Өлкө аймактары менен кубаттуу
МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ
ОШТОГУ «ИСЛАМБЕК» КАФЕСИ МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
928 Бардыгы / Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан өлгөндөрдүн саны 37 миңден ашты. Расмий маалыматтарга ылайык, Түркияда жер титирөөдөн каза болгондор 30 миң кишиден ашса, коңшу Сирияда болжол менен 6 миң киши көз жумганы белгилүү. Куткаруучулар урандылардын алдынан аман калган адамдарды алып чыгууну улантууда. Бирок күн өткөн сайын мындай кабарлардын саны азаюуда. Дүйшөмбү күнү […]
929 Бардыгы / Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан өлгөндөрдүн саны 37 миңден ашты. Расмий маалыматтарга ылайык, Түркияда жер титирөөдөн каза болгондор 30 миң кишиден ашса, коңшу Сирияда болжол менен 6 миң киши көз жумганы белгилүү. Куткаруучулар урандылардын алдынан аман калган адамдарды алып чыгууну улантууда. Бирок күн өткөн сайын мындай кабарлардын саны азаюуда. Дүйшөмбү күнү […]
ТҮРКИЯ МЕНЕН СИРИЯДА ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН КАЗА БОЛГОНДОРДУН САНЫ 37 МИҢДЕН АШТЫ
14.02.2023 / Автор anarkan_kg930 Бардыгы /
Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан өлгөндөрдүн саны 37 миңден ашты. Расмий маалыматтарга ылайык, Түркияда жер титирөөдөн каза болгондор 30 миң кишиден ашса, коңшу Сирияда болжол менен 6 миң киши көз жумганы белгилүү.
Куткаруучулар урандылардын алдынан аман калган адамдарды алып чыгууну улантууда. Бирок күн өткөн сайын мындай кабарлардын саны азаюуда. Дүйшөмбү күнү бир үй-бүлөдөгү үч аял, ошондой эле төрт жаштагы бир бала куткарылганы кабарланды. Алар урандылардын алдында 170 саттан ашык убакыт болушкан.
Абалды аба ырайынын сууктугу жана имараттардын конструкциясынын туура эмес түзүлгөндүгү оорлотууда – үйлөр ураганда майда бөлүктөргө бөлүнүп, анын алдында калган адамдардын тирүү калуу ыктымалдыгын төмөндөткөн. Түркияда мындай имараттардын курулушуна ыктымал жооптуу катары бери дегенде эле 131 кишиге карата тергөө иштери башталганы кабарланды.
Reuters агенттигинин эсебине ылайык, бул зилзала каза болгондордун саны боюнча XXI кылымдагы табият кырсыктарынын ичинен алтынчы орунга чыкты. Он миңдеген киши жараат алып, миллиондон ашыгы үй-жайсыз калды. 11-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) бул жер титирөөдөн жалпысынан 26 миллиондой киши жабыр тартканын билдирген.
Зилзалада өлгөн жана жабыркаган жан-жаныбарлар тууралуу маалыматтар жок. Жаныбарларды коргоо уюмдары жер силкинүүдөн жабыркаган аймактардагы баш калкалоочу жайларга жана үйсүз калган жандыктарга жардам берүү үчүн өз топторун жөнөтүштү. Тирүү калган жаныбарлардын көбү шок абалында же жарадар болуп, сууга жана тамак-ашка жетпей көчөдө калганы айтылууда.
Сириянын Алеппо шаарына барган БУУнун гуманитардык маселелер боюнча катчысы Мартин Гриффитс куткаруу иштери “аяктап калганын” айтып, эми тургундарды тез арада турак жай, тамак-аш жана психологиялык жардам менен камсыз кылуу керектигин белгиледи.
Президент Башар Асаддын каршылаштары көзөмөлдөп турган Сириянын түндүгүндөгү акыркы анклавга алгачкы гуманитардык жардам зилзаладан төрт күн өткөндөн кийин гана жетти. Бүгүнкү күнгө карата БУУнун гуманитардык жүктөрү үчүн Түркия менен Сириянын чек арасындагы бир гана өткөрүү бекети ачык. БУУ жабыркагандарга жардам жеткирүү үчүн дагы эки бекетти ачууга үмүттөнүп жатканын билдирди.
Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги жабыркаган аймактарга кутурма жана селейме (столбняк) ооруларына каршы вакциналар жөнөтүлүп, көчмө дарыканалар иштей баштаганын кабарлады.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
17.05.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫЛАНГАН “КУРМАНБЕК” СТАДИОНУ АЧЫЛДЫ
-
17.05.2024 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ
-
17.05.2024 / Автор anarkan_kg ЧЕК АРАНЫ МЫЙЗАМСЫЗ БУЗУП ӨТКӨН КОӉШУ ӨЛКӨНҮН ЖАРАНЫ КАРМАЛДЫ
-
-
25.09.2023 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯ ЭКСТРЕМИСТТИК ЖАНА ТЕРРОРИСТТИК УЮМДУН МҮЧӨСҮН КАРМАДЫ
-
29.09.2023 / Автор anarkan_kg ТҮШТҮКТӨ ТОЮТ УЛАМ КЫМБАТТАП БАРАТАТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.