Аймак

Элдик Курултайды утурлай ЭРКИН МИКРОФОН! ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛАМ

Элдик  Курултайды утурлай  ЭРКИН МИКРОФОН! ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛАМ

 1,023 Бардыгы /

Урматтуу мекендештер! Өлкө Президенти үстүбүздөгү жылы элдин суроо-талабынын деңгээлинен, көйгөйлөрүнөн кабардар болуу максатында бардык областтарда губернаторлор баш болуп, областтык элге кызмат көрсөтүүчү тармактардын жетекчилери эл менен бетме-бет жолугушуусу үчүн өкмөт аркылуу бардык райондорго, датасы көрсөтүлгөн графикти таркатты. Бул жолугушуулар бир ай бою жүрдү. Элдин көйгөйлөрү катмарланып, өксүккө айланып баратканы ошондо даана билинди. Эркин микрофондогу кезек алып сүйлөө талаш-тартыш менен өзүнчө көйгөйгө айланды. Бардыгы губернаторго гана кайрылышып жатышты. Айыл башчысы, айыл өкмөт, райондук тейлөө, тескөө уюмдар, акимият чече турган маселелер менен область жетекчисин суроо-талап менен көмүп койгондой эле болду. Бир адам область боюнча кантип үлгүрөт. Мындай ыкма менен көйгөй чечүү болбой турганы, ал убактылуу гана сооротуучу аракет экени айтпаса да көрүнүп, билинип калды, себеби бул талаптардын көбү жыл сайын кайталануучу, топтолуп туруучу көйгөйлөр.

Мага микрофон тийбеди. Биз башка үмүт жандыруучу жолду таап, тандашыбыз керек. Ар бир региондун өзгөчө өнүгүү жолу, жол картасы болуш керек.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич!

Сиз өз демилгеңиз менен Элдик Курултайды чакырып жатасыз. Бул кадамыңызга чоң ыраазычылык. Сиз элдин мүдөөсүн аткаруу үчүн убада берип, ыкчам чечимдерди жүзөгө ашыра баштадыңыз. Мисалга, маданият, социалдык тармакта эмгектенгендерге, пенсионерлерге маяналарына чымчып кошпой эселеп кошуп, социалдык объектилердин курулушуна каражатты аянбай бөлдүрүп жана аскердик коргонуу тармагын мыкты курал жабдыктары менен камсыздоого да каражат таап, жан үрөп жатканыңыз элдин көз жаздымында калган жок. Бул деген жемкорлукту толук болбосо да бууп элдин, жердин байлыгын коротпой, жашоо деңгээлди көтөрүүгө жумшалып жатканынын айкын белгиси. Сизди чайпалтпай сактап турган себептер мына ушулар. Бул айткандарым кошоматчылык эмес, реалдуу баа берүү, бирок ыкчам өнүгүү үчүн дагы да жетишсиз. Мен эми ушул маселе боюнча  сунушумду, пикиримди билдирейин.

Өлкө башчысына элдин жашоосу, көйгөйү алаканга салгандай көрүнүп турушу абзел. Ишмердигиңиз менен тарыхта кала турган өзгөрүүлөрдү жасайм десеңиз, майда көйгөйлөрдү чечүүгө убактыңызды кетирбеңиз. Ага бийликтин структуралары – Өкмөт, шаардык, райондук, аймактык, тармактык бийликтер баш катырышсын. Кытайлар 1000 жылдык божомолдоо менен иш алып барат экен, биз жок дегенде 100 жылдан кийинкини көрө билсек тарых рахматын айтат. Сиз өлкө башчысы катары, региондорду өнүктүрүү үчүн губернаторлор менен стратегиялык долбоорлордун үстүндө ыкчам аракеттерди баштаңыз, ошондо майда көйгөйлөр жапырт чечиле баштайт. Элдин үмүтүн жандырып, канат байлап бересиз. Ушундай регионалдык өнүктүрүү долбоорлордун экөөнө көңүлүңүздү бургум келет.

