Аймак

ЖУРНАЛИСТ ЫДЫРЫС ИСАКОВ МИЛИЦИЯГА СУРАК БЕРДИ

ЖУРНАЛИСТ ЫДЫРЫС ИСАКОВ МИЛИЦИЯГА СУРАК БЕРДИ

 1,131 Бардыгы /

          ОШ. Эркин журналист жана блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул туурасында ал өзү социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жазды.

          Баса, бир күн мурда Ыдырыс Исаков милицияга аны оозеки чакырышкадыгын, колуна чакыруу али тие электигин билдирген. Анын айтымында, алгач ага Ички иштер министрлигинен байланышып, кийин шаардык милициянын тергөөчүсү телефон чалган. Алар журналисттин интернетте тарап жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Бирок, журналист өзү кеп болуп жаткан видео азыркы президент тууралуу болушу мүмкүн деп болжоп жаткандыгын айткан. Анда Ыдырыс Исаков Садыр Жапаров камакта жаткан маалдагы видеолорунун биринде сыпаттама берип сөз сүйлөгөн. Ал видеону белгисиз адамдар кыркып, каалагандай жаңылап, кайрадан Тик-Ток жана башка социалдык түйүндөргө таратып жиберишиптир.

          Айтмакчы, Ыдырыс Исаков «Азаттык» үналгысында бир нече жыл эмгектенип, курч материалдары жана иликтөөлөрү менен таанылган. Ушул тапта өзүнүн аты менен YouTube порталында канал ачып, түрдүү өңүттөгү  материалдарды чыгарып келет. Анын каналында 417 миң катталуучу бар.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17