Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
5,789 Бардыгы / Рубрика: Мезгилдин талабы ушундай… Уюшулгандыгына 20 жыл гана толгондугуна карабастан “РСК Банк” ачык акционердик коому калк арасында чыныгы кардарларын тапканга жарады. Ошондой эле соңку жылдарда Кыргыз Өкмөтүнүн атайын программасына ылайык бир катар ири долбоолорду каржылаганга дагы абдан бекем ыктады. Бул жөнүндө аталган банктын Ош филиалынын директору Адилбек БАЙТЕМИРОВ кабарчыбызга курган маегинде ачыктады. – […]
5,790 Бардыгы / Рубрика: Мезгилдин талабы ушундай… Уюшулгандыгына 20 жыл гана толгондугуна карабастан “РСК Банк” ачык акционердик коому калк арасында чыныгы кардарларын тапканга жарады. Ошондой эле соңку жылдарда Кыргыз Өкмөтүнүн атайын программасына ылайык бир катар ири долбоолорду каржылаганга дагы абдан бекем ыктады. Бул жөнүндө аталган банктын Ош филиалынын директору Адилбек БАЙТЕМИРОВ кабарчыбызга курган маегинде ачыктады. – […]
Адилбек Байтемиров: “ЭҢ БАШКЫСЫ МОНОПОЛИСТ БАНККА АЙЛАНГАН ЖОКПУЗ!”
19.12.2016 / Автор orozalieva5,791 Бардыгы /
Рубрика: Мезгилдин талабы ушундай…
– Адилбек мырза, быйыл дыйкандарга жана жеке ишкерлерге кредит тарата баштадыңыздар эле. Мунун акыбети кантти экен?
– Жашырып не. “РСК Банктын” акциясынын 100 пайызы Кыргыз Өкмөтүнө гана таандык болгондуктан, жалпы жонунан анын мамлекеттик программаларын жүзөгө ашыруу максатында гана жыйырма жыл бою жалаң гана ийгиликтүү иштеп келатабыз.
Быйыл жыл башынан бери Ош шаарынын жана Ош облусунун дыйкандарына 316 миллион сом жеңилдетилген кредит 10 пайыз менен таратылды. Мындан тышкары мамлекеттик ипотекалык каржылоонун негизинде 15 жылдык мөөнөткө 10-14 пайыз менен дагы насыя бере баштадык.
Буга удаа Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аркылуу өнөр жайын, мындайча айтканда, өндүрүштү үзгүлтүксүз каржылоону ишке киргиздик. Күнөсканаларды, мал союучу цехтерди, мөмө-жемиштерди сактоочу кампаларды курууну ыраса күчөттүк. Ошондой эле заманбап медициналык жабдыктарды сатып алууга дагы катуу басым жасап жатабыз. Аталган фонд доллар түрүндө 5 пайыз, сом түрүндө 12 пайыз үстөгү менен гана насыяларды беш жылдык мөөнөткө таратып жатат.
Аймактагы жакшы саамалыктар дагы көңүл сыртында кала элек. Буюрса, жаңы жылдан тарта төрт жылдык мөөнөт менен 12-24 пайыз үстөгү өлчөмүндө кредит таратууну дагы максат кылып жатабыз. Бул кредиттөөнүн процедурасы дагы абдан эле жөнөкөй. Анын жүрүшүндө жемкорлуктун, бюрократиянын жыты дагы жок! Бүгүнкү күндө биз мына ушуга жетиштик.
– Өзү атаандаштык мыйзам алкагында жүрсө, жалпыңыздарга эле жакшы эмеспи. Кыргызстанда мамлекеттик банктарды эптеп алсыратып, ага улай коммерциялык банктарды жана кредиттик Союздарды түптөөнүн кажети бар беле?
– Танып не. Татыктуу атаандашуусуз коомубузда таптакыр өнүгүү жүрбөйт! Азыркы заман талабы дагы кудум ушундай. Мен адис сыңары Кыргызстанда коммерциялык банктардын, кредиттик Союздардын бара-бара көбөйүшүнөн анчалык деле трагедия жасабаймын! Анан биздин банк деле Кыргыз Өкмөтүнүн түздүн-түз колдоосунан ашкере жана ыгы жок пайдаланып, эң башкысы Кыргызстандагы монополист банкка айланып кеткен жокпуз. Ар бир кадамыбызды жети өлчөп, бир кесип, анан мыйзам нугунда гана иш жүргүзүп келатабыз.
– Акыркы жылдарда кардарларыңыздын катары көбөйдүбү, же текскерисинче, азайып кеттиби? Эмненин эсебинен?
– “РСК Банктын” дем алышсыз иштеп, элди үзгүлтүксүз тейлегенге моминтип бекем ыктадык. Албетте, бул жакшы жышаан жана мезгилдин талабы. Ошентип, эртең мененки саат 8.00дөн тартып кечки 20.30га дейре кардарларыбыз үчүн эшигибиз дайыма ачык.
Шартыбыз заманбаптагынан жана абдан ыңгайлуулугунан улам мамлекеттик төлөмдөр дагы бүт биздин гана банк аркылуу такай жүргүзүлүп келатат. Ошондой эле ар бир кардарга жылуу-жумшак мамиле жасаганга дагы көнгөнбүз.
– Адилбек мырза, эс алганга эптеп бир убакыт табаарсыз? Ошондо негизинен эмне менен көбүнчө алектенесиз?
– Кичине эле колум бошогондо бүк түшүп, чыгармаларга үңүлмөй адат тапкамын. Акыркы күндөрдө Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ли Мен Бактын “Чудес не бывает”, Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Джобстин «Жашоо жана бизнес», ошондой эле «Менин атам Ден Сяо Пин» китептерин кайра-кайра окуп, абдан таасирлендим.
Мындан тышкары бош убактымда жупуну эле кийинип, көбүнчө эл аралап жүргөндү абдан жактырам. Дал ушундай жашоодон, чынында, кайталангыс ырахат гана аламын! Көйрөңдөнүп башкалардан өзгөчөлөнгөндү, бааланганды, анан мыктысынганды эзели жактырбаймын! Бул сапаттар өзү бала кезимден эле мага абдан жат.
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Адилбек БАЙТЕМИРОВ 1977-жылы 29-июлда Ош облусунун Өзгөн районундагы Семиз-Көл айылында туулган. ОшТУнун экономика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1999-2001-жылдарда РСК банкынын Өзгөн шаардык бөлүмүндө күзөтчүлүктөн баштаган. 2001-2007-жылдарда аталган бөлүмдө бухгалтер, ага бухгалтерлик вазийпаны аркалаган. 2007-2010-жылдарда РСК Банктын Өзгөн шаардык бөлүмүндө кредит адиси сыңары эмгектенген. 2010-2015-жылдарда РСК Банктын Кара-Суу филиалын жетектеген. 2015-жылдын апрелинен сентябрына дейре РСК Банктын Өзгөн райондук филиалын башкарган. 2015-жылдын сентябрнан бери “РСК Банк” ачык акционердик коомунун Ош филиалынын директорлук кызматын абийирдүү аркалап келатат.
2004-2008-жылдары айылдык кенештин депутаты болгон.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТИН МЭРИЯСЫ ОШ ШААРЫНА 100 ТРОЛЛЕЙБУС БЕРҮҮНҮ ПЛАНДАШТЫРУУДА
-
21.06.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛГАЧКЫ VAR СИСТЕМАСЫ ТЕСТТЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕН СПОРТЧУНУ ТОСУП АЛЫШТЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.