Аймак

БАТКЕН ОБЛУСТУК МИЛИЦИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫН ӨЛТҮРГӨН ЖЭЭНИ 15 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ

БАТКЕН ОБЛУСТУК МИЛИЦИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫН ӨЛТҮРГӨН ЖЭЭНИ 15 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ

 1,125 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиевдин өлүмүнө айыпталган жаранга карата Баткен райондук соту өкүмүн угузду. Айыпкер жазасын катаал режимдеги колонияда гана өткөрөт.

          Жогорку сотттон маалыдашкандай, кылмышка маркумдун жээни, мурда бир нече ирет соттолгон 35 жаштагы С.Н. күнөөлүү деп табылып, айыпталуучу 15 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары кылмышкер жабырлануучу тарапка 100 миң сом компенсация дагы төлөп берүүгө милдеттендирилди.

          Белгилей кетээрибиз: Баткен ОИИБсынын начальнигинин орун басары Аскарали Мухамадиев 2022-жылы март айында киши колдуу болуп каза тапкан. Укук коргоо органдарынын маалыматына таянсак, соттолуучу полковникти катарынан бычактап таштаган.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17