Аймак

МИЛИЦИЯ ЭКСТРЕМИСТТИК ЖАНА ТЕРРОРИСТТИК УЮМДУН МҮЧӨСҮН КАРМАДЫ

МИЛИЦИЯ ЭКСТРЕМИСТТИК ЖАНА ТЕРРОРИСТТИК УЮМДУН МҮЧӨСҮН КАРМАДЫ

 966 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан экстремисттик жана террористтик уюмдун мүчөсүн кармалды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаарынын аймагында социалдык тармактардын биринде Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик материалдарды таркатып жүргөн жаран боюнча ыкчам маалыматтар алынган. Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин кылмыштырдын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургуну 1988-ж.т. Г.А. кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынган. Жүргүзүлгөн соттук дин таануу экспертизасынын корутундусуна ылайык, алынган далил заттар Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «ИШИМ-Ирак», «Шам Ислам Мамлекети» (ИГИЛ) экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү материалдар экендиги аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17