Аймак

МИЛИЦИЯ «ЖАРАМАЗАН» АЙТКАНДАР БОЮНЧА ИШ ЖҮРГҮЗДҮ

МИЛИЦИЯ «ЖАРАМАЗАН» АЙТКАНДАР БОЮНЧА ИШ ЖҮРГҮЗДҮ

 1,377 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Кароосуз, көзөмөлсүз калгандар” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, анда өспүрүмдөрдүн арасында турмуштук оор кырдаалга кабылгандар, түнү ата-энесинин көзөмөлү жок топтошуп кафе, чайканаларда ыйык Рамазан айындагы ооз ачар мезгилинде тамактанып жаткан жарандарга ыңгайсыздык жаратып жарамазан айтып жүргөндөр текшерилди. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин сабактарына себепсиз келбей жүргөн окуучулар көзөмөлгө алынды.

Алдын алуу иш-чарасы учурунда коомдук жайларда жарамазан айткан 40тан ашуун жаш өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелерине балдарын көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле себепсиз мектепке барбай жүргөн бир окуучу аныкталып, ал менен жеке маек жүргүзүлүп, мындан ары сабакты калтырбоо керектиги катуу эскертилди. Ал эми шаар менен чектеш болгон райондон келген окуучулардын тирешүүсүнүн алдын алуу боюнча Жалал-Абад шаарынын №16 мектебинде лекциялар өтүлүп, мектепте лидер болгон балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17