Аймак

ЖЫЛУУЛУК ҮЧҮН 48 МЛН КАРЫЗ ЭМДИГИЧЕ ТӨЛӨНӨ ЭЛЕК

ЖЫЛУУЛУК ҮЧҮН 48 МЛН КАРЫЗ ЭМДИГИЧЕ ТӨЛӨНӨ ЭЛЕК

 6 Бардыгы /

Ушул күнгө карата керектөөчүлөрдүн жылуулукка карызы дээрлик 48 миллион сомду чапчыды. Бул жөнүндө Ош жылуулук электр борборунун башкы инженери Абдуашим Туркменов коңгуроо какты.

– Жыл сайын Ош шаары мэриясынын коллегиясында бул маселе абдан катуу көтөрүлөт. Тилекке каршы, дагы деле биржаңсыл чечиле элек, – деп аябай тызылдады Ош жылуулук электр борборунун башкы инженери Абдуашим Туркменов.

Жанагыл 48 миллион сомдун жарымы, мындайча айтканда, 24 миллион сому калкыбыздыкы. Алардан аласабызды доолап атып чарчадык. Бириңдетип сотко берсек, суй жыгылгыдайбыз.

… Аттиң. Ош шаарынын мэриясы жыл сайын бул маселени өзүнчө карап, маселени кабыргасынан коюп гана тим болбостон, мыйзамдуу жолун таап, карызды толук өндүргөнгө жарджамдашса, албетте, соопко гана калмак.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17