Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ
МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
3,065 Бардыгы / Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры эки жылдан кийин жетимиш беш жылдыгын белгилейт. Ушул тапта театр жамааты элет жергесин чекесинен кыдырып, драматург Гүласал Алиеванын “Турмуш шапалагы” спектаклин үстөккө-босток тартуулап жатат. Жакында айтылуу Алымбек Датка жөнүндө “Алай жолборсу” драмасын дагы көрөрмандар сынына коймокчу. Аталган театрдын бүгүнкү оош-кыйышы жөнүндө жаңы жетекчи, Кыргыз Республикасынын […]
3,066 Бардыгы / Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры эки жылдан кийин жетимиш беш жылдыгын белгилейт. Ушул тапта театр жамааты элет жергесин чекесинен кыдырып, драматург Гүласал Алиеванын “Турмуш шапалагы” спектаклин үстөккө-босток тартуулап жатат. Жакында айтылуу Алымбек Датка жөнүндө “Алай жолборсу” драмасын дагы көрөрмандар сынына коймокчу. Аталган театрдын бүгүнкү оош-кыйышы жөнүндө жаңы жетекчи, Кыргыз Республикасынын […]
АЛЫМКУЛ ЫСАКОВ: “ТУРМУШ ӨЗҮ – ТЕАТР. А БИЗ, АДАМДАР, – АНДАГЫ АКТЕРЛОРБУЗ!”
03.06.2019 / Автор aymak

3,067 Бардыгы /
Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры эки жылдан кийин жетимиш беш жылдыгын белгилейт. Ушул тапта театр жамааты элет жергесин чекесинен кыдырып, драматург Гүласал Алиеванын “Турмуш шапалагы” спектаклин үстөккө-босток тартуулап жатат. Жакында айтылуу Алымбек Датка жөнүндө “Алай жолборсу” драмасын дагы көрөрмандар сынына коймокчу. Аталган театрдын бүгүнкү оош-кыйышы жөнүндө жаңы жетекчи, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алымкул ЫСАКОВ менен кабарчыбыз кеңири маек курду.
– Алымкул мырза, Ош шаарындагы облустук куурчак театрын жетектеп жүрбөдүңүз беле. Жылаан чакпай, жылкы теппей, неге калаадан моминтип элетке баса бердиңиз?
– Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын мурунку директору – актер, режиссер Жалил Жусуповду маданият, маалымат жана туризм министрлиги ротациялык негизде Оштогу облустук куурчак театрынын жетекчилигине дайындады. А мага дагы чоң ишеним артышып, Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын башчылыгын ыроолошту. Ошентип, кийинки жылдарда элетте эле иштесем, аймактын маданиятын жана театр өнөрүн көтөрсөк деген изги тилегим моминтип күтүүсүздөн орундалып олтурат.
– Сиз азыр жетектеп жаткан Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын тээ Союз маалында эле аты Алайга, даңкы далайга кетпеди беле?
– Ооба. Бул сахнада убагында Мурза Гапаровдун “Туздуу чөл”, Мар Байжиевдин “Окуя”, Бексултан Жакиевдин “Саадат какты”, Токтоболот Абдымомуновдун “Алдар көсөө” спектаклдери чоң аншлаг менен коюлган. Мындан тышкары Өзбек драматургдары Шарап Болобековдун “Темир катын”, Холик Курсонтовдун “Өлдү. Азыр билдик!”, “үркүнбай үйлөнөт имиш” аттуу комедиялары көрөрмандарыбыздын чоң кубаттоосуна арзып, Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры “Комедия атасы” деген наамга дагы арзыган.
– Сиздердин ушул даражага жетишиңиздерге кээ бир кесиптештериңиздердин дагы салымы зордур?
– Ооба. “Атын атасаң, куту сүйүнөт” эмеспи. Бул деңгээлге көтөрүлүшүбүзгө Мамат Жакыпов, Токтогул Ажибаев, Байыш Оморов, Фарида Маматниязова, Медербек Ниязалиев, Адылбек Дыйканбаев өңдөнгөн залкарлардын мээнети абдан эле чоң. Убагында бул сахнада СССРдин Эл артисти Бакен Кыдыкеева спектакль коюп, а Дилдекан Ажибаева менен Дүйшөнбек Байдөбөтов роль дагы аткарышкан.
– Азыр деле таланттардан куру эместирсиздер?
– Жамил Жусупов, Нуркамил Мамаев өңдөнгөн режиссерлорубуз, башкы сүрөтчүбүз Чыныбек Козукеев дагыле камчы салдырбастан иштеп жатышат. Ал эми актер менен актрисаларыбызды чекесинен мактасам, күн батпайт дагы, таң атпайт. Баары тең минтип жылуу кеп кылууга толук татыктуу.
– Деги Сиз “Эл мурдагыдай театрга барбай калды” дегендерге кошуласызбы?
– Жо-жок! Мойнунан байлаган ит азыр деле ууга жарабайт. Мажбурлаштын, анан үгүттөштүн бүгүнкү заманда эч кандай кажети жок! Элибиздин көркөм өнөргө, мунун ичинде театрга табитин тээ бала бакчалардан баштап калыптандырганыбыз оң. Ушундай шартта бизге азыркындай куурчак театры, жаш көрүүчүлөр театры (ТЮЗ) абадай эле керек! Экөө тең биздикиндей театарларга көпүрөлүк вазийпаны гана аткарышы кажет! Бул аркылуу муундар байланышы дагы ого бетер бекемделип, көрөрмандардын көркөм өнөр мекемелерине агылуусуна гана ыңгайлуу шарт жаратат.
– Алымкул мырза, Сиз бир эле мезгилде театрдын жетекчисисиз. Ошол эле убакта айрым спектаклдерге дагы режиссерлук кыласыз. Деги мындайда идеяларды каяктан таап жатасыз?
– Убагында улуу драматург Вилям Шекспир “Турмуш өзү – театр. А биз, адамдар, – андагы актерлорбуз!” деп таасын айткан экен. Биз деле идеяны көбүнчө азыркы турмуштан алып, аны көрөрмандарыбыздын бүгүнкү талабына гана шайкеш келтирип, сахналаштырганга ык койдук. Антпесек, убакыттан дагы, көрөрмандардан дагы уттурчудайбыз.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры 1946-жылы жазуучу, драматург Мамат Жакыпов тарабынан драмалык ийрим сыңары уюштурулган. Алгачкы ирет Касымалы Эшимбековдун “Кожойкенин ийгилиги” спектакли менен тушоосун кескен. 1963-жылы Алай элдик театры макамы ыйгарылган. А 2001-жылы Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрына айландырылган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Алай району
Автор aymak
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
-
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg АТАЙЫН РОТАНЫН БЕШ АЙЫНЫН ЖЫЙНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17





You must be logged in to post a comment.