Биринчи долбоор

Мен сунуштоочу долбоор мезгилдин кечиктирилгис талабы! Бүгүндөн эске алынбаса, эртең кеч болуп калат дегендей эле алдыңкы 100 жылга бир чоң региондун (Базар-Коргон, Ноокен райондорунун) элинин татыктуу жашоосун, өнүгүүсүн камсыз кылуучу стратегия. Өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери Базар-Коргон районунун суу байлыгы коңшу Ноокен районунун (1978-жылга чейин экөө бир эле Ленин району болгон) айыл чарбасынын 70%ын камсыз кылып келет. Жайдын август айынан баштап кезек менен сууну пайдаланууга өтөбүз. Бул азыр көйгөйлүү маселеге айланган. Келечекте өнүгүүгө кедергисин сөссүз тийгизет. Ошол себептен Ноокен районун Нарындын суусу менен камсыз кылуу, Базар- Коргон районунун суу байлыгын өзүнө калтыруу маселеси көтөрүлүп, биздин элден шайланган депутат Чыңгыз Айтматов жогорку деңгээлде чечип берет деген үмүткө байланганбыз. Ч.Т. Айтматов канал куруу маселени союздун деңгээлинде (Минводхоз СССР) көтөрүп, долбоор түзүлө баштаган эле. Долбоордун максаты  Курп-Сай ГЭСинин плотинасынан 40-50 м.куб/сек. суу алып, ошол сыйымдуулукта канал куруп Ноокен районунун (анда Ленин району деп аталчу) сугат талааларына жеткирүү эле. Бул долбоордун курулушу башталбай жатып Горбачевдун кайра куруусу менен кошо ойрон болгон. Мындан 15 жыл мурун өзүмчө иликтеп көрсөм, бул каналды курууга 180 млн.- 200 млн. АКШ доллары сарпталат экен. Эгемен өлкөбүздө мынчалык каражатты таап бүтүрө турган бийликтин жоктугу үмүттү өчүргөн.

Жылына 20 млн. доллар табылса 10 жылда канал курулуп бүтүп, суу келе баштаса эмгеги эбегейсиз сиңген инсандын аты тарых барактарына алтын тамгалар менен жазыларына шек жок.

Кудай колдоп бул долбоор турмушка ашып кетсе, кереметтүү ийгиликтерге жетишебиз: эки район тең бери дегенде 70 жыл, нары дегенде 100 жылга суу менен камсыз болот; кошумча ондогон кичи ГЭСтер курулат (жаңы каналдын нугу эгин талааларынан 100 м. бийиктиктен өтөт); кошумча миңдеген га жер өздөштүрүлөт; кошумча иш орундары, жаштардын айылдары, соцобьектилер пайда болот.

Экинчи долбоор

Бул долбоор 50%га биринчи долбоордун ийгиликтүү ишке киришине байланышкан:Базар-Коргон районунун суу байлыгы өзүнө калып, өнүгүүгө эбегейсиз өбөлгө түзүлөт.

Сиздин тушуңузда райондун борбору Базар-Коргон шаар макамына ээ болду. Шаар аймагын тең экиге бөлүп көйгөй жаратып келген Тентек-Сай бар – кеңдиги 50 метрден 120-150 метрге жайылып, сел келгенде жээктен жээкке саат сайын нугун өзгөртүп агып, 100 жыл мурун эле Тентек-Сай  аталып калган. Бул Тентекти бир нукка салып тынч аккан ажайып каналга сөссүз өзгөртүү менен жаңы шаарды көрккө бөлөшүбүз керек.Өткөн кылымдын 60- жылдарынан бери бул сайды тизгиндеп туруш үчүн 100 км алыстыктан жыл сайын ташылып келинип турган “Рванный каменьге” кеткен чыгымдын көлөмү жүздөгөн миллиондордон да ашыкча каражаттарды чапчыган десем жаңылбайм. Чыгым дагы деле уланууда.

