Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
949 Бардыгы / Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу 18-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда сапардын мөөнөтү такталууда. “Кыргызстан үчүн тышкы саясатта Өзбекстан менен кызматташтык башкы орунда. Ошондуктан, президент Садыр Жапаров да өзүнүн алгачкы сапарларынын бирин Ташкентке жасады. Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга […]
950 Бардыгы / Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу 18-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда сапардын мөөнөтү такталууда. “Кыргызстан үчүн тышкы саясатта Өзбекстан менен кызматташтык башкы орунда. Ошондуктан, президент Садыр Жапаров да өзүнүн алгачкы сапарларынын бирин Ташкентке жасады. Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга […]
ӨЗБЕКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ КЫРГЫЗСТАНГА МАМЛЕКЕТТИК САПАР МЕНЕН КЕЛЕТ
19.10.2022 / Автор anarkan_kg

951 Бардыгы /
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу 18-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда сапардын мөөнөтү такталууда.
“Кыргызстан үчүн тышкы саясатта Өзбекстан менен кызматташтык башкы орунда. Ошондуктан, президент Садыр Жапаров да өзүнүн алгачкы сапарларынын бирин Ташкентке жасады. Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары тууралуу макулдашуу бар. Мөөнөтү дипломатиялык агымдар аркылуу такталууда. Учурда биз Өзбекстан тарапка сунуштачу инвестициялык долбоорлор, бир катар меморандум жана эки тараптуу келишимдердин долбоорлору даярдалып жатат”.
Нуран Ниязалиев кол коюлчу документтердин мазмунун ачыктаган жок.
Айрым маалыматтарга караганда, Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке сапары учурунда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жерди Өзбекстанга берүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Келишимдин долбоору өткөн аптада Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралган.
Жыйынтыгында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу комитеттин чечимине кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүрдү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев документте ачыкталбай турган маалыматтар бар экенин, документтин толук мазмуну эки президент кол койгондон кийин жарыяланарын айткан.
Быйыл, 14-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча үч тараптуу макулдашууга жетишкен. Макулдашууга ылайык, жол тилкеси Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты менен өтөт. Учурда үч өлкөнүн адистери долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп жатканы маалым. Аларга келерки жылдын 1-июнуна чейин убакыт берилген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
17.09.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛӨТ
-
-
17.09.2026 / Автор anarkan_kg ЭТ БЕЛГИЛЕНГЕН БААДА ГАНА САТЫЛАТ: БИРДИКТҮҮ БААЛАР ЖАРЫЯЛАНДЫ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg КӨК-АРТ РАЙОН ЭЛЕКТР ТАРМАКТАРЫ 85 ПАЙЫЗ КҮЗ- КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯР
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.