Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭКИ КӨЧӨГӨ ЖАЛПЫ УЗУНДУГУ 3 ЧАКЫРЫМ ТРОТУАР КУРУЛДУ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭКИ КӨЧӨГӨ ЖАЛПЫ УЗУНДУГУ 3 ЧАКЫРЫМ ТРОТУАР КУРУЛДУ

 972 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы З.Жамашев жана Т.Балтагулов көчөлөрүнө тротуар курулду.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборубилдиргендей, шаардагы З.Жамашев жана Т.Балтагулов көчөлөрүнө мэриянын Жол башкармалыгы тарабынан кеңдиги эки метр, жалпы узундугу 3 чакырымды түзгөн тротуар курулду.

Алдыда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Төрөгелди Балтагулов көчөсүнүн кеңейтилген бөлүгүнө асфальт төшөө, темир-бетон арык куруу иши жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуар куруу пландалган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17