Бул чыгымдарды кантип пайдага айлантабыз?

Анын да жолу бар. Тентек-Сайдын тоо тарабы Кара-Үңкүр дарыясы деп аталат. Селдин агымы 10 күндөн 20 күнгө эле созулат. Улуу тоолорду аралап агып келип Кара-Үңкүргө куйган чоң, кичине болгон суулардан төртөө бар. Ошол капчыгайлардан убактысынча суунун агып өтүүсүн басаңдатып туруучу тосмолорду (селехранилищелерди –  200 миң куб. тан 2 млн. м. кубга чейин) куруу керек. Эң чоңу Жаз-Кечүүгө – тоо арасына, ыңгайлуу шарты бар жерге курулат, чыгым да аз кетет. Ушул долбоор биринчи кезекте курулуп, анан плотинадан Кызыл-Ай айылына чейин (7км) туурасы 25-30 м. болгон каскадный канал курулуп, төрт жерден мост курулат.

Каналды бойлой шаар, район тургундары сейилдеп турчу жол жана ага жандап туристтик тоо зонасына авто шоссе курулат. Каналдын эки тарабынан бошогон 100дөгөн га жерлерге заманбап, көп кабаттуу үйлөр салынып, жаштардын көйгөйү да чечилет. Базар-Коргон түштүктөгү эң кооз шаарлардын бирине айланат. Бул долбоордун курулушу бүтөөрү менен Акман суу сактагычы макамын өзгөртүп, анын орду региондогу эң мыкты заманбап ат майданына (көк бөрү, байге ж.б.) айланат. Суу менен 7 км ге созулган каскадный канал камсыз кылат.

Акман суу сактагычы  боюнча маалымат:

Ага агып кирген суу 48 млн. метр куб. жерге сиңип кеткени,  28 млн. метр куб. андан буулангандан калганы, 8 млн. метр куб гана август айында эгиндерге агызылчу. Ошол себептен1974-жылы Ош облисполкомдун төрагасы Т.Х.Кошоев Жаңы-Акман айылында адистер менен кеңешме өткөргөндө мен да катышканмын. Ошол жылы компенсация катары жер алдындагы артезиан сууларын чыгарыш үчүн 70 скважина 3 айдын ичинде казылып, 2 чоң кубаттуулуктагы 35/10кВт эл. подстанция курулган.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич!

Бул долбоорлор боюнча курулуш 10 жылга созулушу мүмкүн. Бул эл көксөгөн көйгөйлүү маселе. Келерки 2023-жылды иликтөө-изилдөө иштерине, долбоорду түзүүгө арнап берсеңиз, тарыхый бурулуштун башаты болоору шек жаратпайт.

Мен Базар-Коргондун тургуну, пенсионермин. Сиздин эс тутумуңузда (2019-жылы кайрылуу жаздым эле) сакталып калсам да керек. Сиздин максат-мүдөөңүздүн күчтүүлүгүнө, жаштыгыңызга ставка коюп, эртерээк чечилбесе кийин кеч болуп кала турган, азыркы мезгилдин талабын жүзөгө ашырууга бата берип баштап беришиңизди өтүнөм. Мен да өз элимдин, жаңы муундун келечеги жаркын болушуна салым кошууну туура көрдүм.

Орустун улуу императору Петр I саздын үстүнө Санкт-Петербургду салган экен. Бул долбоорлор амбициясы күчтүү, чечкиндүү жетекчинин иши, элдин жашоосун кескин өнүктүрүүчү долбоор.

Дагы бир өтүнүчүм, шаар макамын алган Базар-Коргонго 1 млрд. сом өкмөттөн убада кылынган экен, эске алып койсоңуз.

Сизге, сиз аркылуу Элдик Курултайга ийгилик каалайм.

Асылбек ТАГАЕВ, Базар-Коргон району

(Байланыш тел. 0772  69 04 84)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17