Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,441 Бардыгы / Өзбекстандын жарандары быйыл 30-апрелде добуш бере турган жаңы Конституция президент Шавкат Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте калууга мүмкүндүк берет. Ошол эле маалда мамлекеттик ЖМКлар менен коомдук ишмерлер бул жөнүндө сөз кылбастан, Конституцияга сунушталып жаткан башка өзгөртүүлөрдү артыкчылык катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Бийлик алгач Каракалпакстандагы кандуу окуяларга байланыштуу, кийин кышындагы электр энергиясынын тартыштыгынан улам […]
1,442 Бардыгы / Өзбекстандын жарандары быйыл 30-апрелде добуш бере турган жаңы Конституция президент Шавкат Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте калууга мүмкүндүк берет. Ошол эле маалда мамлекеттик ЖМКлар менен коомдук ишмерлер бул жөнүндө сөз кылбастан, Конституцияга сунушталып жаткан башка өзгөртүүлөрдү артыкчылык катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Бийлик алгач Каракалпакстандагы кандуу окуяларга байланыштуу, кийин кышындагы электр энергиясынын тартыштыгынан улам […]
ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ МИРЗИЁЕВГЕ 2040-ЖЫЛГА ЧЕЙИН БИЙЛИКТЕ КАЛУУГА МҮМКҮНДҮК БЕРЕТ
03.04.2023 / Автор anarkan_kg

1,443 Бардыгы /
Өзбекстандын жарандары быйыл 30-апрелде добуш бере турган жаңы Конституция президент Шавкат Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте калууга мүмкүндүк берет.
Ошол эле маалда мамлекеттик ЖМКлар менен коомдук ишмерлер бул жөнүндө сөз кылбастан, Конституцияга сунушталып жаткан башка өзгөртүүлөрдү артыкчылык катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат.
Бийлик алгач Каракалпакстандагы кандуу окуяларга байланыштуу, кийин кышындагы электр энергиясынын тартыштыгынан улам кийинкиге калтырылган конституциялык референдумга жаңы “түс” берүүгө аракет кылып, атайын үгүт өнөктүгүн баштады. Анын алкагында коомдук ишмерлер өзгөртүүлөрдү колдогон сөздөрдү тынымсыз айтып, алар мамлекеттик телеканадарда айтылып, университеттерде, стадиондордо жана автозаводдордо жаңырууда.
Талдоочулардын пикиринде, жаңы кабыл алына турган Конституциянын авторитардык логикасы өткөн жылдын биринчи жарымында талкууланып жаткан вариантынан өзгөргөн жок.
“Конституция Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөттөрүн жокко чыгарып, анын дагы эки мөөнөткө шайлануусу үчүн өзгөртүлүп жатат. Жаңы мыйзамдын 65 пайызын түзөрү айтылып жаткан калган толуктоолор азыркы режимдин мүнөзүн өзгөртпөйт”, – деди Улуу Британияда жашаган өзбекстандык саясат таануучу Алишер Ильхамов.
Ал ортодо социалдык түйүндөрдө Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикир жазгандар “чагымчыл” деп аталууда.
Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин былтыр жайда президент Шавкат Мирзиёев көтөргөн. Документте Каракалпакстан автоном Республикасынын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди алып салуу сунуш кылынгандыктан, июль айында аймактын борбору Нукус шаарында нааразылык акциялар тутанып, кан төгүлгөн. Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын билдирген.
Расмий маалыматтарга ылайык, бул окуяларда 21 киши, анын ичинде төрт күч түзүм кызматкери каза болгон. Укук коргоочулар бул сандардан күмөн санап, өлгөндөр кыйла көп болушу мүмкүн экенин айтып келишет.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
21.05.2026 / Автор anarkan_kg МАРКУМ ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВГО “ЭЛ БААТЫРЫ” ЭҢ ЖОГОРКУ ДАРАЖАСЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
-
-
05.03.2026 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДӨ ТУРАК ҮЙДҮ ӨРТ ЧАЛЫП, ТӨРТ БАЛАНЫН ӨМҮРҮ КЫЙЫЛДЫ
-
16.03.2026 / Автор anarkan_kg «МАКМАЛ ГОЛД КОМПАНИ» 120 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ
-
31.03.2026 / Автор anarkan_kg БАЗАР-КОРГОН РАЙОНДУК АКИМЧИЛИГИНДЕ КАДРДЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР БОЛДУ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.