Динара Султанмуратова 1998-жылдын 2-августунда Өзбекстанда төрөлгөм. Биз өзбекстандык кыргыздардан болобуз. 2000-жылы Жалал-Абад шаарына көчүп келдик. Ошол бойдон ушул жакта жашап келүүдөбүз. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз, 4 кыз, 1 уул. Мен эң кенжесимин. Бул жакта 5-мектепте окудум. Мектепти бүтүп, Эл аралык университетке сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам. Адистигим бугалтердик эсеп. Бүгүнкү күндө «Тулпар» такси кызматында иштейм.
– Негизи эле аялдардын унаа айдаганы бүгүнкү күндө коомчулукка өөн учурабай калган. Анткени унаа айдаган аялдар көп. Бирок такси кызматында иштегендери абдан аз. Кардарларың кандай кабыл алат? Кызыктуу окуялардан мисал кылсаң.
– Бул иш мага жагат. Бешене терим менен иштейм. Негизи жаштайымдан ак мээнет кылып чоңойдум. Ата-энемден акча сурабай, өзүмө керектүү буюмдарды өзүм иштеп алам башкача айтканда өзүмдү-өзүм каржылайм. Кардарлардан буюртма түшөт, аларга чалам. Чалсам «баланча жерге келе бер уулум» деп дарегин айтышат. Барсам «иий, сен кыз белең, кызга окшош бала экен» деп ойлогом үнүңдү угуп дешет.
Ар кандай кардар чыгат. Арасында жакшысы да жаманы да болот. Ар бир кардарга бирдей мамиле кылам. Негизи бул иш оңой көрүнгөнү менен оор деп айтмакмын.
– «Тулпар» такси кызматына кантип ишке кирип калдың эле? Качантан бери иштейсиң?
– Иш издеп жүргөн учурумда бир тааныш бала «Тулпарда иштеп көрбөйсүңбү, кыйынчылыгы деле жок» деп сунуш берип, ишке киргизген. Ошол дос бала аркылуу кирип, иштегениме бир жылдан ашып калды.
– Унааңдын маркасы кандай? Аны да өзүң иштеп алгансыңбы?
– Хонда фит. 9-10-классымда бир дүкөндө иштечүмүн. Ошондо иштеген акчаларымды топтоп койгон элем, кудай насип этип, 1-курсумда темир тулпарлуу болдум.
– Сыр болбосо күнүнө орто эсепте канча киреше табасыӊ?
– Болбоду дегенде 500-600 сом. Ал эми кызыгып, кардарларды тез-тез алып иштесең 1500-2000 сомдон тапсаң болот. Ал жагы өзүңдүн аракетиңе жараша. Таксист болуунун уяты жок. Эң негизгиси адал мээнет менен тапкан акчама сүйүнөм.
– Алдыда кандай пландарың бар?
– Буюрса спорт тармагына аралашып, Кыргызстандын атын чыгарып, желегин бийик желбиретким келет.




Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, «Аймак»
Автор aymak
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
08.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОРДО
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg БҮГҮН МЕКТЕПТЕРДЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО КАГЫЛАТ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГЕТИКА ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК УГУУ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.