Аймак

ТАЛАНТБЕК КАПАРОВ: «ТЕХНИКАЛАРЫБЫЗДЫН КӨБҮ ЭСКИ. ОШЕНТСЕ ДАГЫ, ШААРДЫН ТАЗАЛЫГЫН ТУРУКТУУ КАРМАП КЕЛАТАБЫЗ»

 2,744 Бардыгы /

ТАЛАНТБЕК КАПАРОВ: «ТЕХНИКАЛАРЫБЫЗДЫН КӨБҮ ЭСКИ. ОШЕНТСЕ ДАГЫ, ШААРДЫН ТАЗАЛЫГЫН ТУРУКТУУ КАРМАП КЕЛАТАБЫЗ»Рубрика: Мээнетти баалай жүргүлө?

Эл төшөгүнөн тура электе «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын бирдиктүү форма кийген кызматкерлери көчөлөрдү жана көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун кыдырата шыпырып, ага улай айлана-тегерегин дагы тазалап жүрүшөт. Тилекке каршы, булардын нукура мээнетин баалагандар чанда. Ушул жана башка маселелердин тегерегинде аталган ишкананын жетекчиси Талантбек КАПАРОВду кепке тарттык.
Талантбек мырза, Кыргызстандын түштүк башкалаасын дайыма бир калыпта пакиза кармоодо «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын мээнети айтып бүткүс. Тилекке каршы, бул эмгегиңиздердин баркына жетпегендер – шаарды ого бетер булгагандар ,тескерисинче, улам эле көбөйүп баратат. Мунун башкы себеби эмнеде?
– Чычалашпасын! Бирок, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып коюуга тийишмин. Ош шаарынын тургундарынын адамгерчилиги жана маданияты абдан эле төмөн. Ошону үчүн калаабыздын бул өксүгүн толуктоо жана түшүндүрүү максатында шаарыбыздын төрт мерчемдүү жерине беш чоң баннер орноттук. Буга улай жергиликтүү телеканалдар аркылуу тынбай алты чоң роликти үзгүлтүксүз алмак-салмак көрсөтүп жатабыз. Анан атайын аялдамаларга лайф-бокстарды дагы койдурттук. Мындай тынымсызаракеттерибиз аздыр-көптүр акыры үзүрүн берип атат.
– Баса, акыр-чикирлерди атайын чоң үкөктөргө алып барбастан ара жолго көрүнгөн жерге таштагандарды, ошондой эле коомдук жайларда какырынып-түкүрүнгөндөрдү эптеп пайлап колунан кармап жазалаганга, мындайча айтканда, айып пул салганга укугуңуздар жок бекен?
– Кантип? Бар! Бул боюнча Ош шаардык Кеңешинин атайын токтому дагы мына колубузда турат. Мындан ары ошого жараша иш кылууга биротоло ыктадык. Маселен, Сиздер тизмектегендердин айрымдарын колунан, мындайча айтканда, факты үстүндө кармап, 2000 сомдон 10 000 сомго дейре жазана салып, аны чекесинен төлөттүрүп жатабыз. Бирок, мындай административдик чара айла куругандагы гана иш болуп жатат. Мунун жазасын мыйзам чыгаруучулар мындан дагы катаалдатышса, чынында, соопко гана калышмак.
– Талантбек мырза, колубуздагы маалыматка таянсак, Ош шаарында акыр-чикирлерди өз убагында тазалоочу техникалар дээрлик жетиштүү
турбайбы. Бирок, кара жумушту аткаргандардын тез-тез алмашылып жатышы арбын экен. Эмне, ишканаңыздарда маяна анчалык эмеспи, демек, ал каражаттар жумушчуларды дегеле канаттандырбайбы?

– Соңку жылдарда биздин ишканада иштегендер кыйла эле турукташып калышты. Анткени, кара жумушта эмгектенгендердин маянасы кудайга шүгүр, заман талабына жооп берет. Ал эми акыркы эки жыл ичинде Ош шаарынын мэриясы ишканабызга жети атайын техника сатып бергегенге жардамдашты. Жалпы жонунан ишканабызда жетимиш чакты техникабыз болсо, анын элүү алтысы, чынында, толук бойдон эскирип бүттү. Ушул маселе, албетте, кендирибизди абдан кесип жатат. Ошентсе дагы, эскилерин эптеп ремонттоп, дагыле урунуп келатабыз. Башка аргабыз жок! Быйыл Ош шаарында кардарларыбыз дагы жыйырма миңге көбөйдү. Анткени,калаабыздын калкы жыл өткөн сайын улам өсүп, а аймагы бара-бара кеңейип баратат. Албетте, шаарыбыздын жетекчилиги бул өңүттө биздин ишканабызга тынымсыз колдоо көрсөтүп, олуттуу көйгөйлөрдөн арылуубузга жакындан жардамдашып келатат.

ТАЛАНТБЕК КАПАРОВ: «ТЕХНИКАЛАРЫБЫЗДЫН КӨБҮ ЭСКИ. ОШЕНТСЕ ДАГЫ, ШААРДЫН ТАЗАЛЫГЫН ТУРУКТУУ КАРМАП КЕЛАТАБЫЗ»

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17