Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
4,843 Бардыгы / Мавлюда апа КОЧКОРОВА 70 жашта. Ошентсе дагы өзүнө абдан тың. Араван районунун акимине бир нече күндөн бери кире албай жүргөн кемпирди аймактык бийликтин босогосунан эле кармап, андан ары капыл-тапыл кепке тарттык. Мавлюда апа, эстесеңиз? Деги пенсияга чыкканга дейре эмне кесипти аркаладыңыз эле? Өмүр бою, тактап айтканда дээрлик 50 жыл катары менен Араван райондук […]
4,844 Бардыгы / Мавлюда апа КОЧКОРОВА 70 жашта. Ошентсе дагы өзүнө абдан тың. Араван районунун акимине бир нече күндөн бери кире албай жүргөн кемпирди аймактык бийликтин босогосунан эле кармап, андан ары капыл-тапыл кепке тарттык. Мавлюда апа, эстесеңиз? Деги пенсияга чыкканга дейре эмне кесипти аркаладыңыз эле? Өмүр бою, тактап айтканда дээрлик 50 жыл катары менен Араван райондук […]
Мавлюда КОЧКОРОВА: “СОЮЗ МААЛЫНДА ЮРИЙ АНДРОПОВ МЕНИ МОСКВАГА ЧАКЫРТЫП КАБЫЛ АЛЫП СҮЙЛӨШКӨН, АЛ ЭМИ АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ ЧОҢДОРУ …”
15.08.2022 / Автор anarkan_kg4,845 Бардыгы /
Мавлюда апа КОЧКОРОВА 70 жашта. Ошентсе дагы өзүнө абдан тың. Араван районунун акимине бир нече күндөн бери кире албай жүргөн кемпирди аймактык бийликтин босогосунан эле кармап, андан ары капыл-тапыл кепке тарттык.
- Мавлюда апа, эстесеңиз? Деги пенсияга чыкканга дейре эмне
кесипти аркаладыңыз эле?
- Өмүр бою, тактап айтканда дээрлик 50 жыл катары менен Араван
райондук керек-жарак коомунда үзгүлтүксүз иштедим. Ошерде жан үрөп эмгектенип, кадыр-барк күттүм жана дагы жападан жалгыз уул таптым. Андан эки неберем бар. А азыр өзүм жалгыз боймун.
- Анда деги ушул тапта кимдин колунда жансактап жатасыз?
- Араван районуна караштуу Санталат Юсупова атындагы айыл
өкмөтүнүн курамындагы Октябрь кыштагындагы төрт бөлмөлүү үйдө дагыле жалгыз жашаймын.
- Баса, Сиз бул үйдү кандайча алып калдыңыз эле?
- Өзү бул үй Октябрь айылындагы мектептин балансында болчу.
Союз кулагандан кийин таптакыр эле каралбай, анан дагы малканага гана айланган. Жыйырма беш жыл мурун бул турак жайды мага эл өзү энчилеген. Ошондуктан банктан дагы 700 миң сом кредит алып, адам жашаганга мүмкүн эмес жайдын айланасын жууп-тазалап, а түгүл көрктөндүрүп, буга улай ыраса көктөттүм.
Кызык оюн кийин башталбадыбы. Араван районундагы Санталат Юсупова атындагы айыл өкмөтү бул башпаанемди эми менден каратып туруп талашып гана келатат. Болбосо ошончо жылдан бери коммуналдык төлөмдөрдү (электр энергиясын, таштандыны жана сууну акысын) бүт мен 25 жылдан бери кечеңдетпестен төлөп эле келатам. Мына квинтацияларым! Буга ишенбесеңер, коңшуларымдын баары тең тирүү! Алардын бардыгы мага күбө өтүшкөнгө дапдаяр!
- Сизди убагында СССР КГБсынын төрагасы Юрий Андропов
жеке кабылдагандыгын уккан жайыбыз бар. Деги ушул сөз чынбы?
- Ыя, айланайын, балам! Карыганда калп айтсам, мени анык Кудай
урбайбы. Ооба. Тээ Союз маалында СССР КГБсынын төрагасы Юрий Андропов мени Москвага атайын чакыртып алып чек ара, калк турмушу, анан дагы элеттеги абдан олуттуу көйгөйлөр туурасында ачык-айкын жана кең-кесири сүйлөшкөн. Ал эми азыркы Кудай урган Кыргыз чоңдору мени Ак үйгө жолотушпай, а түгүл жашаган үйүмдөн дагы моминтип кубалап жатышпайбы.
Эң кызыгы: Араван районуна караштуу Санталат Юсупова атындагы айыл өкмөтү жакында мени сотко дагы бериптир. Ушинтип мени баары бир күчтөп башпаанемден эптеп чыгарышат өңдөнөт.
- Мавлюда апа, анда Сиз кантесиз?
- Президентибиз Садыр Жапаров күн сайын интернетти карап,
ЖМКлардын баарын тең тегиз окуп турат экен. Акыры менин Силер жазган арыз-муңума дагы көзү түшүп калса, Кудай жалгап мага деле карыган-арыган чагымда мыйзамдуу жолун таап, жардамдашаттыр, айланайын…
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Араван району
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
-
10.11.2023 / Автор anarkan_kg АКЧА АЛДАП КЕТКЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.