Аймак

ИРАНДА КАЙРАДАН ТОЛКУНДОО. АЯТОЛЛАНЫ ДАҢКТАП ЫРДООДОН БАШ ТАРТКАН КЫЗ УР-ТОКМОКТОН КӨЗ ЖУМДУ

ИРАНДА КАЙРАДАН ТОЛКУНДОО. АЯТОЛЛАНЫ ДАҢКТАП ЫРДООДОН БАШ ТАРТКАН КЫЗ УР-ТОКМОКТОН КӨЗ ЖУМДУ

 834 Бардыгы /

Ирандагы мектепте жогорку лидер Али Хаменеини мактап ырдоодон баш тартканы үчүн күч кызматкерлери тарабынан сабалган 16 жаштагы Асра Панахи ооруканада өлгөндөн кийин жаңы нааразылык тутанды.

The Guardian билдиргендей, окуя 13-октябрда өлкөнүн түндүк-батышындагы Ардебиль шаарына болгон. Иран мугалимдеринин кесиптик ассоциациясынын координациялык кеңеши кабарлагандай, күч кызматкерлери ал күнү мектепке келишип, кыздардан иран лидерин даңктаган ырларды ырдоону талап кылышкан. Кыздар баш тартышканда аларды сабашкан, бир нечеси ооруканага жеткирилип, калганы камалган. 14-октябрда Панахи ооруканада көз жумган.

Басылманын бидиришинче, иран бийлиги окуя үчүн жоопкерчилик алган эмес. Асра Панахинин өлүмү өлкөдө жаңы толкундоолорду пайда кылды. Мындан соң өзүн анын абасымын деп тааныштырган киши мамлекеттик телеканалдардын эфиринде кыз жүрөк кемтигинен кайтыш болгонун билдирди.

Иранда 16-сентябрда хижабды кийүү эрежесин бузду деп айыпталган студент Махса Амини убактылуу кармоочу жайда каза тапкандан кийин өкмөткө каршы акциялар тутанган.

Бийлик нааразылык акцияларын күч менен баскан. Өткөн аптада бийлик мекептерде рейддерди жүргүзгөн. Соцтармактарда тараган видеолордон полициячылар класстарга кирип барып, окуучу кыздарды кармап, күч менен машинелерге салып кетип жатканын, мындан тышкары мектеп имараттарын көздөн жаш агызуучу газ менен аткылашканын көрүүгө болот. Ирандын Мугалимдер кесиптик кошууну “катаал жана ырайымсыз” рейддерди айыптап, билим берүү министри Юсеф Нуринин отставкасын талап кылышты.

16 жаштагы Назнин ата-энеси анын наразылыктарга катышуусуна тыюу салганын айтты.

“Мектепке жиберишкен жок, себеби ата-энем өмүрүм үчүн кооптонууда. Бирок эмне өзгөрдү? Режим окуучу кыздарды камап, өлтүрүүнү улантып жатат”, – деди ал.

Анын айтымында, өлкө боюнча жаштар кайрадан нааразылыкка чыгууну чечишти, ал да митингдерге катышууга ниеттенүүдө.

Iran Human Rights уюму билдиргендей, жалпы улуттук нааразылыктвр учурунда өлгөндөрдүн саны 215 адамга жетти, арасында 27 бала бар.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17