Аймак

БАТКЕНДИН ТУРГУНДАРЫ ДИНИЙ ЭКСТРЕМИСТТИК АГЫМДАН БАШ ТАРТЫШТЫ

БАТКЕНДИН ТУРГУНДАРЫ ДИНИЙ ЭКСТРЕМИСТТИК АГЫМДАН БАШ ТАРТЫШТЫ

 135 Бардыгы /

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан экстремизмдин, ошондой эле  терроризмдин алдын алуу максатында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, бүгүнкү күнгө дейре Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү эсептелген Лейлек районунун тургундары – мурда соттолгон 50 жаштагы Г.А., 49 жаштагы Б.Х., 35 жаштагы Н.у.А., 38 жаштагы С.К. өз каалоолору менен аталган уюмдан баш тартышкандыгын шардана кылышты.

Баса, бул тууралуу алар өздөрү дагы видео кайрылуусунда билдиришип, мындан ары бул агымга эч кандай тиешеси жок экендиги жана идеологиясын таптакыр колдобой тургандыгы жөнүндө кайрылуу жасашты.

Азыркы күндө Баткен облусунун аймагындагы ушул жарандарга окшоп адашып башка жолго кетип калышкан жарандар боюнча дагы калк арасында түшүндүрүү жана ынандыруу жараяны дагыле активдүү жүргүзүлүп жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17