Аймак

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ БАТКЕНДЕ ТАЛКАЛАНГАН ҮЙЛӨРДҮ БҮТҮРҮҮ МӨӨНӨТҮН ДАГЫ БИР АЙГА УЗАРТТЫ

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ БАТКЕНДЕ ТАЛКАЛАНГАН ҮЙЛӨРДҮ БҮТҮРҮҮ МӨӨНӨТҮН ДАГЫ БИР АЙГА УЗАРТТЫ

 1,248 Бардыгы /

     БАТКЕН. Баткендеги үйлөр толугу менен ушул жылдын 1-майына дейре толук бүткөрүлөт. Бул туурасында Баткедеги үйлөрдү куруу мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Азирет Акимов билдирди.

Азирет Акимовдун айтымында, курулуш компаниясы үйлөрдү 31-декабрга чейин бүтүрүп бермек.

– Андан кийин 1-март деп суранышып, кийин 1-апрелге жылдырышты. Бүгүн айдын аягына чейин мөөнөт берилди. 1-майга каратат сөзсүз бүткөрүлөт, — деп убадалады Баткендеги үйлөрдү куруу мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Азирет Акимов.

Маалыматка караганда, Баткен жергесинде Кыргыз-Тажик чек ара чатагында талкаланып жана өрттөлгөн 417и үйдүн 80и дагыле бүтө элек.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17