Аймак

ЖАЛГЫЗДАРДЫН ЫЙЫК БОЛОТ,ЖАЛГЫЗ БОЛОТ МЕКЕНИ!..

 5,587 Бардыгы /

Рубрика: Ушуну билип кой, кыргызым!

ЖАЛГЫЗДАРДЫН ЫЙЫК БОЛОТ,ЖАЛГЫЗ БОЛОТ МЕКЕНИ!..Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) парламенттер аралык Ассамблеясынын (ПАА) маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Кыргыз эл акыны Шайлообек ДҮЙШЕЕВге аталган эл аралык абройлуу уюмдун Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы ыйгарылды. Муну Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Орусиянын Федералдык жыйынын төрайымы Валентина Матвиенко жана Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков тапшырышты. Атактуу кыргыз акынын Мекенине кайтаары менен кепке тарттык.
– Шаке, КМШнын парламенттер аралык Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгына кайсыл чыгармаңыз жана эмне үчүн арзып жүрөсүз?
– Бул абройлуу сыйлыкка ырларым үчүн, ошондойле элге ылдам тарап, окурмандардын бүйүрүн кызытып, сүйүп окуган китебине айланган “Агындылар” китеби үчүн татыдым. “Ырлары же “Агындылары” орус тилине которулбаса, кандайча алып калды?” деген суроо дагы туулушу толук ыктымал, Алишер. Ошону үчүн дароо эле жооп бере кетейин. Жылдын башында Жогорку Кеңештен менин “резюмемди” кокусунан эле суратып алышты. Андан кийин “Эксперттик комиссия” үчүн деп “Агындылардын” айрым жерлеринен орусча котормосу керектигин дагы айтышты. Ыраматылык Табылды Эгембердиев китебимдин 20 беттейин орус тилине которуп келатып … токтогон.
Бирок, дүйнөлүк адабиятты дагы, орус адабиятын дагы абдан мыкты билген Кеминдик бир жигит “Агындыларыңдын” айрым жерлерин орус тилине которуп көргөн экен, мыкты болуптур, окуп көрчү?” деп Нуралы алып келген. Окусам, чын эле мыкты экен. Экспертизага дагы дал ошону жөнөттүк. Баары жакшы болгонун ошондон кийин гана айтышты. Мен ага болбойле “Агындалардан” таланттуу жазуучу, мыкты журналист иним Бактияр Шаматовго дагы котортуп алдым. Ырларымды болсо Санкт-Петербургдук Танова Лариса Акимовна деген филологияилимдеринин доктору го дейм, ошол окумуштуу аял которуп берген экен…
– Борбор Азиядан, дегеле жалпы мусулман өлкөлөрүнөн Сиз өңдөнүп бул эл аралык абройлуу сыйлыкка мурун-соң татыгандар бар бекен?
– КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыгы биздин Жогорку Кеңеш тарабынан 2012-жылы негизделген. 2013-жылы сыйлыктын 1-лауреаттыгына москвалык жазуучу, акын, драматург, 30дан ашуун түрдүү жанрдагы чыгармалардын автору, Бунин, Гоголь атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты, “Литератуная газетасынын” башкы редактору Юрий Михайлович Поляков татыктуу болуптур.
2014-жылы сыйлык Азербайжан жазуучулар союзунун төрагасы Анар Расул оглы Рзаевге ыйгарылыптыр. А былтыр Армян элинин мамлекеттик жана коомдук ишмери, жазуучу Грачья Грантович Тамразян татыктуу болгон экен. Тилекке каршы бул жазуучу үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында дүйнө салып кетпедиби.
Ошентип, 2016-жылы аталган абройлуу сыйлык улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Мекенине дагы моминтип акыры-соң кайтып келди.
– Биз билгенден Сиз жеринде эле төгүп ийме адатыңыз бар эле. Санкт-Петербург шаарындагы чоң салтанат маалында дагы тигилердин ичин күйгүзүп, ыр төгүп жибербедиңизби ?
– Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык быйылкы жылы мага тапшырыла турганын 300дөй депутататтар, чет элдик меймандар катышкан Санкт-Петербургдун Таврия Ак Сарайында Орусиянын Федералдык жыйынынын Федералдык Кеңешинин төрайымы В. И. Матвиенко кабарлап, кыскача сүйлөп, сөздү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Туруснбековго ыйгарды. Ушул жерден баса белгилей кетпесем болбос, айрым окурмандар балким билбесе керек, Чыныбай Турсунбеков мыкты адабиятчы, таланттуу акын экенин. Ал филология илимдеринин кандидаты болуп туруп бир топ жыл Кыргыз Улуттук университетинде адабияттан сабак берип жүрүп, анан Түркияга кеткен эмес беле. Чыныбай мен жөнүндө, айрыкча “Агындалар” жөнүндө абдан мыкты сүйлөдү. Мен ыраазылыгымды билдирип, Валентина Матвиенконун дагы бетинен өөп ийдим…
Лауреаттык төш белгини тапшыргандан кийин “Петровалпский крепость” деп коет экен. Бул атактуу чепке алып барышты. Менин урматыма багыштап, пушкадан залп дагы аттырышты кайрандар.
– Соңку жылдарда журналистикадан кыйла эле алыстап, эл аралык «Азаттык» үналгысында эмгектенип келатасыз. Дал ушунун өзү акындык талантыңыздын ташкындашына жана андан ары өөрчүшүнө кесепетин тийгизбеди бекен?
– “Азаттык” үналгысында иштегеним чыгармачылыгыма эч кандай терс таасирин тийгизген жери жок. Анткени, мен өмүр бою журналисткада дагы күжүлдөп иштеп келдим.
– Дегеле Кыргыз поэзиясынын болочогун Сиз эмнеден көрөсүз? Жакын арада Сизден дагы озуп сонуркаткан ырларды жазып, Кыргыз поэзиясын ай-ааламга тааныткан акындар чыгаар бекен?
– Кыргыз поэзиясынын келечеги кең деп ойлоймун. Бир топ жаштар бар.
Алардын “басыгы” бир топ жылдардан кийин гана даана билинет. Алар азыр “чуркап” келаткандар.
– Шаке, окурмандарыбызга соңку сааттарда жараткан ырларыңыздан биршиңгил окуп бериңизчи?

