Аймак

Нурбек САМИДИНОВ: “ЖЕКЕ ѲНДҮРҮШТѲРДҮ ѲСТҮРҮП, АЙЫЛДЫН КѲЙГѲЙЛѲРҮН НАТЫЙЖАЛУУ ЧЕЧҮҮ КЕРЕК”

Нурбек САМИДИНОВ: “ЖЕКЕ ѲНДҮРҮШТѲРДҮ ѲСТҮРҮП, АЙЫЛДЫН КѲЙГѲЙЛѲРҮН НАТЫЙЖАЛУУ ЧЕЧҮҮ КЕРЕК”

 9,335 Бардыгы /

Нурбек САМИДИНОВ: “ЖЕКЕ ѲНДҮРҮШТѲРДҮ ѲСТҮРҮП, АЙЫЛДЫН КѲЙГѲЙЛѲРҮН НАТЫЙЖАЛУУ ЧЕЧҮҮ КЕРЕК”

Нурбек Самидинов үстүбүздөгү жылдын 25-январында Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ага 21 айылдык кеңештин 13ү ишенимин артты. Коногубуз активдүү жана жигердүү жаштардын катарын толуктайт.

Ал 1978-жылы Сузак районунда туулган. Кыргызстандын намысын коргоп 2006- 2007- 2008-жылдары самбо күрөшү боюнча Азиянын чемпиону болуп, бир катар эл аралык оюндарда байгелүү орундарды багындырган. Ал эле эмес ошол 2008-2009-жылдары дүйнөлүк чемпионаттарда жеңишке жетишкен.
Облуста спорт тармагын өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошуп, Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт клубунда бир топ алгылыктуу иштерди аткарган. Айталы укук коргоо органдарын спорттук чеберчиликке даярдоодо, машыктырууда жемиштүү иштеп, анын шакирттери дүйнөлүк жана Азия оюндарында байгелүү жана жеңүүчү орундарга татышкан.
Каарманыбыз күнүмдүк жашоодо спорттон сырткары айыл чарба иштерин жүргүзүп келет. Өзү өндүргөн айыл чарба азыктарын Жалал-Абад шаарына сатат. Аны менен катар айыл чарбасынын жана айыл жеринин күңгөй-тескей маселелерин жакындан билет.

