Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,243 Бардыгы / Кытай Коммунисттик партиясынын курултайынын алдында Шинжаң-Уйгур автоном облусунда жүздөгөн уйгур улутундагы жаран кармалган. Бул тууралуу Radio Free Asia аймактын бийлигиндеги өз булактарына таянып кабарлады. Маалыматка караганда, мындай чара Шинжаңда башаламандыктардын чыгып кетпөөсүнө ишенимдүү болуу үчүн көрүлгөн. Кармоолор Коммунисттик партиянын ХХ курултайына бир нече ай калганда –июль айында эле башталган. Октябрдын башында кытай бийлиги Шинжаң […]
1,244 Бардыгы / Кытай Коммунисттик партиясынын курултайынын алдында Шинжаң-Уйгур автоном облусунда жүздөгөн уйгур улутундагы жаран кармалган. Бул тууралуу Radio Free Asia аймактын бийлигиндеги өз булактарына таянып кабарлады. Маалыматка караганда, мындай чара Шинжаңда башаламандыктардын чыгып кетпөөсүнө ишенимдүү болуу үчүн көрүлгөн. Кармоолор Коммунисттик партиянын ХХ курултайына бир нече ай калганда –июль айында эле башталган. Октябрдын башында кытай бийлиги Шинжаң […]
КЫТАЙ: КОМПАРТИЯ КУРУЛТАЙЫНЫН АЛДЫНДА ШИНЖАҢДА ЖҮЗДӨГӨН УЙГУР КАРМАЛГАН
28.10.2022 / Автор anarkan_kg1,245 Бардыгы /
Кытай Коммунисттик партиясынын курултайынын алдында Шинжаң-Уйгур автоном облусунда жүздөгөн уйгур улутундагы жаран кармалган. Бул тууралуу Radio Free Asia аймактын бийлигиндеги өз булактарына таянып кабарлады.
Маалыматка караганда, мындай чара Шинжаңда башаламандыктардын чыгып кетпөөсүнө ишенимдүү болуу үчүн көрүлгөн.
Кармоолор Коммунисттик партиянын ХХ курултайына бир нече ай калганда –июль айында эле башталган. Октябрдын башында кытай бийлиги Шинжаң тургундарынын зарылдык жок аймактан чыгуусуна жол бербөө максатында бардык жарандардын автоном облуска кирүүсүнө тыюу салган.
Коммунисттер партиясынын Панжим кыштагындагы бөлүмүнүн катчысы билдиргендей, аймакта акыркы кармоолор октябрдын башында жүрүп, ал партия курултайынын алдындагы репрессиялардын бир бөлүгү болгон.
“Кармалгандардын көбү негизинен 2000-жылдан кийин төрөлгөн жаштар. Алардын тизмесин аймактагы аткаминерлер түзгөн”, – деп кошумчалады катчы.
Radio Free Asia журналисттери Хотан шаарындагы укук коргоо органдарынын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн башчысынын үйүнө телефон чалышкан. Телефонду анын апасы алып, Strike Hard өнөктүгү башталгандан бери уулу “адамдарды кармоо менен алектенип бошобой жатканын” айткан. “Партиянын курултайынан улам анын колу бошобой жатат. Иш бөлмөсүндө уктап иштеп жүрөт”, – деген апасы.
“Уулуңуз ушул маалга карата канча киши кармалганын айттыбы?” деген суроого жооп берген ал 1-2 миң жаран кармалганын айткан.
Кулжа шаарындагы офицер жакындагы репрессиялардын жүрүшүндө полиция “кооптуу муундун өкүлдөрү” болуп эсептелген 125 кишини кармаганын билдирген.
Шинжаң-Уйгур автоном облусундагы “кайра тарбиялоо лагерлери” тууралуу маалыматтар 2017-жылдан тарта пайда боло баштаган. Мындай лагерлерде негизинен ислам динин тутунган уйгур, казак жана кыргыз өңдүү этникалык азчылык өкүлдөрү кармалып турат. Бээжин ал жайлар түрмө эмес, экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү үчүн ачылган кесиптик билим берүү борборлору экенин билдирип келет. Бирок аталган лагерлерде отуруп чыккан адамдар дээрлик абактагыдай катаал мамиле жасалып, мажбурлап иштетип, күнү-түнү коммунисттик пропаганда менен “сугарып” турушканын айтып беришкен.
2022-жылдын башында БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушу боюнча баяндамасын жарыялаган. Анда лагерге отуруп чыккандар андагы катаал мамиле, кыйноолор жөнүндө айтып беришкен. “Кытайдын бийлиги терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү чараларынын алкагында адам укуктарынын “одоно бузулушуна” жол берген. Бээжиндин уйгурларга жана башка мусулман элдерге карата аракети адамзатка каршы жасалган кылмыш болушу мүмкүн”, – деп жазылган баяндамада.
Өз кезегинде Кытайдын бийлиги баяндамадагы айыптоолорду “Бээжиндин душмандары ойлоп тапкан жалган маалымат” деп атап, четке каккан.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
12.04.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ПРЕЗИДЕНТТИН КАТЫШУУСУНДА IT-БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.