Аймак

МИЛИЦИЯНЫН ПОЛКОВНИГИ НУРБЕК ЖОЛОЕВ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТЫЛДЫ

МИЛИЦИЯНЫН ПОЛКОВНИГИ НУРБЕК ЖОЛОЕВ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТЫЛДЫ

 1,182 Бардыгы /

Жалал-Абад. Кечээ 29-майда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам өкүлү, милициянын полковниги Нурбек Жолоев ардактуу эс алууга узатылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей,Нурбек Жолоев

ички иштер органдарында жалпы 32 жылга жакын кызмат өтөгөн.

ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов  Нурбек Жолоевдин ички иштер органдарында эбегейсиз зор тажрыйбасы бар экендигин белгиледи. Ошондой эле топтогон тажрыйбасын жаш кызматкерлер менен бөлүшүүгө чакырып, уул-кыздарынын сый-урматын көрүп, дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүүсүнө тилектештигин билдирди. Андан соӊ Ардагерлер кеӊешинин төрагасы Капарбек Исаков ички иштер органдарынын ардагеринин төш белгисин тапшырды.

Нурбек Жолоевди ардактуу эс алууга узатуу аземине катышкан жакындары милициянын жумушу татаал жана жоопкерчиликтүү экендигин белгилешип, Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17