Аймак

ӨЗБЕКСТАН ПРЕЗИДЕНТИ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНАН ID-КАРТА МЕНЕН ӨТҮҮ НОРМАСЫН БЕКИТТИ

ӨЗБЕКСТАН ПРЕЗИДЕНТИ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНАН ID-КАРТА МЕНЕН ӨТҮҮ НОРМАСЫН БЕКИТТИ

 1,419 Бардыгы /

          ТАШКЕНТ. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстан менен чек арадан өтүү боюнча эл аралык келишимге бир катар өзгөртүүлөрдү бекитти. Буга ылайык, эми жалпы жарандык паспорттун ордуна ID-картаны деле колдонууга уруксат берилди.

          Өзбекстандын маалымат каражаттары жазгандарына караганда, жаңы ченем Өзбекстан президентинин Кыргызстанга быйыл январь айындагы мамлекеттик сапарынын алкагында гана макулдашылган. Ага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев кечээ гана кол койду. Документтеги эң маанилүү эки пункт: буга чейин чек арадан жалпы жарандык паспорт менен гана өтүүгө мүмкүн болсо, эми ID-карта жетиштүү; буга чейин 16 жашка чейинки балдар туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркелген атайын кошумча кагаз алышы керек эле. Эми бул норма алып салынды, демек, балдарга жалпы жарандык паспорт гана колдонулат.

          Баса, аталган чаралар протокол коңшу эки өлкө тарабынан биротоло жактырылгандан кийин гана мыйзамдуу күчүнө кирет. Кыргыз тарап тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Аны бир нече күндөн кийин Жогорку Кеңеш сөзсүз карап чыгуусу кажет!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17