Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,153 Бардыгы / 13-декабрда Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Грузиянын, Литванын, Молдованын бир катар журналисттери, баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” жана “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму кыргыз бийлигине кайрылды. Анда Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөп, демократиялык баалуулуктардан артка чегүүнү болуп жатканын билдирип, өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жабууга, мыйзамсыз кармоолор жана токулган иштер менен сайттарды бөгөттөө […]
1,154 Бардыгы / 13-декабрда Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Грузиянын, Литванын, Молдованын бир катар журналисттери, баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” жана “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму кыргыз бийлигине кайрылды. Анда Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөп, демократиялык баалуулуктардан артка чегүүнү болуп жатканын билдирип, өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жабууга, мыйзамсыз кармоолор жана токулган иштер менен сайттарды бөгөттөө […]
ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖУРНАЛИСТТЕР ЖАНА УЮМДАР КЫРГЫЗ БИЙЛИГИНЕ КАЙРЫЛДЫ
14.12.2022 / Автор anarkan_kg

1,155 Бардыгы /
13-декабрда Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Грузиянын, Литванын, Молдованын бир катар журналисттери, баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” жана “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму кыргыз бийлигине кайрылды.
Анда Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөп, демократиялык баалуулуктардан артка чегүүнү болуп жатканын билдирип, өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жабууга, мыйзамсыз кармоолор жана токулган иштер менен сайттарды бөгөттөө үчүн мыйзамдар кабыл алынып жатканын сынга алышты.
Кайрылууда сөз эркиндигин, маалыматка жетүүнү жана пикирлердин плюрализмин коргогон бир катар журналисттер, блогерлер, жарандык активисттер саясий куугунтукка кабылганы айтылат. Аларга кылмыш иштери козголуп, соттор камакка алууга чейинки мыйзамсыз чечимдерди чыгарганы белгиленген.
“Өлкөнүн жогорку жетекчилеринин коррупциялык иштери боюнча бир катар чоң иликтөөлөрдү жасаган журналист Болот Темиров Кыргызстандын жараны экенине карабастан өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылды. Чет элдик маалымат каражатынын материалын жарыялап койгону үчүн Next TV телекомпаниясынын башкы директору Таалай Дүйшембиев беш жылга шарттуу кесилди. “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” антиконституциялык мыйзам кабыл алынып, анын арты менен “Азаттыктын” жана ResPublica порталынын сайты жабылды”, – деп айтылат кайрылууда.
Журналисттер менен эл аралык уюмдар Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүп алынып, Кыргызстанда коомдук талкууга чыгарылган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”, “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” жана “Чет элдик өкүлдөр жөнүндө” мыйзам долбоорлору сөз эркиндигине, тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине кедергисин тийгизе турганын эскертти. Кайрылууга Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү 26 журналист, уюмдар кол койду.
13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү баштаган 100дөн ашуун адам президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошту. Алар “Азаттык” радиосунун толук иштөөсүнө шарт түзүүгө үндөштү.
26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы “Азаттыктын” телерадио берүүлөрүн обого чыгарбай калган.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин административдик даттануусун 30-ноябрда карап, аны канааттандыруусуз калтырган.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.
Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин буга чейин да “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга жана сөз эркиндигин сактоого чакырып келет.
Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Болот Темиров мыйзам чегинде жазаланып, “Азаттыктын” сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирип келет. Президент Садыр Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин бир нече жолу кайталаган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
04.10.2024 / Автор anarkan_kg ШААР МЭРИ КУРУЛУШ ОБЪЕКТИЛЕРИНЕН КАБАР АЛДЫ
-
-
17.10.2024 / Автор anarkan_kg ПРОКУРАТУРА АЛАЙДА МӨҢГҮЛӨРДҮН ТАЛКАЛАНЫШЫ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИН КОЗГОДУ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.