Аймак

ОБЛУС КАЗЫСЫ ЖАҢЫ КУРУЛУП ЖАТКАН МЕЧИТТИН КУРУЛУШУНАН КАБАР АЛДЫ

ОБЛУС КАЗЫСЫ ЖАҢЫ КУРУЛУП ЖАТКАН МЕЧИТТИН КУРУЛУШУНАН КАБАР АЛДЫ

 14,631 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагындагы резиденциянын жанына 3 кабаттуу, заманбап мечит курулууда.

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын пресс кызматы маалымдагандай,  мечиттин курулушунан Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков кабар алды. Анда облус казысы куруучуларга ислам шарттарына ылайык, негизги талапка жооп берээрлик денгээлде аяктоо жоопкерчилигине токтолду. Ал эми куруучулар келечекте кандай болуп курулуулары тууралуу түшүндүрмө беришти.

Кудайдын үйү аталган мекеменин куруучулар жамаатына облус казысы ыраазычлык билдирип, батасын берди. Аталган иш-чарага облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, казынын орун басары Алибек Батыралиев, Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов жана жерликтүү имамдар менен куруучулар катышты.

Эскертке кетсек, аталган мечит жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан каржыланууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17