Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ КАДРДЫК ДАЙЫНДООЛОР
«КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ» ААКта ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
Ой толгоо ДААВАТ. ДААВАТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
1,132 Бардыгы / Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн Кызыл-Октябрь айылынын эки аксакал тургуну 18-октябрда райондук милицияда суракта болгонун “Азаттык” радиосуна жергиликтүү тургун Акжол Шадманов билдирди. Анын айтымында, 59 жана 63 жаштагы эки айылдашын Өзгөн райондук милициясына “Ватсапта” ачылган ачык тайпада жазылган пикирлерге байланыштуу алып кетишкен: “Ватсаптан кечээ ачык тайпа ачышкан экен. Анда 500-600 киши […]
1,133 Бардыгы / Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн Кызыл-Октябрь айылынын эки аксакал тургуну 18-октябрда райондук милицияда суракта болгонун “Азаттык” радиосуна жергиликтүү тургун Акжол Шадманов билдирди. Анын айтымында, 59 жана 63 жаштагы эки айылдашын Өзгөн райондук милициясына “Ватсапта” ачылган ачык тайпада жазылган пикирлерге байланыштуу алып кетишкен: “Ватсаптан кечээ ачык тайпа ачышкан экен. Анда 500-600 киши […]
КЕМПИР-АБАД БОЮНЧА КУРУЛТАЙГА КАТЫШКАН ЭКИ АДАМ МИЛИЦИЯГА ЧАКЫРТЫЛГАНЫ МААЛЫМ БОЛДУ
19.10.2022 / Автор anarkan_kg

1,134 Бардыгы /
Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн Кызыл-Октябрь айылынын эки аксакал тургуну 18-октябрда райондук милицияда суракта болгонун “Азаттык” радиосуна жергиликтүү тургун Акжол Шадманов билдирди.
Анын айтымында, 59 жана 63 жаштагы эки айылдашын Өзгөн райондук милициясына “Ватсапта” ачылган ачык тайпада жазылган пикирлерге байланыштуу алып кетишкен:
“Ватсаптан кечээ ачык тайпа ачышкан экен. Анда 500-600 киши болуп кетиптир. Ар ким ар кандай пикирин жазган экен ал жакка. Курултай өтсө эле болду дебестен дагы чыгышыбыз керек, элдин үнүн жеткиришибиз керек деген чакырыктар жасалыптыр. Тайпаны ачкан ошол киши жана дагы бир-эки админ бар экен. «Чакырык таштап жатасыңар, жол тособуз депсиңер» деп алып барып сурак кылышыптыр. Жарым саат болду, ошол жактан келдик. Айылдын жаштары 50-60 бала чогулуп барып чыгарып келдик”.
Милиция бул боюнча азырынча комментарий бере элек.
10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.
15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Бүгүн милицияда болгон эки тургун да ал курултайда болгон.
Суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айткандар Кызыл-Октябрь айылында былтыртан бери нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатышат.
Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага да ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.
Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
26.02.2026 / Автор anarkan_kg ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫН ЖҮЗ ҮЙ-БҮЛӨСҮ ЖАҢЫ КОНУШКА КӨЧҮП КИРИШТИ
-
26.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ КАДРДЫК ДАЙЫНДООЛОР
-
26.02.2026 / Автор anarkan_kg ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ КЫЗМАТТАН БОШОТУЛДУ
-
05.03.2025 / Автор anarkan_kg АК КАЛПАК МАЙРАМЫҢЫЗДАР КУТ БОЛСУН!
-
-
18.03.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛЕКТР ТАРМАГЫ ЖАНДАНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.