Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
3,280 Бардыгы / Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары Замирбек ЖАПАРОВ көп жылдар бою жалаң гана жетекчилик кызматтарды аркалап келатат. Кабарчыбызга курган маегинде аймактык жетекчи алдыдагы Жогорку Кеңеш шайлоосунун жүрүшүндө административдик ресрустарды колдонууга таптакыр мүмкүн эместигин ачык эле моюндап, бирок Парламенттик Башкаруу өлкөбүздө өзүн-өзү дээрлик актабагандыгын токтоосуз түрдө Конституциялык реформа жасап, Кыргызстанда Президенттик бийликти бекем орнотууну […]
3,281 Бардыгы / Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары Замирбек ЖАПАРОВ көп жылдар бою жалаң гана жетекчилик кызматтарды аркалап келатат. Кабарчыбызга курган маегинде аймактык жетекчи алдыдагы Жогорку Кеңеш шайлоосунун жүрүшүндө административдик ресрустарды колдонууга таптакыр мүмкүн эместигин ачык эле моюндап, бирок Парламенттик Башкаруу өлкөбүздө өзүн-өзү дээрлик актабагандыгын токтоосуз түрдө Конституциялык реформа жасап, Кыргызстанда Президенттик бийликти бекем орнотууну […]
Замирбек ЖАПАРОВ: «ПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУГА ТОКТООСУЗ ӨТПӨСӨК ДАГЫЛЕ АЗЫРКЫДАН БЕШ БЕТЕР ЧАЙНАЛАБЫЗ!»
17.07.2020 / Автор anarkan_kg

3,282 Бардыгы /
Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары Замирбек ЖАПАРОВ көп жылдар бою жалаң гана жетекчилик кызматтарды аркалап келатат. Кабарчыбызга курган маегинде аймактык жетекчи алдыдагы Жогорку Кеңеш шайлоосунун жүрүшүндө административдик ресрустарды колдонууга таптакыр мүмкүн эместигин ачык эле моюндап, бирок Парламенттик Башкаруу өлкөбүздө өзүн-өзү дээрлик актабагандыгын токтоосуз түрдө Конституциялык реформа жасап, Кыргызстанда Президенттик бийликти бекем орнотууну ачык демилгеледи.
– Замирбек мырза, Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийлик башчылары менен электрондук форматта жолугушуусунда «Коронавирус менен күрөшүүдө алсыздыгыңыздарды көрсөттүңөр!» –деп акимдерди абдан катуу зекибедиби. Сиз ушуга кошуласызбы?
– Коронавирус дарты алгачкы ирет үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Ноокат районундагы Зулпуев атындагы жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөттөрүндө катталган. Ошондо дароо эле бардык ички каттамдар жаптырылып, бекем көзөмөл орнотулбадыбы. Доктурлар дагы өмүрүн тобокелчиликке салып катуу иштешип, акырында оңбогон дарттын биринчи толкунуна чындап туруштук жасадык.
Ал эми COVID-19 дартынын экинчи толкунунда 438 стационардык орун уюштурганга үлгүрдүк. Көк-Бел айыл өкмөтүнөн башкасына бүт санитардык туруктуу көзөмөл дагы орноттук. Ошол бекеттердин баары тең дарыгерлер менен толук кандуу камсыз этилди. Ушинтип олтуруп белгилүү бир даражада бул ооруну дагы акырында багындырдык.
– Коронавирус, мындайча айтканда COVID-19 дарты менен күрөшүүгө көп убактыңыздарды жана күнүңүздөрдү бекер коротуп, негизги нерсени таптакыр унутуп койдуңуздар да?
– Маселен, эмнени?
– Тээ Союз маалында «Ноокат – «сары алтындын» мекени» эле. А азырчы?
– Адашкан жоксуз! Ырас, Советтер Союзу империясынын тушунда Ноокат району тамекиси менен даңкталган жана баркталган. Тилекке каршы колхоз-совхоздор ич ара бөлүнүп-жарылып, менчиктештирилип кеткенден кийин булардын агрардык саясатын тыкыр көзөмөлдөө абдан кыйынга турду. Анын үстүнө ар бир чарба же дыйкан буудай, жүгөрү, арпа, беде өңдөнгөн кирешелүү тармактарга тез ооп кетишпедиби. Ошого карабастан районубуздагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө 300 гектар аянтка дагыле тамеки эгилди. Атайын келишимибиз бар эле. Тилекке каршы келишимге кош койгон чет өлкөлүк фирма биздеги кырдаалдын кесепетинен быйыл тамеки сатып албай тургандыгын билдирди. Эми «сары алтыныбыздын» түшүмүн кантин жайгарабыз деп моминтип баш оорутуп олтурабыз.
– Сиз биз билгенден көп жылдардан бери жалаң гана жетекчилик кызматтарды аркалап келатасыз. Андыктан район акимдеринин шайланышына эмес дайындалышына макулсузбу?
– Ооба. Азыркы Баш мыйзамыбызда деле дал ушинтип дапданаа жазылган. Акимдерди Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы дайындаса, биринчиден, мыктылары гана иргелет. Экинчиден, жоопкерчилик – сурагы ого бетер күчөтүлөт. Үчүнчүдөн, көп чоң-кичине маселелерди жеринде эле чечкенге ыңгай дагы жаратылат. Минтпесек бара-бара азыркыдан беш бетер кыйналабыз, эй!
Мына, мурунку Союздун көп республикаларында дагыле Президенттик Башкаруу кадимкидей күчүндө. Эмне, мындан Өзбекстан, Тажикстан, Казастан, Белорусия утулдубу? Тескерисинче баары тең утушту. Кыргызстандын деги ушулардан эмнеси кем? Кичине намыстанбайлыбы, ыя?
– Замирбек мырза, мына 4-октябрда Кыргызстандын жаңы Парламенти шайланат. Эски адатыңыздарды карматып, дагыле бийликчил партиялардын камчысын өлө чаап, а түгүл аларды тымызын сүрөп, көпчүлүгүн Жогорку Кеңешке өткөргөнгө катуу жан үрөбөйсүздөрбү?
– Алишер, бүгүнкү күндө Кыргызстанда административдик ресурс дээрлик жок! Алар мурункудай бир дагы партияны ачык сүрөй алышпайт. Анткени ар тараптан көзөмөл күч! Тилекке каршы, «Жыгылган күрөшкө тойбойт» демекчи, Жогорку Кеңеш шайлоосунда мандатка жетпей калышкан партиялар өздөрүнүн жеңилишин административдик ресурстарга гана катуу төңкөрүшүп, шайлоочуларды дагыле алдап келатышат.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕНВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙКУУ ЖОЛУ – КЫЯМАТТЫН КЫЛ КӨПҮРӨСҮНДӨЙ
-
08.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОРДО
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg БҮГҮН МЕКТЕПТЕРДЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО КАГЫЛАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.