Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,381 Бардыгы / ИИМ: Москвада Кыргызстандын жарандары бычакталып, бири каза болгон.Шектүү катары төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өз ыйгарымынын чегинде Россиянын укук коргоо органдары менен туруктуу негизде өз ара кызматташып келет. Жогорудагылардын негизинде Москва облусунун аймагында жасалган оор кылмышка тиешеси бар адамдардыаныктоо максатында биргелешкен […]
1,382 Бардыгы / ИИМ: Москвада Кыргызстандын жарандары бычакталып, бири каза болгон.Шектүү катары төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өз ыйгарымынын чегинде Россиянын укук коргоо органдары менен туруктуу негизде өз ара кызматташып келет. Жогорудагылардын негизинде Москва облусунун аймагында жасалган оор кылмышка тиешеси бар адамдардыаныктоо максатында биргелешкен […]
МОСКВАДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫ БЫЧАКТАЛЫП, ШЕКТҮҮ КАТАРЫ ТӨРТ КЫРГЫЗСТАНДЫК КАРМАЛДЫ
24.03.2023 / Автор anarkan_kg

1,383 Бардыгы /
ИИМ: Москвада Кыргызстандын жарандары бычакталып, бири каза болгон.
Шектүү катары төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өз ыйгарымынын чегинде Россиянын укук коргоо органдары менен туруктуу негизде өз ара кызматташып келет. Жогорудагылардын негизинде Москва облусунун аймагында жасалган оор кылмышка тиешеси бар адамдарды
аныктоо максатында биргелешкен иш-чаралар өткөрүлдү.
2023-жылдын 22-мартында таңкы саат 04:10 кийин Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва облусунун Красногорск району боюнча башкармалыгынын Павшино кичирайонунун полиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жерде жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге полициянын кезмети жөнөтүлүп, Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан. Алардын бири Чүй облусунун Сокулук
районунун тургуну 2005-жылы туулган К.уулу А. келген тез жардам
бригадасынын дарыгерлери анын окуя болгон жерден эле каза болгондугун аныкташкан. Ал эми экинчи жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 2004-жылы туулган Х.Р. аймактык ооруканага жаткырылган. Окуя болгон жерден көзөмөл камерасынын жазуусу каралып, айрым буюмдар табылып алынган. Бул факты боюнча Россия Федерациясынын тергөө комитетинин Москва облусу боюнча Красногорск шаары боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Киши өлтүрүү) менен 30-105-беренесинин (эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында Россиянын ИИМдин Москва облусу боюнча кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 1-ыкчам иликтөө бөлүгүнүн Павшино кичирайонунун полиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен бирдикте комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып, полицияга жеткирилген. Кармалган төрт адам тең 2003 -2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жарандары болушат. Ошондой эле алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылып алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча кылмыш чырдын негизинде жасалган. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү тарабынан укук бузууларды алдын алуу боюнча иш-чаралар ар дайым жүргүзүлүп келет. Мекендештерге келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоо зарылдыгы жөнүндө ар дайым эскертип келишүүдө. Чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерибиз ар дайым өздөрүнүн кадыр-баркына кам көрүшү керек.
Биздин жарандардын катышуусундагы мындай кылмыштуу окуялар алдын алуу жаатындагы аракеттерди, анын ичинде мигранттардын коомчулугунун аракетин жокко чыгарууда.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg КӨК-АРТ РАЙОН ЭЛЕКТР ТАРМАКТАРЫ 85 ПАЙЫЗ КҮЗ- КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯР
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.