Аймак

МАЙРАМ КҮНҮ ДА ЭЛ КЫЗМАТЫНДА БОЛГОН КЕСИП ЭЭЛЕРИ

МАЙРАМ КҮНҮ ДА ЭЛ КЫЗМАТЫНДА БОЛГОН КЕСИП ЭЭЛЕРИ

 3,114 Бардыгы /

Кыш, аяз ата, балаты жана башка символикалуу болгон түшүнүктөр менен жаңы жылды элестетебиз. Деги үй-бүлөлүк майрам катары көрүп, баары ак дасторкон үстүндө тосуп келгени маалым. А бирок айрым кесип ээлери бул майрамда дагы эл кызматында, жумуш үстүндө болоруна көпчүлүк көп деле маани бербеген чыгар. Анда ар түрдүү кесип ээлери кантип жаңы жылды тосот болду экен,  назарыңыздарга сунуштайбыз

Чынарбек ШЕКЕНОВ,ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык-куткаруу бөлүмүнүн башчысы, майор:

“БИЗДИН КЫЗМАТ ЭЛГЕ КЫРСЫКСЫЗ МАЙРАМ КААЛАЙТ”

-Өзгөчө майрам катары деле эсептебейм, жаңы жылдын башталышы катары кабыл алам. Жакшы дасторкон даярдап, үй-бүлөм менен чогуу тосконго аракет кылам. Көпчүлүк учурда жаңы жылды нөөмөттө тосуп калабыз. Себеби биздин кызмат жаңы жыл майрамына карата күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйбүз. Жаңы жыл майрамына карата даярдыктарды көрүүдө жана өткөрүүдө өрт жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу  боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөттүк. Түшүндүрүү иштерин массалык-маалымат каражаттары аркылуу, калк көп чогулган жайларда, жаңы жылга арналган майрамдык иш-чаралар өтүүчү жайларда да жүргүзүп жатабыз. Элибизге петардаларды, салюттарды, тарсылдактарды колдонбоону, эгер колдонсо коопсуз жайда гана, пиротехникалык каражаттарды нускамасына ылайык гана колдонууну, жаш балдарга пиротехникалык каражаттарды бербөөнү эскертебиз.

Эки жыл мурун жаңы жыл күнү бир айылдашым туура эмес жерде салют атып, ал сарайында жыйылган чөпкө тийип өрт чыккан. Өрт өчүрүүгө биздин кызматкерлер тартылып, кабарды уккан соң келип кесиптештериме кошулуп 2 сааттай өрт өчүргөнбүз. Быйыл “Аймактарды өнүктүрүү” жылында облус аймагындагы өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнө жаңы куткаруу техникалары бөлүнүп, жаңы өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүн ачуу боюнча бир топ иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Жаңы жылда элибиз тынч, аман болсун, баарына чын ден соолук, узун өмүр каалайм. Келе жаткан 2019-жыл жакшылыктардын жылы болсун. Өзгөчө кырдаалдар, өрт кырсыктары болбосун, биздин кызмат элге кырсыксыз майрам каалайт.

Келдибек КАДЫРОВ, Жалал-Абад ШИИБдин коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматынын орун басары:

“БИЗ ҮЧҮН МАЙРАМДАР ЖОККО ЭСЕ”

-Жаңы жыл же башка майрам болобу биз дайыма күчөтүлгөн тартипте иштейбиз. Ошондуктан элдин коопсуздугун коргойбуз деп ар дайым майрамдарда кызматыбызды так аткарууга аракеттенебиз. Негизи ишибизге ылайык майрам бүткөндөн кийин үйгө барсаң, үйдөгүлөр уктап калган болот, ишти түшүнүп үй -бүлөң да көнүп калат экен. Анан майрамдын эртеси барып алардын да көңүлүн алганы аракет кыласың. Бизде жаңы жылга карта жетекчилик тарабынан Барпы театрында оюн-зоок өткөрүлөт, ошол балаты майрамына балдарды алып келсек ойноп кетишет. Ошону менен алар да сүйүнүп калышат. Ар күнү ар түрдүү, үйгө он эки же бирде барып калган күндөр болот. Кээде ызы-чуу, тополоң болуп калса, ошол күчөтүлгөн тартипте иш алып кете беребиз. Бизде убакыт чектелбейт, үйүңө барып майрам тос деген жери жок да, кээде гана үй-бүлөң менен болуп калбасаң, калган убакта дайыма иште, элге кызмат кылып жүрөбүз. Милиция бул тынчтыкты сактап, эл үчүн эмгек кылчу, коопсуздукту көзөмөлдөөчү кесип ээси. Биз олтуруп алсак, ким иштейт, коопсуздукту ким сактайт? Майрамдардан “милиция күнүндө” эле белгилеп калбасак, башка майрам биз үчүн жокко эсе.

Жаңы жылда элибизге тынчтык жана бейпил жашоо каалайм, өлкөбүз өнүгө берсин, жерибизде жакшылыктар болсун!

