Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,195 Бардыгы / “Яндекстин” негиздөөчүсү Аркадий Волож Орусиянын Украинага кол салуусун айыптап, аны “варвардык аракет” деп атады. Ишкер Орусиянын агрессиясы үчүн өзүнүн “жоопкерчилигин да сезип жатканын” билдирди. 59 жаштагы Волож Европа Биримдигинин (ЕБ) санкциялык тизмесине 2022-жылы июнда киргизилген. ЕБдин расмий журналында ал Орусиянын өкмөтүн материалдык жана каржылык жактан колдогон ишкер катары сыпатталган. “Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузган […]
1,196 Бардыгы / “Яндекстин” негиздөөчүсү Аркадий Волож Орусиянын Украинага кол салуусун айыптап, аны “варвардык аракет” деп атады. Ишкер Орусиянын агрессиясы үчүн өзүнүн “жоопкерчилигин да сезип жатканын” билдирди. 59 жаштагы Волож Европа Биримдигинин (ЕБ) санкциялык тизмесине 2022-жылы июнда киргизилген. ЕБдин расмий журналында ал Орусиянын өкмөтүн материалдык жана каржылык жактан колдогон ишкер катары сыпатталган. “Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузган […]
“ЯНДЕКСТИН” НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ ОРУСИЯНЫН УКРАИНАГА КАРШЫ АГРЕССИЯСЫН АЙЫПТАДЫ
11.08.2023 / Автор anarkan_kg

1,197 Бардыгы /
“Яндекстин” негиздөөчүсү Аркадий Волож Орусиянын Украинага кол салуусун айыптап, аны “варвардык аракет” деп атады.
Ишкер Орусиянын агрессиясы үчүн өзүнүн “жоопкерчилигин да сезип жатканын” билдирди.
59 жаштагы Волож Европа Биримдигинин (ЕБ) санкциялык тизмесине 2022-жылы июнда киргизилген. ЕБдин расмий журналында ал Орусиянын өкмөтүн материалдык жана каржылык жактан колдогон ишкер катары сыпатталган. “Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузган саясат үчүн анын да жоопкерчилиги бар. “Яндекс” Кремлди жана Орусиянын агрессиясын сындаган адамдардын үнүн басуу, ошондой эле издөө системасында мамлекеттик ЖМКлардын жаңылыктарын жайылтуу үчүн жооптуу компания”, – деп жазылган журналдагы билдирүүдө.
Волож Украинадагы согуш боюнча позициясы тууралуу “Медуза” басылмасына жөнөткөн катында “Яндекстин” түптөөчүлөрү ачык, прогрессивдүү жана глобалдык экономикага интеграцияланган жаңы Орусияны куруп жатканына ишенгенин жазган.
“Убакыттын өтүшү менен Орусия глобалдык дүйнөнүн бир бөлүгү болууга шашылбаганы түшүнүктүү болду. Ошол эле маалда компанияга басым күчөдү. 2022-жылы февралда дүйнө өзгөрдү, мен “Яндекстеги” ишим аяктаганын түшүндүм. Бул окуядан кийин өлкөдөн чыгып кетип жаткан орусиялык инженерлерди колдоого басым жасоону чечтим”, – деген миллиардер.
Волож азыр Израилде жашайт. Айрым маалыматтарга караганда, ал негизги компаниядан бөлүнүп чыккан же андан лицензия алган “Яндекстин” эл аралык сервистери менен бизнес курууну пландап жатат.
Май айында “Медуза” жана The Bell басылмалары президент Владимир Путин “Яндекстин” бөлүнүшү боюнча келишимге макул болгонун жазган. Анда компания миллиардерлер Владимир Потанин, Алексей Мордашов, Вагит Алекперов жана ВТБ мамлекеттик банкынын ортосунда бөлүштүрүлөрү айтылган. Кийинчерээк келишимге кол коюу үзгүлтүккө учуроо алдында экени кабарланган.
Волож Орусиянын агрессиясын ачык айыптаган алгачкы орусиялык миллиардер эмес. Буга чейин мындай пикирин Улуу Британияда жашаган Михаил Ходорковский, Олег Тиньков жана Андрей Бородин айткан.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
14.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАПОНИЯДА КЫРГЫЗ БАЛЫН УУРДООГО ШЕКТЕЛГЕН АБЫШКАГА БЕЛЕК ТАРТУУЛАШТЫ
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg «СУЛАЙМАН-ТОО» КИНОФЕСТИВАЛЫНА 200дөн АШУУН ЭМГЕК КАТЫШТЫРЫЛУУДА
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.