Аймак

АРАВАНДА ЖАШОО-ШАРТЫ НАЧАР 50 ҮЙ-БҮЛӨГӨ 100 МИҢ СОМДОН ТАРАТЫЛДЫ

АРАВАНДА ЖАШОО-ШАРТЫ НАЧАР 50 ҮЙ-БҮЛӨГӨ 100 МИҢ СОМДОН ТАРАТЫЛДЫ

 1,560 Бардыгы /

ОШ. Ош облусунун Араван районундагы аз камсыз этилген 50 үй–бүлө чакан бизнес баштоо максатында 100 миң сомдук  сертификаттарды алышты.

Ошентип, эл арасынан калыстык менен иргелген үй-бүлөлөргө акчалай сертификаттарды министрлер кабинетинин орун басары Бакыт Төрөбаев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева тапшырышты. Араван районунун “Социалдык контрактынын” катышуучулары таратылган каражаттарды мал чарбачылыгы, кол өнөрчүлүк, азык-түлүк дүкөндөрүн, сулуулук салонун жана күнөсканаларды ачуу сыяктуу багыттарда бизнести баштоого пайдаланууга гана ниеттенип жатышат.

Баса, “Социалдык контракт” долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында республикалык бюджеттен 292 миллион бөлүнүп, өлкө боюнча 2800 аз камсыз этилген үй–бүлөлөргө гана берилет. Каражат турмуш-шарты начар үй–бүлөлөргө чакан бизнес ачууга гана максатталган. Белгилей кетчү жагдай: аз камсыз этилген үй–бүлөлөрдү колдоо максатында 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку кайтарымсыз каражаттарды берүү президент Садыр Жапаровдун жеке демилгеси аркасында жүзөгө ашырылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17