Алмаз САТАРОВ, “Ала-Тоо” КТРКнын  Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн оператор-монтажеру:

“ӨКҮНҮЧТҮҮСҮ АКЧАНЫН БААРЫ АСМАНГА КЕТИП КАЛАТ”

-Жаңы жыл жеке менин оюмча жыл алмашкан мезгил, негизи жакшы майрам. Элдин баары жакшы маанайда болуп, эски жылды кандай өткөргөнүн эстешет. Кандай жыл болду деп жаңы идея, жаңы дем менен кийинки жылга өтөт. Жаңы жылды көпчүлүк үй бүлөсү, туугандары же достору менен тосушат. Ар нерсенин оң-тескериси болот дегендей. Өкүнүчтүүсү акчанын баары асманга кетип калат да. Ошол салютсуз деле жаңы жыл тозсо болот деп айтат элем. Биз эми баардык майрамдарда эле телевидениеде иштегендердин баары иштешет. Тамашалап элдердин майрамдаганын телевизорго чыгарабыз деп тартканы чыктык деп коём. Бирок негизи биздин телекөрүүчүлөрүбүз болгону үчүн, ушул кесипти сүйүп тандаганыбыз үчүн элдин майрамдаганын телекөрүүчүлөрүбүзгө көргөзүшүбүз керек. Майрамбы, суукпу, ысыкпы биз ага карабай иштейбиз, себеби жумушубуз ушул. Кудай буйруса жаңы 2019-жыл келип жатат, кыргыз элине жерине берекелүү жыл болсун, элибиз ойлогон ойлоруна жетишсин!

Дилкумар ЖОЛДОШЕВА, Жалал-Абад областтык Т.Тыныбеков атындагы филармониянын жетекчиси:

“БАЛАТЫНЫН АЛДЫНДА ЖАҢЫ ЖЫЛ ТОСКОН КҮНДӨРҮБҮЗ БОЛГОН”

-Жаңы жылды кудай буйруса кесиптештер менен тособуз, жыл бою жакшы иштегендерге филармониянын жетекчилиги тарабынан белектерди беребиз. Эми биз чыгармачыл адамдар кызыктуу өткөргөнгө аракет кылабыз. Оюн-күлкү, конкурстарды уюштуруп, бири бирибизди куттуктап дегендей. Жаңы жылды 31-декабрда карнавалда  ырдап, балатынын алдында тоскон күндөрүбүз болгон. Эми чыгармачыл адамдардын башынан көптөгөн кызыктар өтөт эмеспи. Эл үчүн, элдин майрамдык маанайын көтөрүш үчүн тынбай эмгектенип келебиз. Жаңы жылда жыл алмашып, бир жашка чоңоюп, жаңы нерселерди өздөштүргөнгө, үйрөнгөнгө жаңы кадамдар башталчу мезгил. Элибизге ийгилик, оомат, дөөлөт, бакубат жашоо, бейпилдик алып келсин, жакшылыктын жылы болсун!

Молдогазы АЛЫМБАЕВ, 704-аскер бөлүгүнүн командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары, гвардиянын капитаны:

“КҮНДӨГҮДӨЙ ЭЛЕ КЫЗМАТ ӨТӨЙ БЕРЕБИЗ”

-Биз жаңы жыл майрамында өзүбүздө иштеген кызматкерлердин балдары үчүн Барпы театрында балаты майрамы уюштурулат. Аскерлер менен 31-декабрь күнү бөлүктүн ичинде эле тособуз. Өзүбүздүн концерттик программа менен коштолгон спорттук иш -чара өтөт. Аскер кызматы болгондуктан баарыбыз иштеп, күндөгүдөй эле кызмат өтөй беребиз, бирок күчөтүлгөн негизде болот. Бул жыл биз үчүн жакшы жыл болду десем болот, көп өзгөрүүлөр болду. Аскер бөлүктө күнүмдүк тиричилик менен кошо эле өзүбүзгө керектүү шарттарды түздүк. Бул жылы аскер бөлүктөр арасында 2018-жылдын жыйынтыгы менен “мыкты батальон” деп биздин 704 аскер бөлүгү биринчи орунду алды. Быйыл ошол жетишкендигибиз болду. Андан сырткары аскерлер сборлор менен чет өлкөгө чейин барып келип жатышты. Келе жаткан жылы кыргыз элиме, аскер бөлүктөрүнө ынтымак жана тынчтыкты каалайм. Биздин алдыга коюлган максатыбыз дайым эл алдында, мамлекет алдында кызматыбызды кылып, буга чейин аткарылбай калган пландарга жетишип, дагы аскер бөлүктөрүнүн арасынан эң мыкты аскер бөлүк болуп жүрө берели.

 

Айбек САТЫБАЛДИЕВ, Жалал-Абад  облустук  ЖКККБнүн тескөөчүсү: “БИЗДИН МАЙРАМ ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ

-Жаңы жыл күнү биздин кесиптештер майрамды жумуш үстүндө тосушат. Себеби, облус боюнча өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларда жол кыймылынын коопсуздугун кароо, элдин тынчтыгын камсыздоо биздин башкы милдетибиз. Андан сырткары, 27-декабрдан 2019-жылдын 7-январына чейин ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде күчөтүлгөн тартипте иш алып барабыз. Деги эле биздин майрам иш үстүндө өтөт. Элибиз тынч болуп, кырсык болбосо майрам тосконубуз ошол

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17