– Болуптур. БАЛАПАН ТУУРАЛУУ БАЛЛАДА.
Талаа көрсөм кызгалдактуу, жайык көрсөм кең өстөн,
Элеттеги үй эсиме түшө берет,
Качандыр бир мен өскөн…

Бозторгойдун уясындай
Жепирейген үй эле,
Бир кемпирдин канатынын күүсү астында эметкен.

Балекет го бөөдө кырсык,
Алай-дүлөй нөшөрлөгөн жамгырдан,
Бастырмага баратканда байкабай
Оң мүрүсүн чалгы урган,
Таранчыны көргөн элем
Жем тиштеген калыбында тырпырап,
Аңтарылган көзү менен
Балапанын бир жалт карап жан кыйган…

Өлүм деген жаман экен,
Өксүп өмүр сызды ары,
Өлүп жаткан таранчыны тиргизчүдөй
Ала койдум кыктагы.
Көөдөнүмөн атып чыгып чымчык болуп жүрөгүм,
Уядагы жетим калган
Балапанды чарк айланып сыздады.

Жарганаттай жанды сабап,
Чарык таштай тартылып,
Жандалбастап ал уяга жем ташыдым талпынып.
Башы бүтүн жан жок тура,
Менин дагы энем бир күн кош айтты,
Балапандай уядагы мени жалгыз калтырып.

Мен карасам улутунуп,
Энелерди бала ээрчитип бараткан,
Ал балапан карачу эле муңун төгүп
Чымчыктарды сайрап учкан дарактан.

Билбейм бизди сактады окшойт,
Көз жаш, куса, кек эмес,
Кемпир менен таранчынын
Арбактарын алып жүргөн Жараткан.

Көпөлөктөй үмүттөрдү
Азгырбаган бул жазмышта от барбы?
Көлөкөлүү көктөм болду бизге ошондо кош кайгы,
Уясынан учуп чыкты чымчык болуп балапан,
Бозторгойлуу элеттеги
Менин да уям бош калды.

Кайыр кош деп кеттим үйдөн,
Калдаңдаган тилегимдин кайыш боосун кармана,
Каргашалуу күн туш келсе,
Калка болор ага-иниден кайда маа,
Тууган жерден тамырымды жулдум дагы
Тоодон ойго серпилип,
Бой таштадым көк жин чачкан дайрага.

Ал дайрада актым жалгыз,
Агындыдай актым ташка, жарга урунуп термелдим.
Анан бир күн алтын чайкап жүргөндөрдүн
Көз торуна элгендим.
Алтынымды алышты да
Азабымды таштап кете беришти,
Канатымды кагалбастан
Каржилигин огу жанчкан мергендин,
Карышкырдай как талаада сенделдим.

Актым жалгыз,
“Жалгызмын” деп айтпа дедим,
“Жалгызмын” деп созбо обон?
Жалгызмын деп сен эле эмес,
Кезегинде акырек ылдый жаш агып,
Манас дагы боздогон.

Жан азбы азыр
Жакындарын жоктогон?
Жалгыздыгы барлар гана
Жалгыздыктан сактап турат дүйнөнү,
Жалгыздыгы барлар гана,
Жалгын менен Чын дүйнөнүн ортосуна токтогон.

… Коңур өлөң тоо-талаанын
Гүлгө толуп этеги,
Короолордо сайрап турат
Чымчык болуп балапандар кечээги.
Сен бирөөнүн каргышына калбайм десең аяп өт,
Жалгыздардын ыйык болот,
Жалгыз болот Мекени!..
ЖАЛГЫЗДАРДЫН ЫЙЫК БОЛОТ,ЖАЛГЫЗ БОЛОТ МЕКЕНИ!..ЖАЛГЫЗДАРДЫН ЫЙЫК БОЛОТ,ЖАЛГЫЗ БОЛОТ МЕКЕНИ!..

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17