Аймак

УРУУЛУК ЖАСАГАНДАР КАРМАЛДЫ

УРУУЛУК ЖАСАГАНДАР КАРМАЛДЫ

 3,648 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери бир нече батирге уурулук жасаган шектүүлөрдү кармады.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Сузак районунун 1981-жылы туулган тургуну А.Б. арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 25-май күнү үйүнө белгисиз кылмышкерлер эшигин бузуп киришип, жабырлануучунун жубайы 1986-ж.т. А.Н. баш мээсинде кан тамыры жарылып оор операция жасоо үчүн коомчулук тарабынан жардам катары кайрымдуулуктан чогултулган жалпы суммасы 500 000 сомдон ашуун акчасын уурдап кетишкенин билдирген.

Ал эми ошол эле райондун 1974-ж.т. тургуну А.Г. милицияга арызданып, 2022-жылдын 9-июнь күнү белгисиз кылмышкерлер үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланып эшигин бузуп кирип, бөлмөлөрүн чачып, бирок баалуу буюм жок болгондуктан эч нерсе албай окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкендигин билдирген. Ошондой эле 2022-жылдын 18-июнь күнү Сузак районунун 1971-ж.т. тургуну Г.А. арызы менен кайрылган, анда 2022-жылдын 8-июнь күнү саат 9:45 тен 12:00го чейинки аралыкта үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланып, белгисиз кылмышкерлер базар баасы 30 000 (отуз миң) сомдун күмүш зергерин алып үйүмдү тытып кетишиптир деп билдирген.

Жогорудагы көрсөтүлгөн фактылар боюнча Сузак РИИБдин КБРге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары башталган.

Аталган кылмыштардын бетин ачып, уурулукту токтотуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүң опер кызматкерлери менен биргеликте болуп жаткан батир уурлук кылмыш иштери боюнча алынган маалыматтардын, ошондой эле жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын 19-июнь күнү Сузак районунун 39 жаштагы тургуну тургуну Н.А. Ош шаарында иизин жашырып жүргөн жеринен кармалган.

Ал эми анын кылмыштуу шериги Жалал-Абад шаарынын 31 жаштагы тургуну И.Х. Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөн ижарага убактылуу батир алып жашынып жаткан жеринен кармалып, жашаган дарегине тинтүүжүргүзүлүп, кылмышка тиешелүү далил буюмдар алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө уурулукка шектүүлөр Н.А. жана И.Х.нын баш коргоо чаралары райондук тергөө соту тарабынан каралып, 2 айлык мөөнөткө камакка алынган.  Уурулуктан жабыр тарткан атуулдарга чыгымдар жарым жартылай кайтарылып берилип, алар өз учурунда милицияга ыраазычылыктарын айтышып, иштерине ийгилик каалап өтүштү.

Азыркы күндө батир уурулук фактылары боюнча ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары улантылууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17