– Нурбек мырза, ишмердүүлүгүңүздү түп тамыры менен өзгөртүп жергиликтүү бийликке келүүңүзгө эмне түрткү болду?
– Билесизби, негизинен ишмердүүлүгүмдү толугу менен алмаштырган жокмун. Анткени мен айылда өскөн баламын, мына бүгүнкү күндө да чарба менен алектенем. Ал эми айыл турмушу, андагы кыйчалышкан маселелер мен үчүн жаңылык эмес. Досторум кеңеш айтып “айыл өкмөтү катары жергиликтүү маселелерди, жаш муундун маселелерин чечип элге жардам берүүгө мезгил келбедиби сага” деп сүрөп калышты. Анан өзүмдү шайлоодо сынап көрүүнү, депутат болуп өтүп калсам айыл аймагынын башчылыгына ат салышып көрүүнү чечтим.
– Анан айыл аймагынын башчылыгына талапкер болдуңуз.
– Ооба, Таш-Булак айылдык кеңешинин депутаттары добуш берүүдө мени колдошту. Ал эми мага эл ишенимине арзуу жоопкерчилиги жүктөлдү. Шайлоодо оң жыйынтыктын болуп болбоосуна көп кыжаалат тарткан жокмун, шайлашса ак ниетим менен иштейм, шайланбай калсам да айыл үчүн колумдан келгенин жасайм деп жаткам. Бул мен үчүн трагедия деле эмес болчу. Ал эми айылдык кеңештин депутаттары жөнүндө айтсам, айыл аймагыбызды өнүктүрүүгө салымын кошо турган, билимдүү, сыйга татыктуу кишилер келишкен. Андыктан мен, биз көп маселелерде ымалага келип ынтымак менен бир катар суроолорду жемиштүү чече алабыз деп ойлом.
– Мурда сиз жаштар менен көп иштешип, облуста спорттун өнүгүүсүнө көмөктөшчү элеңиз …
– Ооба, мен азыр да жаштар менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар тыгыз иштешиши керек деп эсептейм. Жаш муунду эмгекти сүйүүгө, патриоттуулукка, улуттар аралык ынтымакты сактоого чакырышыбыз керек деген ойдо ишенимдүүмүн. Ал эми көчөдөгү чоң муштум болгондорду элестүү айтканда жоюу керек. Көчө таптоонун ордуна алар ошол күчүн, энергиясын шаардын, айылдын намысын коргоп бир гана спорттук аренада сынашса деймин.
Баса белгилеп өтүүчү нерсе, биздин айыл аймактын жаштары менен иштешүү маанилүү. Жаштарга шарт түзүү, аларды айыл аймактын маселелерин чечүүдө активдүү катышышына мүмкүнчүлүк берүү керек деп эсептейм. Жаштар Орусияга мигрант болуп кетип эмес, мекенинде так ушул жерде өздөрүн реализациялоого, иштөөгө шарт түзүшүбүз кажет. Биздин коомдо радикалдык-эсктремисттик уюмдардын таасирин, аракетин айткым келет. Мен ойлойм коомчулук менен жергиликтүү бийлик жаштарыбызды бир багыт менен алектенүүсүнө шарт түзүп, андай азгырыктардан оолактатуусу зарыл.
Дагы бир маанилүү маселе улуттар аралык мамиле. Биздин айыл көп улуттуу, бирок бул жерде күнүмдүк турмушта улутчулдук басымдуулук кылган фактылар болуп турат. Муну жоюу үчүн комплекстүү чара иштеп чыгуу керек. Алдыңкы келечекте 2010-жылдагыдай окуялар кайталанбашы үчүн алдын алуу чараларын көрүү кажет.
– Айыл аймакты өнүктүрүүгө болгон ушул жылга карата пландарыңыз менен бөлүшсөңүз?
– Абдан туура суроо болду. 2017-жылы биздин админстрация айыл чарба, мал чарбасы багытында иштиктүү аракеттерди көрүп, фермерлерге дал ушул багытта көмөк көрсөтүүбүз керектигин көздөп турам. Айыл аймагыбызда бир катар өндүрүүчүлөр бар, аларга колдоо көрсөтүүбүз керек. Анткени алар мамлекетке салык төлөп, элди жумуш менен камсыз кылып келүүдө. Дагы бир орчундуу маселе ошол өндүрүлгөн продукцияны сатуу болуп жатат. Биз ал фермерлерге өндүрүмдөрүн облус аймагында, андан сырткары да реализациялоосуна колдон келген колдообузду беребиз. Андан сырткары турак жай маселеси, жаңы конуштарга инфраструктуралык мүмкүнчүлүк түзүү жагы курч турат. Жаңы конуштарга электр, таза суу менен камсыздоо, унаа жүрүүчү чоң жолду салуу жана башка бир катар коммуникациялык көйгөйлөрдү чечүү керек.
– Таш-Булак айылы чарба иштери менен гана алектенеби?
– Сиз туура айтып жатасыз, айыл аймагында орто жана чакан бизнести колдоо да планыбыз бар. Биздин айылда таланттуу адамдар көп, биз аларга шарт түзүп берсек, алар бир катар майда ишканаларды ачышат.
Ал эми бул айылыбыз үчүн абдан маанилүүлүгү, өзгөчөлүгү Жалал-Абад шаары менен чектешебиз. Бул мүмкүнчүлүктү жакшы колдонуу керек. Биздин дыйкандар айыл чарба азыктарын өндүрүүдөн, өз ишин баштоодон коркпошу керек. Бул бизге кошумча жумушчу орундарды гана түзбөстөн облуста, Сузак районунда айыл аймактын кадырын көтөрүүчү салык жана башка которууларды өстүрөт. Тагыраагы мамлекеттик казынага салымыбыз болот.
– Сиздердин айыл аймак салыштырмалуу калк тыгыз жайгашкан, чоң айыл. Ага жараша түрдүү тактамаларга болгон кайрылуулар көп болсо керек. Элге кызмат көрсөтүү жагы кандай болуп жатат?
– Ырас, биздин айыл аймакта калк жыш жайгашкан, администрация элге кызмат көрсөтүүдө эффективдүү иштерди алып баруудабыз. Буга чейин да кандайдыр тактама үчүн кайрылган жарандын кайрылуусу узакка созулганын же жоопсуз калганын уккан эмесмин. Албетте калкка кызмат көрсөтүүнү эффективдүү жана өз убагында чечүүгө аракет кылып жатабыз.
– Маегиңиз үчүн рахмат!

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17