Аймак

80 МИЛЛИИОН СОМДУК ТАМЕКИНИ ЧЕК АРАДАН МЫЙЗАМСЫЗ АЛЫП ӨТҮП ЖАТКАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

80 МИЛЛИИОН СОМДУК ТАМЕКИНИ ЧЕК АРАДАН МЫЙЗАМСЫЗ АЛЫП ӨТҮП ЖАТКАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

 1,434 Бардыгы /

 ОШ. УКМКнын кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу «Достук унаа жол» көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу өзгөчө ири өлчөмдөгү товарларды аткезчилик жол менен алып өтүп жатышкандар кармалгандыгын шарданы кылды.

Айтмакчы. УКМК Түштүк-Батыш бажысынын контрабандага каршы күрөшүү жана бажы жол-жоболорун бузуу башкармалыгы менен биргеликте Өзбекстандан Кыргызстанга кирген «Достук»көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу Тундук-Чыгыш бажысынын «Кыргызмебель» БТЖга багыт алган эки жүк ташуучу унаа токтотулган. Ошентип, кармалган товарлар бажы шартында Зыгыр буласынан жип деп жасалма түрдө декларацияланган. Бирок, иш ж\з\ндъ жүк салынуучу жайларын текшерүү маалында 3059 коробка чет элдик «Platinum» маркасындагы «тамеки» табылып олтурат. Жалпы жонунан 1 миллион 529 миң 500 куту тамеки табылып, кармалган товардын баасы 80 миллион сомдон ашты.

Ушул тапта тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо, жүктүн чыныгы ээлерин жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17